Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын (БС) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айыптык санкциялар боюнча кошумча убактылуу чечимдери жөнүндө» Токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 2022-жылдын 27-апрели № 2022-П-12/27-4-(БС) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айыптык санкциялар боюнча кошумча убактылуу чечимдери жөнүндө Банк системасынын туруктуулугун сактоо максатында жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20, 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Тышкы экономикалык жагдайлар карыз алуучулардын ишине терс таасирин тийгизүүсүнөн улам алардын акча агымдары жана финансылык абалы өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбагандыгы/талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн карыз алуучуларга карата айыптык санкциялар, анын ичинде үстөк айып (айып пул/туум) салынбасын жана алынбасын.
Мында карыз алуучулар айыптык санкциялардан, анын ичинде үстөк айыптан (айып пул/туум) бошотулушу үчүн тышкы экономикалык жагдайлардын терс кесепеттери алардын ишине таасирин тийгизгендигин тастыктоого тийиш.
2. Коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары кредиттик бюрого маалыматты сунуштоодо карыз алуучулардын тиешелүү кредиттери боюнча төлөмдөрдү кечиктирүү себеби катары коронавирус инфекциясынын жайылып кетишинин жана тышкы экономикалык жагдайлардын терс кесепеттерин көрсөтүүгө тийиш.
3. Кредиттик бюролор кредиттик маалыматты бардык карыз алуучулар боюнча маалыматтын тиешелүү графасында белги коюу менен кредиттик келишим шарттары коронавирус инфекциясынын жайылып кетишинин жана тышкы экономикалык жагдайлардын терс кесепеттерин натыйжасында бузууга жол берилгендиги статусунда маалыматты сунуштоону улантууга тийиш.
4. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын:
1) 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-12/13-1-(БС) "COVID-19 пандемиясына байланыштуу финансы-кредит уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө" токтому;
2) 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 2020-П-14/21-1-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-12/13-1-(БС) "COVID-19 пандемиясына байланыштуу финансы-кредит уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
3) 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) "Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
4) 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун жетинчи абзацы;
- тиркеменин 6-пункту;
5) 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-14/75-1-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-12/13-1-(БС) "COVID-19 пандемиясына байланыштуу финансы-кредит уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат.
6. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
7. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Улуттук банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
8. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен "Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ААКты, "Кепилдик фонд" ААКты, кредиттик бюролорду тааныштырсын.
9. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын милдетин аткаруучу
З.Чокоев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 17.06.2020 · № № 2020-П-33/35-1-(НФКУ)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) "Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди…Постановление · 29.04.2020 · № 2020-П-12/25-7-(НПА) · Күчүн жоготкон
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-12/13-1-(БС) "COVID-19 пандемиясына байланыштуу финансы-кредит уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу эрежелери…Постановление · 18.03.2020 · № № 2020-П-12/13-1-(БС) · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 2020-П-14/21-1-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-мартындагы №…Постановление · 09.04.2020 · № 2020-П-14/21-1-(ПС) · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 17.06.2020 · № № 2020-П-33/35-1-(НФКУ)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-12/13-1-(БС) "COVID-19 пандемиясына байланыштуу финансы-кредит уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу эрежелери…Постановление · 18.03.2020 · № № 2020-П-12/13-1-(БС) · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) "Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди…Постановление · 29.04.2020 · № 2020-П-12/25-7-(НПА) · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-14/75-1-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-12/13-1-(БС)…Постановление · 28.12.2020 · № 2020-П-14/75-1-(ПС)