Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын (НПА) «Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правления Национального Банка Кыргызской Республики от 28 сентября 2022 года № 2022-П-12/60-2-(НПА) "О признании утратившими силу некоторых временных решений Национального банка Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-09-28.
КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12/60-2-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 2020-жылдын 29-апрели № 2020-П-12/25-7-(НПА) Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ), 2022-жылдын 31-мардындагы №2022-П-12/19-4, 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-12/27-4-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) Банк тутумунун туруктуулугун сактоо жана экономикалык жигердүүлүктү колдоо үчүн банктардын ресурстарын мобилизациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. "Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер" бекитилсин (кошо тиркелет).
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
2. Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары ушул токтомго ылайык классификацияланган активдер боюнча маалыматты Улуттук банкка ар бир айдын акыркы жумуш күнүнө карата сунуштасын.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобонун талаптары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген "Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун Тартибинин" талаптары коммерциялык банктарга, депозиттерди тартуу укугуна ээ болгон микрофинансылык компанияларына, кепилдик фонддорго жана "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсына карата ушул токтомго каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-12/27-4-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат.
6. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
7. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдыгулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-12/27-4-(БС) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айыптык санкциялар боюнча кошумча…Постановление · 27.04.2022 · № 2022-П-12/27-4-(БС)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-сентябры № 2022-П-12/60-2-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдерин күчүн…Постановление · 28.09.2022 · № 2022-П-12/60-2-(НПА)
- КР УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН 2021-жылдын 19-майындагы N 2021-П-12/25-2(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги N 2020-П-12/25-7(НПА)…Постановление · 19.05.2021 · № 2021-П-12/25-2-(НПА)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-12/13-1-(БС) "COVID-19 пандемиясына байланыштуу финансы-кредит уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу эрежелери…Постановление · 18.03.2020 · № № 2020-П-12/13-1-(БС) · Күчүн жоготкон
- Коммерциялык банктар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча…Правила · 29.04.2020 · № 2020-П-12/25-7-(НПА) · Күчүн жоготкон
- КР Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 2021-П-12/59-4-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги №…Постановление · 27.10.2021 · № 2021-П-12/59-4-(НПА) · Күчүн жоготкон
- КР улуттук банк башкармасынын 2021-жылдын 19-майы № 2021-П-12/25-2-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П- 12/25-7-(НПА)…Постановление · 19.05.2021 · № 2021-П-12/25-2-(НПА) · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-12/27-4-(БС) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айыптык санкциялар боюнча кошумча…Постановление · 27.04.2022 · № 2022-П-12/27-4-(БС)
- Постановление Правления Нацбанка КР от 21 июля 2004 года № 18/3 "Об утверждении новой редакции Положения "О классификации активов и соответствующих отчислениях в резерв на…Постановление · 21.07.2004 · № 18/3
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 "Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун…Постановление · 02.03.2006 · № 5/6
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 17.06.2020 · № № 2020-П-33/35-1-(НФКУ)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-сентябры № 2022-П-12/60-2-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдерин күчүн…Постановление · 28.09.2022 · № 2022-П-12/60-2-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк…Положение · 21.07.2004 · № 18/3
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген Аныкталган критерийлерге жооп берүүчү кредиттердин атайын…Порядок · 02.03.2006 · № 5/6
- КР Улуттук Банк башкармасынын 2022-жылдын 31-мартындагы № 2022-П-12/19-4-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын финансы - кредит уюмдары тарабынан активдерди…Постановление · 31.03.2022 · № 2022-П-12/19-4-(НПА)
- КР УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН 2021-жылдын 19-майындагы N 2021-П-12/25-3-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 19.05.2021 · № 2021-П-12/25-3-(НПА)