Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерин бекитүү тууралуу»токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 19-июну № 2019-П-15/32-1-(НПА) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелери бекитилсин (кошо тиркелет).
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/1 "Банктар аралык кредиттик операциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоодон өткөртүү эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-октябрындагы № 47/10 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуна карата тиркеменин 1-пункту;
- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 2017-П-15/26-3-(НПА) "Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомуна карата тиркеменин 2-пункту;
- Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майдагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуна карата тиркеменин 1-пункту.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу Мамлекеттик пенсиялык топтолмо фондун, "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомун, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин жана Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы
Т.Абдыгулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- "О внесении изменений в некоторые постановления Правления Национального банка Кыргызской Республики (по вопросам регистрации залогового обеспечения в виде ценных бумаг и…Постановление · 28.12.2022 · № 2022-П-15/83-12-(НПА)
Шилтеме берет (5)
- КР УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/1 "Банктар аралык кредиттик операциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик…Постановление · 30.06.2010 · № 52/1
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30- октябрындагы № 47\10 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 30.10.2014 · № 47/10
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына…Постановление · 23.05.2018 · № 2018-П-15/18-1-(НПА)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 2017-П-15/26-3-(НПА) "Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 23.06.2017 · № 2017-П-15/26-3-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон