Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 23-декабры № 217 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 конституциялык Мыйзамынын, КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 207 конституциялык Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
1-берене
1-берене. (КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене
2-берене. (КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене
3-берене. (КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 Конституциялык Мыйзамына ылыйык күчүн жоготту)
4-берене
4-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-октябрындагы № 207 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене. "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, ст.725) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 14-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "жана Аскердик соту" деген сөздөр алып салынсын.
6-берене. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, ст.116) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-берененин он биринчи абзацында "Аскердик сот," деген сөздөр алып салынсын.
7-берене. "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Свободные горы" гезитинин 1-тиркемеси, 1992-жылдын августу) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 22-статьяда: 3-бөлүгүндө "аскер сотторуна" деген сөздөр "сотко" деген сөз менен алмаштырылсын; 6-бөлүгүндө "аскердик же" деген сөздөр алып салынсын.
8-берене. "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, ст.396) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-статьяда:
статьянын аталышында "жана аскер сотунун" деген сөздөр алып салынсын; биринчи абзацындагы "жана аскер сотунун" деген сөздөр алып салынсын;
2) тиркеменин 4-графасынын аталышында "жана аскердик сотунун" деген сөздөр алып салынсын.
9-берене. "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1994-ж., № 7, ст.220) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын Аскер трибуналына," деген сөздөр алып салынсын;
2) 7-статьяда:
а) 1-бөлүгүндөгү "же аскер соту" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүгүндөгү "(аскер сотунун)" деген сөздөр алып салынсын.
10-берене
10-берене. (КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун өндүрүшүндө турган соттук иштер жана материалдар Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан соттук караштуулук жана ведомстволук караштуулук эрежелерине ылайык тиешелүү жергиликтүү сотторго өткөрүп берилет.
3. Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши бир айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдын тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун судьяларын которууну (ротация кылууну) жүзөгө ашырсын.
4. Аскердик соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин штаттык бирдиктери Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун аппараттарынын түзүлүштөрүнө өткөрүлүп берилээри белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен макулдашуу боюнча бир айлык мөөнөттө жергиликтүү сотторго аскердик соттордун аппараттарынын кызматкерлерин которууну (ротация кылууну) жүзөгө ашырсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
аскердик соттор системасынын бюджетин жергиликтүү соттордун бюджетине өткөрүп берүүнү караштырган мыйзам долбоорун демилгелесин; аскердик соттордун имараттарын, автотранспорттук каражаттарын жана башка мүлкүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин карамагына өткөрүп берсин; өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун штаттык бирдиктерин өткөрүп берүү
1. Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун судьяларынын штаттык санынан (7 судья) төмөнкүлөрдүн түзүмүнө өткөрүп берилет:
Бишкек шаардык сотунун - 1 судьянын кызмат орду; Чүй облусунун сотунун - 1 судьянын кызмат орду; Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун - 1 судьянын кызмат орду; Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун - 1 судьянын кызмат орду; Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун - 1 судьянын кызмат орду; Чүй облусунун Кемин райондук сотунун - 1 судьянын кызмат орду; Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун - 1 судьянын кызмат орду.
2. Баткен гарнизонунун аскер сотунун судьясынын штаттык бирдиги (1 судья) Баткен облусунун Баткен райондук сотунун түзүмүнө өткөрүлүп берилет.
3. Балыкчы гарнизонунун аскер сотунун судьясынын штаттык бирдиги (1 судья) Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунун түзүмүнө өткөрүлүп берилет.
4. Бишкек гарнизонунун аскер сотунун судьяларынын штаттык санынан (3 судья) төмөнкүлөрдүн түзүмүнө өткөрүлүп берилет:
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун - 1 судьянын кызмат орду; Ош облусунун Ош шаардык сотунун - 1 судьянын кызмат орду; Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун - 1 судьянын кызмат орду.
5. Ош гарнизонунун аскер сотунун судьяларынын штаттык санынан (2 судья) төмөнкүлөрдүн түзүмүнө өткөрүлүп берилет:
Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун - 1 судьянын кызмат орду; Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун - 1 судьянын кызмат орду.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 16 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (16)
- Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндөЗакон · 27.05.1994 · № 1538-XII
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 134
- Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндөЗакон · 06.04.1999 · № 35
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 "Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун жоюлушуна байланыштуу айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2017 · № 506
- КР Президентинин 2017-жылдын 16-мартындагы ПЖ № 53 "Кыргыз Республикасынын аскер сотторунун судьяларынын кызмат орундарында ыйгарым укуктарды жүргүзүүнүн токтотулушу жөнүндө"…Указ · 16.03.2017 · № 53
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 46-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 18.02.2020 · № 46-р
- О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской РеспубликиЗакон · 03.03.2023 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууКонституционный закон · 09.10.2025 · № 207
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндөЗакон · 28.10.2011 · № 188 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөЗакон · 18.07.2003 · № 153 · Күчүн жоготкон
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
- Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралуЗакон · 06.08.2007 · № 134 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндөЗакон · 15.07.2009 · № 215 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 134
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII
- Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндөЗакон · 27.05.1994 · № 1538-XII
- О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской РеспубликиЗакон · 03.03.2023 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууКонституционный закон · 09.10.2025 · № 207
- Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндөЗакон · 15.07.2009 · № 215 · Күчүн жоготкон