Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын (НПА) «Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 23-июну № 2017-П-15/26-3-(НПА) Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна;
- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна.
2. Юридикалык башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым А.С.Тезекбаевага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын төрагасы
Т. Абдыгулов
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 2017-П-15/26-3 (НПА) токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
1. 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/9 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө жобонун:
- 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 1, 2, 3-тиркемелердеги "КРУБ" деген сөздөр "Улуттук банк" деген сөздөргө ылайыктуу жөндөмөдө алмаштырылсын.
2. 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/1 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелеринин:
- 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- бардык текст боюнча ар кандай сан жана жөндөмө формасындагы "финансы-кредиттик мекемелер" деген сөздөр "финансы-кредиттик уюмдар" деген сөздөргө ылайыктуу санда жана жөндөмөдө алмаштырылсын;
- 8-пунктундагы "КРУБ" деген сөздөр "Улуттук банк" деген сөздөргө ылайыктуу жөндөмөдө алмаштырылсын.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Правила регистрации залогового обеспечения в виде государственных ценных бумаг, размещаемых через Национальный банк Кыргызской Республики по межбанковским кредитным операциямПравила · 30.06.2010 · № 52/1
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк…Положение · 28.03.2013 · № 10/9
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы №2019-П-15/32-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик…Постановление · 19.06.2019 · № 2019-П-15/32-1-(НП
- Об утверждении Правил регистрации залогового обеспечения в виде ценных бумаг, размещаемых через Национальный банк Кыргызской Республики по межбанковским кредитным операциямПостановление · 24.06.2019
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк…Положение · 28.03.2013 · № 10/9
- КР УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/1 "Банктар аралык кредиттик операциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик…Постановление · 30.06.2010 · № 52/1
- Правила регистрации залогового обеспечения в виде государственных ценных бумаг, размещаемых через Национальный банк Кыргызской Республики по межбанковским кредитным операциямПравила · 30.06.2010 · № 52/1
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.