Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правления Национального банка КР от 13 декабря 2024 года № 2024-П-09/67-2(БС) "О временном разрешении на вывоз ветхих наличных долларов США коммерческими банками Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-12-13.
КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-декабрындагы № 2024-П-09/67-2-(БС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-июлу № 2024-П-09/30-1-(БС) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 2024-П-09/46-4-(БС) токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 11-мартындагы № 2022-П-09/14-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө" токтомунун аракети эскилиги жете элек нак АКШ долларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу бөлүгү боюнча коммерциялык банктар үчүн 2025-жылдын 1-январына чейин токтотулсун.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 2024-П-09/46-4-(БС) токтомунун редакциясына ылайык)
2. Коммерциялык банктарга эскилиги жете элек нак АКШ долларын сыртка алып чыгууга уруксат берилсин.
3. Коммерциялык банктар эскилиги жете элек нак АКШ долларын сыртка алып чыгуу боюнча операцияларды жүргүзүүдө эл аралык санкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө байланышкан тобокелдиктерди четтетүү максатында, Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын сактасын.
4. Коммерциялык банктар эскилиги жете элек нак АКШ долларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу операциясын жүргүзгөндөн кийин 2 (эки) жумуш күнү ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына аталган операция боюнча маалымат (отчёт) беришсин.
5. Юридика башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде:
- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 2024-П-09/46-4-(БС) токтомунун редакциясына ылайык)
7. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы жана Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгы токтом күчүнө кирген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, чет өлкө валютасын сатууга жана сатып алууга укуктуу микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларын, алмашуу бюролорун, "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, "Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин жана "Альянс" алмашуу бюролорунун ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматын тааныштырсын.
8. "Башкарманын катчылыгы" бөлүмү токтом күчүнө кирген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
9. Токтомдун аткарылышын контролдоо банктык көзөмөл блогун тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага
М.Тургунбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын 2024-жылдын 13-декабрындагы № 2024-П-09/67-2-(БС) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак АКШ…Постановление · 13.12.2024 · № 2024-П-09/67-2-(БС)
- КР Улуттук Банк Башкармасынын 2022-жылдын 11-мартындагы № 2022-П-09/14-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана…Постановление · 11.03.2022 · № 2022-П-09/14-1-(БС)
- "О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республики"Постановление · 25.09.2024 · № 2024-П-09/46-4-(БС)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын 2024-жылдын 13-декабрындагы № 2024-П-09/67-2-(БС) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак АКШ…Постановление · 13.12.2024 · № 2024-П-09/67-2-(БС)
- КР Улуттук Банк Башкармасынын 2022-жылдын 11-мартындагы № 2022-П-09/14-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана…Постановление · 11.03.2022 · № 2022-П-09/14-1-(БС)
- "О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республики"Постановление · 25.09.2024 · № 2024-П-09/46-4-(БС)