Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук Банк башкармасынын (НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын финансы - кредит уюмдары тарабынан активдерди классифнкациялоо боюнча кошумча убактылуу чечимдери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2022-жылдын 31-марты № 2022-П-12/19-4-(НПА) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын финансы - кредит уюмдары тарабынан активдерди классифнкациялоо боюнча кошумча убактылуу чечимдери жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12/60-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
Өлкөнүн банк системасынын туруктуулугун сактоо максатыпда жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 68 жана 87-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын томонкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12/60-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 «Активдерди классифнкациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтому.
2. Кыргыз Республикасында каттоодон откон банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан учурда орун алып турган геосаясий кырдаалдан улам жана тышкы экономикалык таасирлерге байланыштуу алгылыксыз кесепеттерден улам акча агымдары жана карыз алуучулардын финансылык абалы өзгөргөндүгүнө байланыштуу, кредиттик келишимдердин шарттарын кайра каран чыгуу боюнча комиссиялык жана башка төлөмдөр чегерилбесин жана алынбасын.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат.
4. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүи Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Банктарды көземөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Улуттук банктын бардык тиешелүү түзүмдүк болүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикальж жактар бирикмесин, мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ЛЛКты, «Кепилдик фонду» ЛЛКты тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды кезөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасыньш мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага
К. Боконтаев
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр
1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12/60-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21 -июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдой өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун:
- 4.1.1-пунктчасынын он жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Эгерде алар ушул жобонун 4.2-пунктунда көрсөтүлгон талаптарга жооп берсе, банктар киреше түзүмүнө карабастан 0 пайыздан 2 пайызга чейинки өлчөмдө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен долларында жаңыдан берилген кредиттерди банктын ички саясатына ылайык «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн. Мында бул талаптар Кыргыз бликасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнун кызматташуусунун алкагында (Россия-Кыргыз Өнүктүруү фондусу, мындан ары Өнүктүрүү фондусу) берилген жеңилдетилген кредиттергн, анын ичинде Өнүктүрүү фондусу тарабынан башка чет өлкө финансылык институттарынан тартылган жана гарантияланган каражаттардын эсебинен берилет кредиттерге, ошондой эле алардын ордун жабуу Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынан каржылоонун эсебинен ишке ашырылган, кредиттик келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөрүлүшүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (4)
- "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк…Положение · 21.07.2004 · № 18/3
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-сентябры № 2022-П-12/60-2-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдерин күчүн…Постановление · 28.09.2022 · № 2022-П-12/60-2-(НПА)
- Коммерциялык банктар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча…Правила · 29.04.2020 · № 2020-П-12/25-7-(НПА) · Күчүн жоготкон
- Положение о классификации активов и соответствующих отчислениях в резерв на покрытие потенциальных потерь и убытковПоложение · 01.01.2026 · № 18/3
Шилтеме берет (3)
- "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк…Положение · 21.07.2004 · № 18/3
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-сентябры № 2022-П-12/60-2-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдерин күчүн…Постановление · 28.09.2022 · № 2022-П-12/60-2-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правления Нацбанка КР от 21 июля 2004 года № 18/3 "Об утверждении новой редакции Положения "О классификации активов и соответствующих отчислениях в резерв на…Постановление · 21.07.2004 · № 18/3
- Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндөЗакон · 24.07.2013 · № 163
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 "Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун…Постановление · 02.03.2006 · № 5/6
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) "Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди…Постановление · 29.04.2020 · № 2020-П-12/25-7-(НПА) · Күчүн жоготкон