Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «»Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ
2013-жылдын 28-марты № 10/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 26-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 2-майында 27-08 номеринде каттоодон өткөрүлгөн № 13/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө" убактылуу жобо ушул токтомдун 6-пунктуна ылайык "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө" жобонун нормалары колдонууга киргизилген күндөн тартып күчүн жоготкон катары таанылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Юридика башкармалыгы бул токтом расмий жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө" жобонун нормалары Автоматташтырылган тоорук системасы өнөр жайлык пайдаланууга киргизилгенден тартып колдонула тургандыгы белгиленсин.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
7. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.
Төрага
З. Асанкожоева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк…Положение · 28.03.2013 · № 10/9
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30- октябрындагы № 47\10 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 30.10.2014 · № 47/10
- ВРЕМЕННОЕ ПОЛОЖЕНИЕ о депозитарном учете государственных ценных бумаг, размещаемых через Национальный банк Кыргызской РеспубликиПоложение · 26.03.2008 · № 13/3 · Күчүн жоготкон
- КР Улуттук банкынын (2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/2 токтому менен бекитилген) ЭрежелериПравила · 23.12.2009 · № 50/2 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк…Положение · 28.03.2013 · № 10/9
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө" убактылуу жобо тууралуу токтомуПостановление · 26.03.2008 · № 13/3
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына…Постановление · 23.05.2018 · № 2018-П-15/18-1-(НПА)
- ВРЕМЕННОЕ ПОЛОЖЕНИЕ о депозитарном учете государственных ценных бумаг, размещаемых через Национальный банк Кыргызской РеспубликиПоложение · 26.03.2008 · № 13/3 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 2017-П-15/26-3-(НПА) "Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 23.06.2017 · № 2017-П-15/26-3-(НПА)