331-14-статья. Соттук териштирүүгө сот арачыларынын катышуусунун жалпы шарттары
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 37-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Сот арачыларынын орундары сот заседаниесинин залында катышып отургандардан бөлүнүп жана, эреже катары, соттолуучулардын отургучунун каршысынан орун алууга тийиш. Сот арачыларынын запастагы курамы төрагалык кылуучу алар үчүн атайын бөлгөн сот арачыларынын отургучтарынан орун алат. (2) Сот арачыларынын кимдир-бирөөнүн сот заседаниесине катышуу мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда запастагы курамдын сот арачылары вердикт чыгарылганга чейин сот арачыларынын негизги курамына киргизилиши мүмкүн. Чыгып калган сот арачыларын запастагылар менен алмаштыруу жазык иши боюнча сот арачыларынын коллегиясын түзүүдөгү тизмеде көрсөтүлгөн ырааттуулукта жүргүзүлөт. Эгерде чыгып калган сот арачыларды запастагылар менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгү жок калган учурда төрагалык кылуучу болуп өткөн соттук териштирүүнү анык эмес деп жарыялайт жана соттук териштирүүнү ушул Кодекстин 331-5-статьясына ылайык сот арачылыкка талапкерлерди алдын ала тандоо этабына кайра кайтарат. (3) Эгерде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сот арачыларынын улугу чыгып калса, аны алмаштыруу ушул Кодекстин 331-12-статьясынын 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте кайталап шайлоо жолу менен жүргүзүлөт.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
331-14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
- 331-5-статья
- 331-12-статья. Соттук териштирүүгө сот арачыларынын катышуусунун жалпы шарттары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-331-14" title="331-14-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>