Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук Банк Башкармасынын (БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө» токтому
КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 19-июнундагы № 2024-П-09/27-6-(БС), 2024-жылдын 17-июлундагы № 2024-П-09/30-1-(БС) токтомдоруна ылайык берилген токтомдун аракети эскилиги жеткен нак АКШ долларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу бөлүгү боюнча коммерциялык банктар үчүн 2024-жылдын 1-октябрына чейин токтотулду
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2022-жылдын 11-марты № 2022-П-09/14-1-(БС) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасында экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 17, 36, 38, 68 жана 138-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына 2022-жылдын 11-мартынын саат 17.30дан тартып нак АКШ долларын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары алып чыгууга тыюу салынсын.
2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин колдонулат.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктарды, алмашуу бюролорун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларды, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматын тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо банк көзөмөлүн тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага
К. Боконтаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын 2024-жылдын 13-декабрындагы № 2024-П-09/67-2-(БС) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак АКШ…Постановление · 13.12.2024 · № 2024-П-09/67-2-(БС)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2025-жылдын 14-июлундагы № 2025-П-09/34-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө…Постановление · 14.07.2025 · № 2025-П-09/34-1(БС)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 19-июнундагы № 2024-П-09/27-6-(БС) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак чет өлкө…Постановление · 19.06.2024 · № 2024-П-09/27-6-(БС) · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 17-июлундагы № 2024-П-09/30-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө…Постановление · 17.07.2024 · № 2024-П-09/30-1-(БС) · Күчүн жоготкон
- "О временном разрешении на вывоз наличной иностранной валюты коммерческим банкам Кыргызской Республики"Постановление · 23.06.2023 · № 2023-П-09/40-1-(ДКП)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 19-июнундагы № 2024-П-09/27-6-(БС) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак чет өлкө…Постановление · 19.06.2024 · № 2024-П-09/27-6-(БС) · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 17-июлундагы № 2024-П-09/30-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө…Постановление · 17.07.2024 · № 2024-П-09/30-1-(БС) · Күчүн жоготкон