Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
192-статья. Күбөнү жана жабырлануучуну суракка алуунун тартиби
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 24-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Бир эле иш боюнча чакырылган күбөлөр жана жабырлануучулар өзүнчө жана башка күбөлөр менен жабырлануучуларды катыштырбастан суракка алынат. Тергөөчү бир иш боюнча күбөлөр жана жабырлануучулар өз ара сүйлөшө албагыдай болуш үчүн чараларды көрөт. (2) Сурактын алдында тергөөчү күбөнүн же жабырлануучунун ким экендигин билет, алардын шектүү адамга же айыпкерге карата мамилесин аныктайт, аларга процесстик укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүндүрөт, көрсөтүүлөрдү берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн жана атайылап жалган маалыматтарды бергендиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартыла турагандыгы тууралу эскертет. Мында тергөөчү күбө же жабырлануучу алардын өздөрүнүн же жакын туугандарынын кылмыш жасагандыгынын бетин ачкан көрсөтүүлөрдү берүүдөн баш тартууга укуктуу экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү. Ушул укуктан пайдаланбаган күбөгө же жабырлануучуга атайылап жалган маалымат бергендиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндө эскертилет. Күбөгө же жабырлануучуга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү, көрсөтүүлөрдү берүүдөн баш тартуу же четтөө үчүн ошондой эле атайылап жалган маалыматтарды бергендиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндө эскертилгендиги тууралу протоколго белги коюлуп, ал суралып жаткан адамдын колун койдуруу менен күбөлөндүрүлөт. (3) Күбөнү же жабырлануучуну суракка алуу ушул Кодекстин 191-статьясында каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-192" title="192-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>