Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
111-статья. Камакта, үй камагында кармоо мөөнөттөрү жана аларды узартуу тартиби
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 12-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 декабря 2016 года № 217
(1) Жазык ишин тергөөдө камакка, үй камагына алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы соттун чечими боюнча эки айга чейинки мөөнөткө тандалып алынат. (2) Тергөөнү эки айлык мөөнөткө чейин аяктоо мүмкүн болбосо жана бөгөт коюу чарасын өзгөртүү же бузуу үчүн негиз жок болсо бул мөөнөт райондук (шаардык) соттун судьясы тарабынан:
1) алты айга чейин - көзөмөлдөөчү прокурордун макулдугу менен тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча;
2) тогуз айга чейин - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басарынын макулдугу менен тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча;
3) бир жылга чейин - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун макулдугу менен тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча узартылышы мүмкүн.
(3) Мөөнөттү андан ары узартууга жол берилбейт. Камакта кармалып турган айыпталуучу дароо бошотулууга жатат. Бошотулган адамга карата бөгөт коюунун башка чарасы тандалып алынат. (4) Камакта, үй камагында кармоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо тууралу токтом камакта, үй камагында кармоонун мөөнөтү аяктаганга чейин, беш суткадан кечиктирбестен жазык ишин иликтөө жери боюнча сотко берилүүгө тийиш. Токтомдо мөөнөттү узартуунун зарылдыгына байланыштуу себептери, териштирүү зарылдыгынын шарттары, жана мындай бөгөт коюунун чараларын сактоо зарылдыгынын негизи чагылдырылууга тийиш. Өтүнүч судья тарабынан ушул Кодекстин 110-статьясынын бешинчи бөлүгүндө белгиленгенге ылайык каралат. (5) Судья өтүнүч алынган күндөн үч суткадан кечиктирбестен төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) айыпталуучуну камакта, үй камагында кармоо мөөнөтүн узартуу жөнүндө;
2) тергөөчүнүн айыпталуучуну камактан бошотуу, үй камагын алып салуу же өзгөртүү өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө.
(6) Камакта, үй камагында кармоо мөөнөтү айыпкерди кармаган учурдан тартып иш сотко жөнөтүлгөнгө чейин эсептелет. Айыпталуучунун ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган учурлардагы иштин материалдары менен таанышуу мөөнөтү анын камакка, үй камагына алуу мөөнөтүнө кошулуп эсептелет. (7) Камакта кармоо мөөнөтүнө төмөнкү убакыттар кошулуп эсептелет:
1) адам шек саналган катары кармалган убактысы;
2) үй камагы;
3) соттун чечими боюнча медициналык же психиатриалык мекемеде мажбурланып кармалган убактысы;
4) адамдын чет мамлекеттин аймагында укуктук жардам көрсөтүү талабы же Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү талабы боюнча кармалып турган убактысы.
(8) Айыпталуучуну ошол эле жазык иши боюнча, ошондой эле ага бириктирилген же андан бөлүнүп алынган жазык иши боюнча кайталап камакка, үй камагына алган учурда камакка, үй камагына алуу мөөнөтүнө айыпталуучунун мурда камакта, үй камагында өткөргөн убактысы эске алынуу менен эсептелет. (9) Айыпталуучуну камакта, үй камагында кармоо мөөнөтү бүткөн, бирок иштин жагдайлары боюнча камакта, үй камагында кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сот тарабынан өзгөртүүсүз калтырылган ишти ушул Кодекстин 264-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө каралган негиздер боюнча прокурорго ишти өткөрүп бергенде, айыпталуучуну кармоонун мөөнөтү прокурорго кайтарып берген учурдан баштап саналат жана бир айдан ашуусу мүмкүн эмес. Көрсөтүлгөн мөөнөттү андан ары узартуу ушул статьянын экинчи бөлүгүндө белгиленген чектерде жана тартипте жүзөгө ашырылат. (10) Камакка алуунун, үй камагынын мөөнөтүн узартуу жөнүндө же мындан баш тартуу жөнүндө судьянын токтомуна прокурор, айыпталуучу жана анын коргоочусу тарабынан беш сутканын ичинде жогору турган сотко кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Камакка алынган адамды кармаган жердин администрациясы, камакка алуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө соттун токтомуна бул адамдын жогору турган сотко жиберген даттануусун алгандан кийин, кандай учур болбосун, аны алгандан баштап он эки сааттан кечикпестен, ал тууралуу прокурорго билдирүү менен даттанууну тийиштүү сотко токтоосуз жиберүүгө милдеттүү. (11) Мында адамды чет мамлекеттин аймагында камакта кармоо убактысы ал өткөрүп берилген учурда жаза дайындалганда камакта кармоонун жалпы мөөнөтүнө эсептелет. (КР 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 214, 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2013-жылдын 3-августундагы № 179, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 декабря 2016 года № 217 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2013 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 ноября 2011 года № 214 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
23.12.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…үчүн негиз жок болсо бул мөөнөт райондук (шаардык) соттун судьясы алынып салынды: же гарнизондук аскердик сот тарабынан:
1) алты айга чейин - көзөмөлдөөчү прокурордун макулдугу … 214, 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2013-жылдын 3-августундагы № алынып салынды: 179 кошулду: 179, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-111" title="111-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>