331-33-статья. Сот заседаниесинин протоколун жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 37-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Сот заседаниесинин протоколу ушул Кодекстин 272-статьясынын талаптарына ылайык ушул статьяда каралган алып салуулар менен жүргүзүлөт. (2) Протоколдо сот заседаниесине чакырылган сот арачылыкка талапкерлердин курамы жана сот арачыларынын коллегиясын түзүүнүн жүрүшү милдеттүү түрдө көрсөтүлөт. (3) Төрагалык кылуучунун багыттоочу сөзү сот заседаниесинин протоколунда жазылат же анын тексти жазык ишинин материалдарына кошулат, бул тууралу протоколдо көрсөтүлөт. (4) Сот заседаниесинин протоколу сот процессинин жүрүшүнүн баарын анын жүргүзүлүшүнүн тууралыгына ынангандай чагылдырышы керек. Сот арачыларынын катышуусу менен соттук териштирүүнүн жүрүшүндө процесстин катышуучуларына жана башка адамдарга сот заседаниесинин залында видеого жана сүрөткө тартууга тыюу салынат.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
331-33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-331-33" title="331-33-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>