109-1-статья. Үй камагы
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 12-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Үй камагы айыпкердин эркин жүрүүсүнө байланышкан чек коюуларды, ошондой эле:
1) белгилүү бир адамдар менен катнашууга;
2) кат кабар алууга жана жөнөтүүгө;
3) түнкүсүн турак жайын таштап кетүүгө;
4) жазык иши өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн, соттун же органдын уруксатысыз администрациялык аймактын чегинен тышка чыгууга тыюу салууну билдирет.
(2) Бөгөт коюу чарасы катары үй камагы судьянын токтому боюнча айыпкерге карата ушул Кодекстин 102, 103, 111-статьяларында белгиленген негиздер болгондо жана тартипте анын жаш курагын, саламаттыгынын абалын, үй-бүлөлүк абалын жана башка жагдайларды эске алуу менен тандалып алынат. (3) Соттун бөгөт коюу чарасын тандап алуу жөнүндө токтомунда айыпкерге карата жасалуучу айкын-ачык чектөөлөр көрсөтүлөт, ошондой эле белгиленген чектөөлөрдүн сакталышына контролдукту жүзөгө ашыруу жүктөлгөн орган же кызмат адамы көрсөтүлөт. (4) Бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө соттун токтомуна прокурор, айыпталуучу жана анын коргоочусу тарабынан беш сутканын ичинде жогору турган сотко кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Анын чечилишине чейин сунушту же даттанууну берүү бөгөт коюу чарасы катары үй камагын колдонуу жөнүндө токтомдун күчүн токтото албайт жана үй камагын жокко чыгарууга алып келбейт. (КР 2004-жылдын 24-мартындагы № 47, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 214, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
109-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-109-1" title="109-1-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>