Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
264-статья. Соттук териштирүүнүн чектери
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 33-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2004 года №111
(1) Ишти сотто териштирүү соттолуучуга карата гана жана иш боюнча ага коюлган айыптоо боюнча гана жүргүзүлөт. (2) Сотто айыптоону өзгөртүүгө, эгерде мында айыптоо жана коргоо боюнча тараптардын далилдүү талаш-тартышынын жана тең укуктуулугунун принциптери бузулбаса жол берилет. (3) Соттук заседаниеде айыптоо кыйла оор же коюлган айыптоодон олуттуу айырмаланган айыптоого өзгөрткөн учурда, кылмыштын башка катышуучуларын жоопко тартуу, ошондой эле тергөөнүн башка мүчүлүштүктөрүн жоюу зарылчылыгы болгон учурда прокурор ишти тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч кылууга милдеттүү, ал эми жабырлануучулар жана процесстин башка катышуучулары ал туурасында расмий өтүнүч билдирүүгө укуктуу. Судья расмий өтүнүчтү карап көрүп, өзүнүн токтому менен ишти прокурорго кайра кайтарууга, болбосо өтүнүчтү четке кагууга жана соттук териштирүүнү улантууга укуктуу. Сот тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн сотто жоюу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда ишти прокурорго өткөрүп берүүгө укуктуу. Зарыл тергөө аракеттери жасалгандан кыйын тергөөчү жана прокурор ушул Кодекстин 229-239-статьяларында каралган процесстик аракеттерди аткарат жана соттук териштирүү жалпы тартипте улантылат. (КР 2001-жылдын 28-июнундагы № 62, 2004-жылдын 24-майындагы № 68, 2004-жылдын 8-августундагы № 111 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-264" title="264-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>