312-статья. Өкүм чыгаруу учурунда сот тарабынан чечилүүчү маселелер
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 36-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2004 года №111
(1) Өкүм чыгарууда сот төмөндөгүдөй маселелерди:
1) соттолуучу айыпталып жаткан жосундун жасалган-жасалбагандыгын;
2) жосунду соттолуучу жасагандыгынын далилденген-далилденбегендигин;
3) бул жосун кылмышка жатаар-жатпасын жана ал жазык мыйзамынын кайсы статьясында каралгандыгын;
4) соттолуучу бул кылмышты жасоодо күнөөлүү-күнөөлүү эместигин жана анын жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлардын бар-жогун;
5) соттолуучу өзү жасаган кылмыш үчүн жазаланууга тийиш же тийиш эместигин;
6) соттолуучуга кандай жаза белгиленүүгө тийиштигин;
7) жаза белгилебей же андан бошотуу менен өкүм чыгаруу үчүн негиздин бар-жогун;
8) эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам кандай түрдөгү абакта жазасын өтөөгө тийиш экендигин;
9) жарандык доо кимдин пайдасына жана кандай өлчөмдө канааттандырылууга тийиш экендигин, ошондой эле, эгерде жарандык доо коюлбаса, мүлктүк зыяндын орду толтурулууга тийиш экендигин;
10) жарандык доону же конфискациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн камак салынган мүлктү эмне кылуу керектигин;
11) заттык далилдерди эмне кылуу керектигин;
12) процесстик чыгымдар кимге жана кандай өлчөмдө жүктөлүүгө тийиштигин;
13) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 51-статьясында каралган учурларда сот соттолуучуну атайын же аскердик наамдан ажыратууга тийиш же тийиш эместигин;
14) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 91-статьясында каралган учурларда медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө;
15) соттолуучуга (акталып жаткан адамга) карата бөгөт коюу чарасы жөнүндө чечүүгө тийиш.
(2) Эгерде кылмыштарды жасоодо бир нече соттолуучу айыпталса, сот ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 1-6-пункттарында көрсөтүлгөн маселелерди ар бир кылмыш боюнча өзүнчө чечет. (3) Эгерде кылмыш жасоодо бир нече айыпкер айыпталса, сот бул маселелерди ар бир айыпкерге карата, анын жосунду жасоодогу ролун жана даражасын аныктоо менен өзүнчө чечет. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
312-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-312" title="312-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>