272-статья. Сот заседаниесинин протоколу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 33-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Биринчи инстанциядагы сотто протокол жазылат. (2) Протокол кол менен жазылышы же машинкада басылышы, болбосо компьютердик ыкма менен даярдалышы мүмкүн. Протоколдун толуктугун камсыз кылуу үчүн үн жазып алуу колдонулушу мүмкүн. (3) Сот заседаниесинин протоколунда: заседаниенин орду жана күнү, анын башталышынын жана аякташынын убактысы; соттун аталышы, төрагалык кылуучу - судьянын, катчынын, тилмечтин, айыптоочунун, жактоочунун, соттолуучунун, ошондой эле жабырлануучу, жарандык доогер, жарандык жоопкер жана алардын өкүлдөрү, сот тарабынан чакырылган башка адамдар; каралып жаткан иш; соттолуучунун инсандыгы жөнүндө маалыматтар жана бөгөт коюу чарасы; соттун аракеттери кандай жүргүзүлсө ошол тартипте; ишке катышкан адамдардын арыздары, каршылыктары жана өтүнүчтөрү; соттун өзүнчө бөлмөгө кетпестен чыгарган судьянын токтомдору; өзүнчө бөлмөдө чыгарылган токтомдорго карата көрсөтүүлөр; ишке катышкан адамдарга алардын укуктары жана милдеттерин түшүндүрүүлөр; алардын түшүндүрмөлөрүнүн толук мазмуну; аларга берилген суроолор жана алардын жооптору; далилдерди изилдөө боюнча сот заседаниесинин залында жүргүзүлгөн карап чыгуулардын жана башка аракеттердин натыйжалары; ишке катышкан адамдар протоколдо ырастоону сураган фактыларды көрсөтүүлөр; тараптардын соттук жарыш сөздөгү сөздөрүнүн жана соттолуучунун акыркы сөзүнүн негизги мазмуну; өкүмдү жарыялоо жана ага даттануу тартибин жана мөөнөтүн түшүндүрүү жөнүндөгү көрсөтүүлөр милдеттүү түрдө көрсөтүлөт. Мындан тышкары, эгерде алар орун алса, сотту урматтабоону күбөлөгөн фактылар жана укук бузуучунун инсандыгы жана укук бузуучуга карата сот тарабынан колдонулган таасир чаралары да көрсөтүлөт. (4) Протокол сот заседаниеси аяктагандан кийин беш суткадан кечиктирилбестен төрагалык кылуучу жана катчы тарабынан даярдалууга жана кол коюлууга тийиш. (5) Төрагалык кылуучу тараптардын сот заседаниесинин протоколу менен таанышуусун камсыздайт.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
272-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-272" title="272-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>