Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI токтому менен бекитилген ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 24-майы № 1593-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI токтому менен бекитилген ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегинде:
- 1 жана 8-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- тизмек төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"12. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин этил спиртин, алкоголь жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, контролдоо боюнча башкармалыгы.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары
Д.Төлөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.