319-статья. Айыптоочу өкүмдүн баяндоочу-жүйөлөштүрүүчү бөлүгү
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 36-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2004 года №111
(1) Айыптоочу өкүмдүн баяндоочу-жүйөлөштүрүүчү бөлүгү сот тарабынан далилденген деп таанылган кылмыштуу жосун, ал жасалган жер, убакыт, ыкма, күнөөлүүлүктүн түрлөрү, кылмыштын жүйөлөрү, максаттары жана кесепеттери көрсөтүлгөн баяндоону камтууга тийиш. Өкүмдө айыпкерге карата соттун тыянактары негизделген далилдер жана башка далилдерди сот четке каккан жүйөлөр келтирилет. Жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар, ал эми айыптоонун бир бөлүгү негизсиз деп табылганда же кылмышты квалификациялоонун туура эместиги белгиленгенде - айыптоону өзгөртүүнүн негизи жана жүйөлөрү көрсөтүлөт. (2) Сот жазык жазаны белгилөөгө, андан же аны чыныгы өтөөдөн бошотууга, таасир тийгизүүнүн башка чараларын колдонууга тийиштүү бардык маселелерди чечүүнүн жүйөлөрүн да келтирүүгө милдеттүү. (3) Баяндоочу-жүйөлөштүрүүчү бөлүктө, ушул Кодекстин 312-статьясында көрсөтүлгөн маселелер боюнча кабыл алынган чечимдерди негиздөө камтылууга тийиш. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
319-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-319" title="319-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>