331-34-статья. Сот арачыларынын коллегиясынын вердиктине негизделген соттун өкүмүн жокко чыгарууга же өзгөртүүгө негиздер
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 37-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Сот арачыларынын коллегиясынын вердиктине негизделген актоочу өкүмдү жокко чыгаруу же өзгөртүү үчүн негиз болуп ушул Кодекстин 352-статьясынын 3-бөлүгүндө каралган ченемдерди одоно бузуулар гана эсептелет. (2) Актоочу өкүм ушул Кодекстин 41-1-главасында белгиленген негиздер боюнча жана тартипте жокко чыгарылышы жана өзгөртүлүшү мүмкүн. (3) Сот арачыларынын вердиктинин негизинде токтом кылынган жана ага карама-каршы келген соттун өкүмү жазык ишин ошол эле сотко жаңыдан карап чыгууга өткөрүп берүү менен жокко чыгарылууга жатат. Бул учурда жазык ишин жаңыдан кароо сот арачылары кийинки вердикти кабыл алган учурдан тартып башталат. (4) Сот арачыларынын коллегиясынын вердиктинин негизинде чыгарылган өкүм, эгер алар жокко чыгарууга каршы турса, соттолуучунун же акталуучунун укуктарын олуттуу бузуу жүйөсү боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн эмес.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
331-34-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-331-34" title="331-34-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>