191-статья. Сурак жүргүзүүнүн жалпы эрежелери
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 24-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
191-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 191-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
(1) Сурактын алдында тергөөчү суралып жаткан адамдын ким экендиги жөнүндө маалыматтарды аныктоого тийиш. Эгерде суралып жаткан адам иш боюнча териштирүү жүргүзүлүп жаткан тилде сүйлөөрүнө шектенүү пайда болсо, ал кайсыл тилде көрсөтмө берүүнү каалай тургандыгы аныкталат. (2) Суракка чакырылган адамга ал ким катарында, кайсыл жазык иши боюнча сурала тургандыгы билдирилет, ушул Кодексте каралган укуктары жана милдеттери түшүндүрүлүп, бул жөнүндө протоколго белги коюлат. Күбө же жабырлануучу катарында суракка чакырылган адамдар көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы же четтегендиги, ошондой эле атайылап жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндө эскертилет. (3) Сурак иштин жагдайлары жөнүндө суралып жаткан адамга белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө айтып берүүнү сунуш кылуудан башталат. Эгерде суралып жаткан адам ишке такыр эле тиешеси жок жагдайлар жөнүндө айтса, ага бул тууралу эскертилет. (4) Эркин аңгемелешүүдөн кийин суралып жаткан адамга көрсөтмөлөрдү тактоого жана толуктоого багытталган суроолор берилиши мүмкүн. Багыттама суроолорду берүүгө тыюу салынат. (5) Эгерде көрсөтүүлөр эстеп калууга кыйын болгон цифралык маалыматтар же башка маалыматтар менен байланыштуу болсо, суралып жаткан адам документтерди жана жазууларды пайдаланууга укуктуу, алар тергөөчүнүн демилгеси боюнча жана суралып жаткан адамдын макулдугу менен же суралып жаткан адамдын өтүнүчү боюнча протоколго тиркелиши мүмкүн. (6) Сурактын жүрүшүндө тергөөчү суралып жаткан адамга буюм далилдерин жана документтерди көрсөтүшү, ал эми эркин аңгемелешүү аяктагандан кийин жазык ишинин материалдарында болгон көрсөтмөлөрдү окуп бериши, үн жана көрмө жазууну же киного тартылган материалды көрсөтүшү мүмкүн. (7) Сурак үзгүлтүккө учураганда протоколдо тыныгуунун себеби чагылдырылып, мунун өзү суралып жаткан адамдын, буга катышкан адамдардын жана тергөөчүнүн коюлган колдору менен күбөлөндүрүлөт.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
191-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-191" title="191-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>