Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
193-статья. Жашы жете элек өспүрүм күбөнү же жабырлануучуну суракка алуунун өзгөчөлүктөрү
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 24-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Он төрт жаш куракка чейинки күбөнү же жабырлануучуну, ал эми тергөөчүнүн кароосу боюнча он төрт жаштан он алты жашка чейинки курактагы күбөнү же жабырлануучуну суракка алууда педагог чакырылат. Жашы жете элек өспүрүм күбөнү же жабырлануучуну суракка алууда анын мыйзамдуу өкүлдөрү катышууга укуктуу. (2) Он алты жашка чейинки курактагы күбөлөргө жана жабырлануучуларга көрсөтүүлөрдү берүүдөн баш тартуу үчүн жана атайылап жалган көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилбейт. Мындай күбөлөргө жана жабырлануучуларга процесстик укуктарды жана милдеттерди түшүндүрүүдө аларга чындыкты гана айтуунун зарылдыгы көрсөтүлөт. Жашы жете элек өспүрүм күбөгө жана жабырлануучуга алардын өздөрүнүн же жакын туугандарынын жасаган кылмыштарынын бетин ачкан көрсөтүүлөрдү берүүдөн баш тартууга укуктуулугу түшүндүрүлөт. Укуктарынын жана милдеттеринин түшүндүрүлүшү жөнүндө протоколго белги коюлуп, ал күбөнүн же жабырлануучунун колун койдуруу менен күбөлөндүрүлөт. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн суракка катышып жаткан адамдарга суралып жаткандардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын бузулушу жөнүндө протоколго киргизиле турган пикирлерди айтууга, ошондой эле тергөөчүнүн уруксаты менен суралып жаткан адамга суроолорду берүү укуктуулугу түшүндүрүлөт. Тергөөчү суроону четке кагууга укуктуу, бирок аны протоколго киргизүүгө жана четке кагуунун себебин көрсөтүүгө тийиш.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-193" title="193-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>