218-статья. Айыпкерди суракка алуу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 26-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Тергөөчү айыпкерди, ага айып коюлгандан кийин токтоосуз түрдө суракка алууга милдеттүү. (2) Айыпкерди суракка алууга анын жактоочусу катышат. (3) Денесиндеги же психикасындагы кемчиликтерден улам коргонуу укугун өзү жүзөгө ашыра албаган же иш боюнча өндүрүш жүргүзүлгөн тилди билбеген жашы жете элек өспүрүм айыпкерге айып коюуда жана суракка алууда, ошондой эле адамды он беш жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу белгилениши мүмкүн болгон кылмыш жасагандыгы үчүн айыптоодо жактоочунун катышуусунан баш тартууга жол берилбейт. (4) Айыпкерди суракка алуу ушул Кодекстин 189-193-статьяларынын эрежелери боюнча жүргүзүлөт. (5) Бир эле иш боюнча чакырылган айыпкерлер өзүнчө суракка алынат, мында тергөөчү алар бири-бири менен сүйлөшө албагыдай чараларды көрөт. (6) Сурактын алдында тергөөчү айыпкердин өзүнүн күнөөсүн толугу менен же жарым-жартылай мойнуна ала тургандыгын же ага коюлган айып боюнча күнөөсүн четке кага тургандыгын аныктайт, бул тууралу сурактын протоколуна тиешелүү жазуу жазылат. (7) Тергелип жаткан иштин жагдайлары боюнча мурда берилген көрсөтүүлөрдү тактоонун же толуктоонун зарылдыгы келип чыккан учурда, айыпкерди экинчи жолу (кошумча) суракка алуу жүргүзүлөт.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
218-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-218" title="218-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>