Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-статья. Ушул Кодексте камтылган негизги түшүнүктөрдүн аныктамасы
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 1-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2017 года № 162
Негизги түшүнүктөр: сот - ушул Кодексте каралган учурларда, жазык ишин бардык сот инстанцияларында караган, ошондой эле тергөө аракеттеринин жана прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын чечимдеринин мыйзамдуулугуна соттук контролдукту жүзөгө ашыруучу сот акыйкаттыгы органы; биринчи инстанциядагы сот - сот заседаниесинде иштин жагдайларын түздөн-түз белгилөөгө жана ал боюнча соттук чечимди (өкүмдү, токтомду) чыгарууга ыйгарым укуктуу сот; апеллециялык инстанциядагы сот - мыйзамдуу күчүнө кире элек соттук чечимдерге даттануулар жана сунуштар боюнча ишти кароочу, үч судьянын курамында аракеттенген областтык Бишкек шаардык соттору; кассациялык инстанциядагы сот - үч судьянын курамында иштеген, мурда апелляциялык тартипте даттанылбаган, соттук чечимдин мыйзамдуу күчүнө киришине даттануулар жана сунуштар боюнча иштерди караган областтык соттор, Бишкек шаардык соту; көзөмөлдөө инстанциясындагы сот - мыйзамдуу күчүнө кирген соттук өкүмдөргө, аныктамаларга жана токтомдорго карата берилген даттануулар, сунуштар боюнча ишти караган Кыргыз Республикасынын Жогорку соту; судья - ар кандай соттун судьясы, соттун төрагасы, орун басары; төрагалык кылуучу - сотто ишти коллегиялдуу же жеке кароодо төрагалык кылган судья; тараптар - сотто укуктардын бирдейлигинин негизинде айыптоонун жана актоонун милдеттерин аткарган органдар жана жактар; процесстин катышуучулары - тергөөчү, прокурор (мамлекеттик айыптоочу), ошондой эле жабырлануучу (жеке айыптоочу), жактоочу, шектүү, айыпкер, жарандык доогер, жарандык жоопкер жана алардын өкүлдөрү, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери, ошондой эле процесске катышууга тартылган башка адамдар; прокурор - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, анын орун басарлары, Бишкек жана Ош шаарларынын, областтардын прокурорлору, райондук жана шаардык прокурорлор, аскер прокурорлору жана райондук прокурорлорго теңдештирилген прокурорлор, алардын орун басарлары, прокуратура органдарынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жетекчилери, алардын орун басарлары, улук прокурорлор, прокуратура органдарынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн прокурорлору, тийиштүү ыйгарым укук берилген улук прокурорлор жана прокурорлордун жардамчылары; тергөөчү - жазык иши боюнча тергөөнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу прокуратура, ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынын, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органынын, жазык-аткаруу тутумунун кызмат адамы; тергөө - иштин жагдайларынын үргүлжүсүн аныктоо, белгилөө жана бекемдөө жана кылмыш жасаган адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча ушул Кодексте белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде ыйгарым укук берилген органдардын сотко чейинки ишинин процесстик таризи; актоо - кылмыш жасоодо шектүү болгон адамдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу, айыптоону четке кагуу же жеңилдетүү, ошондой эле укукка жат түрдө жазык куугунтугуна дуушар болгон адамдарды реабилитациялоо максатында жактоочу тарап жүзөгө ашырган процесстик иш; күбө-калыс - иштин жыйынтыгына кызыкчылыгы жок, тергөө аракетин жүргүзүү фактысын, анын жүрүшүн жана натыйжаларын ырастоо үчүн ишке тартылган эрезеге жеткен адам; арыз берүүчү - жазыктык сот ишин жүргүзүүнүн тартибинде өзүнүн (башка бирөөнүн) чыныгы же болжолдуу укуктарын коргоо үчүн тергөө органдарына кайрылган адам; өкүлдөр - мыйзамдын же макулдашуунун күчүнө ылайык жабырлануучунун, жарандык доогердин, жарандык жоопкердин мыйзамдуу таламдарын билдирүүгө ыйгарым укуктуу адамдар; мыйзамдуу өкүлдөр - шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун же жабырлануучунун, жарандык доогердин ата-энеси, асырап алгандар, көздөөчүлөрү, кам көрүүчүлөрү, ошондой эле шектүү, айыпкер же жабырлануучу көздөөсүндө же багуусунда турган уюмдардын жана жактардын өкүлдөрү, соттолуучунун коомдук жактоочусу; Юридикалык жактардын, саясий партиялардын, кесиптик кошундардын, укук коргоо жана башка коомдук бирикмелердин өкүлдөрү соттолуучунун коомдук жактоочусу болушуна жол берилет. туугандар - ата-бабасы жалпы болгон, туугандык байланышта турган адамдар, ошондой эле анын жубайы жана анын жубайынын ата-энеси; жакын туугандар - ата-энеси, күйөөсү (аялы), балдары, асырап алуучулар, асыранды балдар, бир атадан жана бир энеден тараган жана атасы же энеси бөлөк болгон ага-ини жана эже-сиңди, чоң ата, чоң эне, таята, таене, неберелер; жазык иши - жасалган бир же бир нече (негизинен жасалган) кылмыштар жаатында тергөө органы же сот тарабынан жүргүзүлүүчү өзүнчө бөлүнгөн жазык иши; иш боюнча сот ишин алып баруу - айкын жазык иши боюнча, аны козгоонун, тергөөнүн, соттук териштирүүнүн жана соттун өкүмүн (токтомун) аткаруунун жүрүшүндө жүзөгө ашырылуучу процесстик аракеттердин жана чечимдердин үргүлжүсү; иштин материалдары - иштин курамдык бөлүгү болуп эсептелген же ага тиркеме катарында берилген документтер жана буюмзаттар; иш боюнча жагдайларды белгилөө үчүн мааниге ээ болушу мүмкүн болгон билдирүүлөр, ошондой эле документтер жана буюмзаттар; сотко чейинки тездетилген өндүрүш - ушул Кодексте каралган учурларда чоң коркунуч келтирбеген жана анча оор эмес кылмыштар боюнча кыска мөөнөттө сотко чейинки тездетилген өндүрүштү жүзөгө ашырган алгачкы текшерүү органы ыйгарым укук берген кызмат адамы, тергөөчү жана прокурор тарабынан аткарылган жана чыгарылган процесстик аракеттердин жана процесстик чечимдердин жыйындысы;
- сотко чейинки тездетилген өндүрүштү жүзөгө ашырууга алгачкы текшерүү органы ыйгарым укук берген кызмат адамы - жазык иштери боюнча сотко чейинки тездетилген өндүрүштү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу ички иштер, улуттук коопсуздук, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун кызмат адамы;
процесстик аракеттер - ушул Кодекске ылайык жазыктык сот ишинин жүрүшүндө ишке ашырылуучу аракеттер; протокол - жазык процессин жүргүзгөн орган тарабынан жасалган процесстик аракет жазыла турган процесстик документ; процесстик чечимдер - өз кызмат укуктарынын чектеринде жазык процессин жүргүзгөн органдар чыгарган жана ушул Кодексте аныкталган таризде түзүлгөн Жазык-процесстик укукту колдонуунун актылары - өкүмдөр, токтомдор, корутундулар, сунуштар, санкциялар; токтом - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот иши боюнча кабыл алынган өкүмүнөн, чечиминен башка, тергөөчүнүн, прокурордун чечими, судьянын жеке чечими; жай аныктама - сот тарабынан чыгарылган белгиленген мыйзам бузууларга, кылмыштарды жасоого көмөк көрсөткөн себептерге жана шарттарга карата мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын көңүлү бурулган жана тиешелүү чараларды көрүү талап кылынган чечим; өкүм - жазык иши боюнча сот заседаниесинде биринчи, апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан соттолуучунун, соттолгондун күнөөлүүлүгү жана ага жаза белгилөө же соттолуучунун, соттолгондун күнөөсүздүгү жөнүндө кабыл алынган чечим; аныктама - сот тарабынан чыгарылган өкүмдөн башка, чыгарылган соттун апелляциялык инстанциясы тарабынан сот заседаниесинде ар кандай чечим; санкция - тергөө органы тарабынан кабыл алынган процесстик чечимди прокурордун бекитүү актысы; түшүндүрмө берүү - процесстин катышуучулары жана арыз берүүчүлөр тарабынан өзүнүн укуктук аракетин же өкүлү болгон адамдын укуктук аракетин негиздөө үчүн жүргүзүлгөн оозеки же жазуу жүзүндөгү аргументтер; даттануу - шектүү, күнөөлүү, соттолуучу, акталган адам, коргоочу, жабырлануучу же анын өкүлү, жарандык доогер жана жарандык жоопкер же алардын өкүлдөрү, ошондой эле уюмдар тарабынан алып келинген алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун чечимине каршылык билдириши; билдирме - соттун чечимине прокурордун каршылык билдириши; жеке даттануу - процесске катышкан прокурордон башка бирөөнүн соттун токтомуна карата каршылык билдириши; жеке билдирме - судьянын токтомуна прокурордун каршылык билдириши; өтүнүч - тараптын же арыздануучунун жазык процессин жүргүзгөн органга кайрылган өтүнүчү; илимий-техникалык каражаттар - далилдерди табуу, белгилеп көрсөтүү, алып коюу жана иликтөө үчүн укукка ылайык колдонулуучу приборлор, атайын шаймандар, материалдар; турак-жай - бир же бир нече адам убактылуу же туруктуу жашоо үчүн арналган имарат жай же курулуш, анын ичинде: өзүмдүк же ижарага алынган квартира, үй, багбанчылык үйү, мейманканадагы бөлмө, аларга түздөн-түз кошулуп турган астаналар, террасалар, галлереялар, балкондор, көп квартиралуу үйдөн башка, турак-жай курулушунун жертөлөсү жана чатыры; түнкү убакыт - жергиликтүү убакыт боюнча саат жыйырма экиден эртең мененки алтыга чейинки убакыттын аралыгы; зыян - акчалай өлчөнө турган моралдык, дене-бойго же мүлккө келтирилген зыян; сотко чейинки өндүрүш - кылмыш жөнүндө кабарды алгандан тартып, жазык ишинин прокурор тарабынан аны маңызы боюнча кароо үчүн сотко жөнөтүүгө чейинки жазык сот өндүрүшү; жазык сот өндүрүшү - жазык иши боюнча сотко чейинки жана соттук өндүрүш; кармоо - маңызы шектүүнү соттун чечимине чейин кыска мөөнөткө (кырк сегиз саатка чейин) эркиндигинен ажыратууда турган процесстик мажбурлоо чарасы; бөгөт коюу чарасын тандоо - айыпталуучуга, соттолуучуга карата тергөөчү, прокурор, ошондой эле сот тарабынан мажбурлоо чараларын колдонуу; (кырк жетинчи абзац КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) сот арачылары - ушул Кодексте белгиленген тартипте биринчи баскычтагы соттук териштирүүгө жана өкүм чыгарууга катышуу үчүн тартылган адам; күбөлүк иммунитет - адамдын өзүнө жана өзүнүн жакын туугандарына, ошондой эле ушул Кодексте каралган учурларда каршы көрсөтмө бербөө укугу; көрсөтмө - ушул Кодексте белгиленген тартипте чыгарылган соттун чечимине прокурордук мамиле билдирүү актысы; медиатор - жабырлануучу менен айыпталуучунун (соттолуучунун, соттолгондун) ортосунда зыянды калыбына келтирүү жана элдешүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жардам кылууга жөндөмдүү жана атайын даярдыктан өткөн адам; эсептик көрсөткүч - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү экономикалык санкциялардын, административдик чаралардын жана айыптын өлчүмүн аныктоо үчүн нормативдик акча көрсөткүчү. вердикт - ушул Кодексте каралган маселелер боюнча сот арачыларынын коллегиясы чыгарган чечим; сот арачысынын анкетасы - сот арачыларынын объективдүүлүгүн жана калыстыгын аныктоо максатында тараптар түзгөн сот арачылары үчүн суроолордун тизмеги. соттун администратору - бул сот арачысынын катышуучусу менен сот ишин камсыз кылуу боюнча милдеттер жүктөлгөн тиешелүү жергиликтүү соттун аппаратынын кызматкери; сот арачысы - мыйзам менен белгиленген тартипте сот арачыларынын талапкерлеринин тизмесине кирген жана кылмыш-жаза ишин кароого катышууга тандалган Кыргыз Республикасынын жараны; балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген балдарды коргоо маселелери боюнча орган; балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери - мыйзамдуу өкүлдөн тышкары, жашы жетелектердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын тергөө, прокуратура, сот органдарында жана жазаларды аткаруу мекемелеринде жактоого ыйгарым укуктуу адам. (КР 2003-жылдын 13-мартындагы № 61, 2003-жылдын 11-июнундагы № 98, 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-июлундагы № 234, 2011-жылдын 9-августундагы № 152, 2012-жылдын 16-июлундагы № 114, 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2014-жылдын 15-январындагы № 11, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217, 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2017 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с реформированием системы правоохранительных органов в целях обеспечения эффективной борьбы с коррупцией и преступлениями в сфере экономики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 декабря 2016 года № 217 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 января 2014 года № 11 "О внесении дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 августа 2011 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июля 2009 года № 234 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Дагы 3 өзгөртүү - документтин толук текстиндеги өзгөртүүлөр тарыхында
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-декабрындагы N 60-р "жаран Курманбек Белекович Иманалиевдин жана Юлия Алексеевна Богданованын жаран Куручбек Уялович…Сот практикасы · Решение · 19.12.2014 · № № 60-р
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2017-жылдын 5-июлундагы N 10-р "Бекболот Жыргалбекович Касаболотовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын…Решение · 05.07.2017
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-декабрындагы N 60-р "жаран Курманбек Белекович Иманалиевдин жана Юлия Алексеевна Богданованын жаран Куручбек Уялович…Решение · 19.12.2014 · № № 60-р
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 29-ноябрынын, № 870 ""Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы курошуу жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз…Постановление · 29.11.2004 · № 870 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 10.08.2012 · № 164 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-5" title="5-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>