400-статья. Жашы жетпеген соттолуучуга өкүм чыгарууда сот тарабынан чечилүүчү маселелер
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 44-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 июля 2012 года № 114
(1) Жашы жетпеген соттолуучуга өкүм чыгарууда сот ушул Кодекстин 312-статьясында саналып өткөн маселелер менен катар шарттуу соттоо, эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жаза берүү жөнүндө, ошондой эле жазадан бошотуу жөнүндө маселени талкуулоого тийиш. (2) Шарттуу соттолгон, эркиндигинен ажыратууга, атайын тарбиялоо же башка тарбиялоо мекемесине жайгаштыруу, же болбосо мажбурлап тарбиялык таасир көрсөтүү чараларын колдонуу менен байланышпаган жаза чарасын дайындоо учурунда сот бул жөнүндө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдайт жана кесилген жашы жетпегендин жүрүм-турумуна контролдукту жүзөгө ашырууну ага жүктөйт. (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
400-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-400" title="400-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>