Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын (БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-июлу № 2025-П-09/34-1-(БС)
Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 11-мартындагы № 2022-П-09/14-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө" токтомунун аракети эскилиги жете элек нак АКШ долларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу бөлүгү боюнча коммерциялык банктар үчүн 2025-жылдын 1-октябрына чейин токтотулсун.
2. Коммерциялык банктар:
- эскилиги жете элек нак АКШ долларын сыртка алып чыгуу боюнча операцияларды жүргүзүүдө эл аралык санкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө байланышкан тобокелдиктерди четтетүү максатында, Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын сактасын;
- эскилиги жете элек нак АКШ долларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу операциясын жүргүзгөндөн кийин 2 (эки) жумуш күнү ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына аталган операция боюнча маалымат (отчёт) беришсин.
3. Юридика башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде:
- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2025-жылдын 1-октябрына чейин колдонулат.
5. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы жана Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгы токтом күчүнө кирген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, чет өлкө валютасын сатууга жана сатып алууга укуктуу микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларын, алмашуу бюролорун, "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, "Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин жана "Альянс" алмашуу бюролорунун ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматын тааныштырсын.
6. Башкарманын катчылыгы бөлүмү токтом күчүнө кирген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо банктык көзөмөл башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага
М. Тургунбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 11-марты № 2026-П-09/17-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 14-июлундагы №…Постановление · 11.03.2026 · № 2026-П-09/17-1-(БС)
- "О внесении изменений в постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики "О временном разрешении на вывоз неветхой наличной иностранной валюты коммерческими…Постановление · 26.09.2025 · № 2025-П-09/49-1-(БС)
- "О внесении изменений в постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики "О временном разрешении на вывоз неветхой наличной иностранной валюты коммерческими…Постановление · 24.09.2026 · № 2026-П-09/47-2-(БС)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
- КР Улуттук Банк Башкармасынын 2022-жылдын 11-мартындагы № 2022-П-09/14-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана…Постановление · 11.03.2022 · № 2022-П-09/14-1-(БС)