331-32-статья. Соттолуучунун жаза тартууга болбостугу аныкталгандыгына байланыштуу жазык ишин кароону токтотуу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 37-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Эгерде сот арачыларынын катышуусу менен сот ишин териштирүүнүн процессинде соттолуучу өзүнүн психикалык абалына байланыштуу жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес же соттук-психиатриалык экспертизанын тийиштүү корутундусу менен ырасталган, жазаны белгилөөнүн же аткаруунун мүмкүн эместигине алып келген жин оорусу менен ооруп калган деп эсептелген негиз берген кырдаалдар болсо, анда судья жазык ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароону токтотуу жана аны ушул Кодекстин 45-главасында каралган тартипте сотто кароо үчүн жөнөтүү жөнүндө токтом чыгарат. (2) Төрагалык кылуучунун жазык ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароону токтотуу жөнүндө токтому акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
331-32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-331-32" title="331-32-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>