331-5-статья. Сот арачылыкка талапкерлердин алдын ала курамын түзүүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 37-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
331-5-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 331-5-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
(1) Сот арачылардын катышуусу менен угууга жазык ишин дайындоо жөнүндө токтом чыгарылган күнү соттун администратору төрагалык кылуучунун буйругу боюнча, кокусунан тандап алуу жолу менен, мамлекеттик айыптоочунун жана соттолуучунун коргоочусунун катышуусунда саны элүүдөн кем эмес сот арачыларынын коллегиясына талапкерлердин алдын ала курамын түзөт. (2) Жазык иштерин коргоого катышуу үчүн сот арачылыкка талапкерлерди тандоону аяктоо боюнча фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен сот арачылыкка талапкерлердин алдын ала курамы жөнүндө тизме түзүлөт, ага сот администратору жана тараптар кол коет. Сот арачылыкка талапкерлердин фамилиялары тизмеге кокусунан тандап алуу кандай өтсө, ошол тартипте киргизилет. Сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамы маалыматтык автоматташтырылган системанын жардамы менен сот арачылыкка талапкерлердин ар жылдык акыркы тизмесинен түзүлөт. (3) Сот арачыларынын коллегиясын түзө баштоо үчүн сот заседаниесине келген сот арачысына отуз беш талапкердин болушу жетиштүү. (4) Сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамына киргизилген сот арачылыкка талапкерлерге сот заседаниеси башталганга чейин жети суткадан кечиктирбестен сот арачыларынын коллегиясын түзүү үчүн сот арачылардын эскерткичи жана анкетасы, ошондой эле сот заседаниесине келүүнүн күнү жана убактысы көрсөтүлгөн билдирме тапшырылат.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
331-5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-331-5" title="331-5-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>