Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 16-июлу № 114 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10, 2020-жылдын 1-августундагы № 110, 2021-жылдын 5-майындагы № 60, 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене. (КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
2-берене. (КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
3-берене. (КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
4-берене. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Кодекстин I бөлүгүнүн бүткүл тексти боюнча, 73, 74-статьяларды, 78-статьянын 1-бөлүгүн, 79-статьяны кошпогондо, ар түрдүү жөндөмө жана сандык формалардагы "Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм" деген сөздөр тиешелүү жөндөмө жана сандык формалардагы "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 66-статьянын 1-бөлүгүндө "нике жана үй-бүлө жөнүндөгү мыйзамдар" деген сөздөр "ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодекси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 69-статьянын аталышы жана 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"69-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген балдарды коргоо боюнча мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген балдарды коргоо боюнча мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрү балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.".
4. 70-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө жаранга камкордукка алуучу же көзөмөлдүк кылуучу белгилөөнүн зарылчылыгы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып бир айдын ичинде камкордукка же көзөмөлдүккө муктаж адамдын жашаган жери боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн корутундусу боюнча сот тарабынан дайындалат. Көңүл бурууга татыктуу жагдайлар болгондо камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу камкордукка алуучунун (көзөмөлдүк кылуучунун) жашаган жери боюнча дайындалышы мүмкүн. Эгерде камкордукка алынуучу же көзөмөлдүк кылынуучу адамга бир айдын ичинде камкордукка алуучу же көзөмөлдүк кылуучу дайындалбаса, анын убактылуу милдеттери балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө жүктөлөт.".
5. 73-статьянын 1-бөлүгүндө "Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм" жана "Бөлүм" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү" жана "Бөлүм" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 74-статьяда:
1-бөлүктүн биринчи жана экинчи абзацтарында "Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм" деген сөздөр "Сот" деген сөзгө алмаштырылсын. 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Камкордукка алуучу же көзөмөлдүк кылуучу өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбаган учурда, анын ичинде камкордукка алуу же көзөмөлдүк кылуу ишин керт башынын кызыкчылыгына пайдаланганда же камкордукка алган адамды кароосуз жана зарыл жардамсыз калтырган учурда, сот камкордукка алуучуну же көзөмөлдүк кылуучуну бул милдеттерди аткаруудан четтетиши жана күнөөлүүнү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартышы мүмкүн.".
7. 78-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмү" деген сөздөр жана "Бөлүм" деген сөз тиешелүүлүгүнө жараша "Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү" жана "Бөлүм" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 79-статьянын 2-бөлүгүндө "Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмү" деген сөздөр "Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене. Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Кодекстин бүткүл тексти боюнча, 61-статьянын 3-пунктун, 69-статьянын 2-пунктун, 78-статьянын 2-пунктун, 83-статьяны, 127-статьянын 3-пунктун, 130-статьянын 1-пунктун, 154-статьянын 2-пунктун жана 162-статьянын 2-пунктун кошпогондо, ар түрдүү жөндөмө жана сандык формалардагы "Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм" деген сөздөр тиешелүү жөндөмө жана сандык формалардагы "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 59-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацында "ушул Кодекстин 19-главасында", "жана" деген сөздөр алып салынсын.
3. 61-статьянын 3-пунктунда "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөргө" жана "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмү" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө" жана "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 62-статьяда үчүнчү сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ушул Кодексте (64 жана 77-статьялар) жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде (42, 52, 56, 63, 64, 65 жана 79-статьялар) каралган учурларда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү же сот он жашка чыккан баланын макулдугу менен гана чечим кабыл алышы мүмкүн.".
5. 69-статьянын 2-пунктунда "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм" жана "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү" жана "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 77-статьянын 4-пунктунун үчүнчү абзацында "(ушул Кодекстин 146-статьясы)" деген сөздөр алып салынсын.
7. 78-статьянын 2-пунктунда "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм" деген сөздөр "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 83-статьяда "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм" деген сөздөр "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. VI бөлүм күчүн жоготту деп таанылсын.
10. 127-статьянын 3-пунктунда "Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм" деген сөздөр "Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 130-статьянын 1-пунктунда "Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр" деген сөздөр "Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 154-статьянын 2-пунктунда "Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр" деген сөздөр "Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 162-статьянын 2-пунктунда "Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм" деген сөздөр "Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. 172-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
6-берене
6-берене. (КР 2021-жылдын 5-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене
7-берене. (КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8-берене. (КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 14 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (14)
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 01.08.2020 · № 110
- Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндөЗакон · 05.05.2021 · № 60
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Жазык-аткарууКодекс · 13.12.1999 · № 142 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөЗакон · 25.06.2005 · № 82 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 96 · Күчүн жоготкон
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 12.04.2005 · № 60 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 344 "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 19.06.2020 · № 344 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 750 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзам долбоору тууралуу"…Постановление · 24.10.2012 · № 750 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 01.08.2020 · № 110
- Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндөЗакон · 05.05.2021 · № 60
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10