331-10-статья. Сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамына кошумча тандоонун тартиби
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 37-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Ушул Кодекстин 331-8-статьясына ылайык баш тартуу канааттандырылгандан кийин сот арачылыкка талапкерлердин саны он сегизге жетпей калса, төрагалык кылуучу ушул Кодекстин 331-5-статьясынын биринчи бөлүгүндө белгиленген тартипте сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамына сот арачылыкка талапкерлердин жетпеген санына кошумча тандоо жүргүзүү жөнүндө жарыялайт. (2) Кошумча тандоонун натыйжасында тандалып алынган сот арачылыкка талапкерлер ушул Кодекстин 331-7 жана 331-8-статьясында каралган жол-жоболордон өтөт. (3) Кошумча тандоо үчүн чакырылган сот арачылыкка талапкерлердин саны төрагалык кылуучу тарабынан аныкталат. (4) Сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамына кошумча тандоо жарыяланган учурда ушул Кодекстин 331-5-статьясында каралган жол-жоболор аяктаганга чейин сот заседаниесине тыныгуу жарыяланат.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
331-10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-331-10" title="331-10-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>