Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
265-статья. Соттук териштирүүнү кийинкиге калтыруу жана жазык ишин токтото туруу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 33-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 июля 2014 года № 133
(1) Соттук териштирүүгө чакырылган адамдардын кимдир-бирөөсү келбегендигинен улам же тараптардын өтүнүчү боюнча жаңы далилдерди талап кылуунун зарылдыгына байланыштуу ишти териштирүү мүмкүн болбогондо, сот өзүнүн аныктамасы (судья өзүнүн токтому) менен териштирүүнү кийинкиге калтырат. Ошол эле убакта сот (судья) тараптарды талап кылынган далилдерди берүүгө, ал эми жазык ишин тергеген органды келбей койгон адамдардын келишин камсыз кылууга карата чараларды көрүүгө милдеттендирет.. (2) Соттолуучу ооруп калып, анын сот заседаниесине келүүсү мүмкүн болбогон учурда, сот бул соттолуучуга карата ишти жүргүзүүнү ал айыкканга чейин токтото турат жана калган соттолуучулар боюнча ишти териштирүүнү уланта берет. Эгерде өз-өзүнчө териштирүү мүмүкүн болбосо, иш жалпысынан токтотулууга тийиш. (3) Иш боюнча бир нече соттолуучу тартылганда жана алардын бири жашырынган учурда, сот бул соттолуучуга карата материалдарды өзүнчө өндүрүшкө бөлөт жана калган соттолуучуларга карата териштирүүнү уланта берет. Эгерде өз-өзүнчө териштирүү ишти туура чечүүнү оорлотсо, ал прокурорго кайтарылып берилет. (4) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна колдонула турган мыйзамдын конституциялуулугу жөнүндө маселе боюнча суроо-талап менен кайрылууда, сот Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту чечим кабыл алганга чейин ал боюнча иш жүргүзүүнү токтото турат. (5) Экспертизаларды дайындоодо сот экспертизанын корутундусу сотко түшкөнгө чейин иш боюнча өндүрүштү токтото турат. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2014-жылдын 14-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 июля 2014 года № 133 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-265" title="265-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>