331-6-статья. Соттук териштирүүгө катышуу үчүн сот арачыларынын коллегиясын түзүү боюнча сот заседаниесин өткөрүүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 37-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Төрагалык кылуучу сот заседаниесин ачат, өзүн тааныштырат жана процесстин башка катышуучуларын тааныштырат, тараптардын келишин текшерет, процесстин катышуучуларына ушул Кодекс менен белгиленген алардын укуктарын, анын ичинде алардын судьяга, прокурорго, сот заседаниесинин катчысына, сот арачылыкка талапкерлерге нааразылык билдирүү укуктарын, ошондой эле бул укукту пайдаланбоонун кесепеттерин түшүндүрөт жана соттун администраторуна сөз берет, ал сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамына киргизилген жарандардын келгендиги жөнүндө билдирет. Төрагалык кылуучу сот арачысына талапкерлердин алдында кыскача кириш сөз сүйлөйт, анда ал:
1) кандай иш карала тургандыгын билдирет;
2) сот арачыларынын милдеттери жана ал ишти кароого алардын катышуусунун шарттары жөнүндө билдирет;
3) "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган сот арачыларынын милдеттерин аткаруудан бошотуунун негиздерин түшүндүрөт.
(2) Сот арачыларынын алдын ала курамына киргизилген адамдардын эсебинен сот арачыларынын коллегиясын түзүү төмөнкүдөй жол менен жүзөгө ашырылат:
1) төрагалык кылуучу судьянын "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздер жана башка негиздер боюнча сот арачылыкка талапкерлерди ишти кароого катышуудан бошотуу;
2) баш тартуу жөнүндө маселени чечүү;
3) сот арачысына талапкерлерден тараптардын жүйөлүү себепсиз баш тартышын канааттандыруу.
(3) Сот арачыларынын коллегиясын түзүү соттун жабык заседаниесинде жүргүзүлөт. (4) Сот заседаниесине келген сот арачылыкка талапкерлердин тизмеси тараптарга тапшырылат. Тизмеде сот арачылыкка талапкерлердин фамилиясы жана атын көрсөтүү менен бирдикте алардын жаш курагы, кылган кесибинин түрү, билими көрсөтүлөт. (5) Сот арачыларынын коллегиясы негизги курамдагы тогуз сот арачысынан жана запастагы курамдагы сот арачыларынан турат. (6) Бир эле киши бир жылдын ичинде сот заседаниесине сот арачысы катары бир жолудан ашык катыша албайт. (7) Сот арачылыкка талапкерди ишти кароого катышуудан бошотуу жөнүндө маселени калыс чечүү максатында сот арачыларын тандоодо тараптар төрагалык кылуучу аныктаган кезектүүлүк менен талапкерлерге суроо берүүгө укуктуу. Төрагалык кылуучу судьянын уруксаты менен сот арачылыкка талапкерлерге багытталган суроолордун баары же бөлүгү тараптар тарабынан жазуу жүзүндө түзүлүшү мүмкүн. Тараптардын суроолору менен анкета ал төрагалык кылуучу тарабынан жактырылгандан кийин толтуруу үчүн сот арачылыкка талапкерлерге сунуш кылынат. (8) Сот арачылыкка талапкер төрагалык кылуучунун, айыптоочу жана коргоочу тараптын ишти кароого катышуу үчүн тандоодо берилген суроолоруна туура жооп берүүгө, ошондой эле төрагалык кылуучунун талабы боюнча өзү жөнүндө жана ишке катышкан башка адамдар менен мамилеси жөнүндө башка зарыл маалыматтарды берүүгө тийиш. Алардын мыйзам менен корголгон укуктарын жана таламдарын козгогон суроолор төрагалык кылуучу тарабынан четке кагылат. (9) Сот арачысына талапкерди ишти кароого катышуудан бошотуу менен байланышкан бардык суроолор, ошондой эле сот арачылыкка талапкерлерге жасалган баш тартуулар кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетпестен төрагалык кылуучу судья тарабынан жекече чечилет. (10) Баш тартуулар жөнүндө маселени чечүүдө же сот арачыларынын коллегиясын түзүүдө аны түзүүнүн тууралыгына таасир тийгизген кандайдыр бир бузууларга жол берилген учурда төрагалык кылуучу сот арачыларынын коллегиясынын түзүлүшүн анык эмес деп жарыялайт жана сот арачылыкка талапкерлерди толук көлөмүндө же болбосо жарым-жартылай кайрадан тандоо жүргүзөт. (11) Сот арачыларын ант бергенге чейин тараптар каралып жаткан жазык ишинин өзгөчөлүгүнүн натыйжасында сот арачыларынын түзүлгөн коллегиясы объективдүү вердикт чыгарууга негизинен жөндөмсүз болуп калаарын билдирүүгө укуктуу. (12) Эгерде сотко келген сот арачылыкка талапкерлердин саны отуз бештен кем болсо, анда төрагалык кылуучу сот арачылыкка талапкерлердин жетпеген санын кошумча тандоо жөнүндө буйрук берет. Кошумча тандоо үчүн чакырылган сот арачылыкка талапкерлердин саны жана аны өткөрүү мөөнөтү төрагалык кылуучу тарабынан аныкталат. Мында төрагалык кылуучу сот заседаниесине тыныгуу жарыялайт.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
331-6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-331-6" title="331-6-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>