Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-05-16.
КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 1994-жылдын 28-майы № 1553-XII Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 28-майындагы № 1554-XII токтому менен колдонууга киргизилген) Бул Мыйзам мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджеттик-салыктык чөйрөсүн башкаруунун негизги тутуму катары жана мамлекеттин чыгашалары менен кирешелерине көзөмөлдүк кылууда, мамлекеттин бардык акча ресурстарын башкарууда, мамлекеттин карыздарына жана активдерине көзөмөлдүк кылууда негизги роль ойноочу орган катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгынын статусун аныктайт. I Глава Жалпы жоболор
1-статья. Кыргыз Республикасынын Казыналыгы
1. Казыналык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Аны директор жетектейт. Казыналык Борбордук казыналыктан жана анын Бишкек шаарындагы, облустардагы жана райондордогу региондук бөлүмдөрдөн турат. Финансы министри Казыналыктын жайгашкан ордун, штаттык расписаниесин жана региондук бөлүмдөрүнүн санын аныктайт. Казыналыктын региондук бөлүмүн Казына башчысы жетектейт.
2. Казыналыктын директору, Борбордук казыналыктын бардык кызматкерлери жана региондук бөлүмдөрдүн бардык башчылары Кыргыз Республикасынын Финансы министри тарабынан дайындалат. Казыналыктын системасынын бардык чыгашалары республикалык бюджеттен финансыланат.
3. Казыналыктын региондук бөлүмдөрү Борбордук казыналыкка отчет берет жана Казыналыктын Борбордук Башкармасынын түздөн-түз көзөмөлүндө турат. Алар жергиликтүү коммерциялык банктар менен тыгыз байланышта болуп, Борбордук казыналыктын көрсөтмөсүнө ылайык жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана өзүн-өзү башкаруу органдары менен кызматташтыкта иштейт.
4. Борбордук казыналыктын жана анын региондук бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгы деген жазуусу бар мөөрү болот.
2-статья. Казыналыктын милдеттери жана функциялары Казыналыктык негизги милдеттери жана функциялары төмөндөгүлөр:
а) Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү кеңештер соңку өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жактырган республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;
б) бюджеттердин аткарылышынын жүрүшүнө көз салуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жана мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун тийиштүү органдарына бюджеттердин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчетторду берүү;
в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн банктык тейлөө системасын жөнгө салуу жана өкмөттүк бардык банктык счетторго көзөмөлдүк кылуу;
г) улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттарды кошо алганда мамлекеттик бардык акча каражаттарын аккумуляциялоо;
д) Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү кеңештер жактырган мамлекеттик чыгымдарды жүзөгө ашыруу үчүн накталай акчанын учурунда пайдаланылышын камсыз кылуу максатында бардык акча каражаттарынын кыймылын башкаруу жана көзөмөлдөө;
е) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өлкөнүн ичиндеги да, ошондой эле чет өлкөдө да жүргүзүлгөн киреше жана чыгаша боюнча операцияларын эсепке алуу боюнча жоболорду иштеп чыгуу жана анын пайдаланышына контролдук жүргүзүү;
ж) мамлекеттик активдерди, ошондой эле мамлекеттик ички жана тышкы карыздарды башкаруу жана ага көзөмөлдүк кылуу;
з) бюджетти жана отчетторду классификациялоо системасын эл аралык стандартка ылайык иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү;
и) эки жолку (өткөрүү) проводка усулунун негизинде жана бюджет менен счетторду классификациялоо системасына ылайык Казыналыктын счетторунун иерархиялык планын түзүү;
й) республикалык жана жергиликтүү башкаруу органдарынын операциялары боюнча Казыналыктын ар бир айлык жана жылдык счетторун даярдоо;
к) мамлекеттик финансы операциялары менен республикалык жана жергиликтүү бюджеттик бардык уюмдардын башка документтери боюнча отчетторду тийиштүү деңгээлде жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн натыйжалуу ички текшерүү аудит системасын түзүү;
л) мамлекеттик финансылык операцияларды, бухгалтердик зсепке алууларды, мамлекеттик банк операцияларын жана ички аудитти жүргүзүү боюнча Казыналыктын жетекчиликке алынуучу жоболорун жана башка нормативдик документтерди иштеп чыгуу;
м) казыналыктын операцияларын компьютерлештирүү.
3-статья. Казыналык операцияларынын айкындуулугу жана отчеттуулугу
1. Казыналык мамлекеттик бардык финансы операцияларынын айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылат.
2. Казыналыктын республикалык бюджет боюнча даярдаган жылдык отчеттору Жогорку Кеңештин, ал эми жергиликтүү бюджет боюнча отчеттор жергиликтүү кеңештердин кароосуна коюлат. Бул отчеттор Казыналыктын башка документтери сыяктуу эле мыйзамда каралган официалдуу аудит үчүн да ачык болот.
II Глава Кыргыз Республикасынын Топтолгон фондусу
4-статья. Кыргыз Республикасынын Топтолгон фондусун түзүү
1. Казыналык Кыргыз Республикасынын Топтолгон фондусун түзөт (мындан ары Топтолгон фонд деп аталат) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бардык кирешелери менен түшкөн каражаттары Топтолгон фондуга жөнөтүлөт. Республикалык жана жергиликтүү уюмдардын бардык эсептешүү операциялары Топтолгон фондудан жүзөгө ашырылат.
2. Топтолгон фондунун акча ресурстары Кыргызстандын Улуттук банкынын учурдагы бир счетунда болот (мындан ары Казыналыктын счету деп аталат). Казыналык Социалдык фонд сыяктуу мамлекеттик максаттуу ири фондуларга төлөөлөрдү жана түшкөн каражаттарды тейлөө үчүн Улуттук банкта учурдагы кошумча счетторду ачууга укуктуу.
Мындай кошумча счеттордогу калдыктар Топтолгон фондунун ажырагыс бөлүгү катары каралат, жана аны эсепке алуу Топтолгон фондунун тутумунда жүргүзүлөт. Казыналык ушундай кошумча счетторду түзүүнү өзгөчө учурларда гана камсыз кылат.
3. Уюшулганынан кийинки алты ай бою, Казыналык коммерциялык банктарда жана Кыргызстандын улуттук банкында турган республикалык жана жергиликтүү бюджеттеги мекемелердин улуттук валютадагы банктык счетторунун бардык түрүн жабууну аяктайт. Ушул счеттордогу калдыктар Казыналыктын счетуна которулат. Ушул жободон тышкаркы ар кандай иштер мамлекеттин кызыкчылыгында Казыналыктын ырастоосун жана Кыргыз Республикасынын Финансы министринин жактыруусун талап кылат.
4. Казыналык бюджеттик уюмдардын валюталык бардык счетторун да жабат жана ал ресурстар Топтолгон фондуга жөнөтүлөт.
5. Топтолгон фондуну башкаруу Казыналыктын гана укугу болуп эсептелет. Казыналык Топтолгон фондунун тутумуна кирген Казыналык счеттун жана кошумча счеттордун да ээси болуп эсептелет. Кыргызстандын Улуттук банкы, башка мекеме же жак Казыналыктын буйругусуз ушул счеттор боюнча операцияларды жүргүзүүгө укуксуз.
6. Республикалык же жергиликтүү бир дагы бюджеттик мекеме Казыналык иштеп чыккан жетекчиликке алынуучу Жобого такма-так ылайык келген жагдайлардан башка учурларда Топтолгон фондунун каражаттарын алууга укуксуз.
III Глава Банктык тейлөө системасы
5-статья. Коммерциялык банктар менен ишти уюштуруу системасы
1. Казыналыктын атайын уруксатысыз республикалык же жергиликтүү бюджеттик мекеменин бирөө да банктардын биринде счет ачууга укуксуз. Казыналык мамлекеттин таламын көздөп, счет ачууга мурда берилген укукту токтотууга жана ал бюджеттик, атайын же депозиттик, же башка счет экенине карабастан баарын же банктык бул счеттордун кайсынысын болсо да жабууга укуктуу.
2. Казыналык мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын финансы операцияларын жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын агенттери катары аракеттенүүчү (мындан ары банк-агенттер деп аталуучу) Бишкек шаарындагы, Кыргызстандын башка шаарларындагы жана айылдарындагы коммерциялык банктардын региондук бөлүмдөрүн Кыргызстандын Улуттук Банкы менен макулдашып аныктайт. Көрсөткөн кызматы үчүн банк-агенттерге комиссиялык төлөө банк-агенттер жана Улуттук Банк менен макулдашуу боюнча Казыналык тарабынан аныкталат. Ушундай жол менен аныкталган комиссиялык төлөө мамлекеттик акча операциясына тиешеси бар бардык банк-агенттер үчүн бирдей болуп эсептелет. Төлөө өлчөмү өткөрүлгөн сумманын аз көбүнө карабастан, банк-агент жүргүзгөн бир операция үчүн аныкталат. Казыналык банк-агенттердин көрсөткөн кызматына төлөөлөр боюнча эсептешүү операцияларын жүзөгө ашыруу механизмин иштеп чыгат.
3. Казыналык же мыйзам тарабынан атайы каралбаган учурларда Топтолгон фондудан каражаттарды алуу Казыналыктын кызматкери сөзсүз кол коюп, банк-агенттерге берилген төлөө поручениеси же чек боюнча гана жүзөгө ашырылат.
4. Казыналык мамлекеттин кирешелери жана чыгашалары боюнча банк-агенттер жүргүзүүчү күндөлүк операцияларды жүзөгө ашыруунун жумушчу механизмин иштеп чыгат. Ал ошондой эле Кыргызстандын Улуттук Банкы менен макулдашып Казыналыктын Улуттук Банктагы учурдагы счетуна каршы өзүнүн счету боюнча банк-агенттердин өз учурунда эсептешүүлөрүн жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу натыйжалуу механизмди иштеп чыгат.
IV Глава Бюджеттин аткарылышы
6-статья. Бюджетти аткарууда Казыналыктын ролу
1. Казыналык мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жактырган бюджеттин аткарылышына натыйжалуу көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу үчүн жоопкер болуп бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө таламдаш тийиштүү органга үзгүлтүксүз маалымат берип турат.
2. Казыналык административдик бийликтин макулдугу менен, ар бир бюджеттик мекеме үчүн Казыналыктын ошол мекемеге жакын жайгашкан региондук филиалын аныктайт, ал ошол мекеменин бюджетинин аткарылышына көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат.
3. Чыгашалардын сметасын бекитүүгө укук берилген мамлекеттик бийлик жана өзүн-өзү башкаруу органдары Казыналыктын региондук тийиштүү бөлүмүнө бюджеттик ар бир мекеменин бюджеттик ассигнованиеси жөнүндө маалыматтарды берип турууга милдеттүү. Бюджеттик ассигнованиедеги ар кандай соңку өзгөртүүлөр Казыналыктын региондук бөлүмүнө берилип турууга тийиш.
4. Жергиликтүү салык жана бажы инспекциялары кирешеге түшкөн каражаттар жөнүндөгү өзүлөрүнүн болжолдорун Казыналыктын региондук бөлүмүнө, ал эми алардын борбордук органдары жыйынтыкталган болжолдорду Борбордук казыналыкка берип турууга милдеттүү.
5. Бюджеттик уюмдар Казыналыктын тиешелүү региондук бөлүмдөрүнө салык эмес да, ошондой эле бюджеттен тышкаркы да кирешелүү түшүүлөрдүн болжолдуу өлчөмдөрү тууралу билдирүүгө милдеттүү.
6. Казыналык төлөөлөрдүн бюджетке келип түшүшүнүн жүрүшү жана бюджеттик сметалардын аткарылышы жөнүндө отчетторду даярдайт, мамлекеттик бийликтин жогору турган органдарын кирешелүү түшүүлөрдүн төмөндөшү, ссудаларды төлөөдөгү кечеңдөөлөр же бюджеттик каражаттардын бекитилген сметаларга каршы келген чыгымдалышы жөнүндө эскертет.
7. Казыналык мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кирешелеринин жана чыгашаларынын өз алдынча эсебин жүргүзөт.
7-статья. Банк-агенттердин көмөгү менен төлөө-операцияларына көзөмөлдүк кылуу Казыналыкка республикалык жана жергиликтүү бюджеттик бардык уюмдардын атынан төлөө-операцияларын жүзөгө ашыруу укугу берилген. Казыналык иштеп чыккан жоболорго ылайык, бардык бюджеттик уюмдар казыналыктын тийиштүү региондук бөлүмүнө бардык зарыл документтер менен кошо төлөө операцияларын жүзөгө ашырууга өзүлөрүнүн талаптамасын берет. Бөлүм документтерди, болгон каражаттар жана бюджеттик ассигнованиелерди зарыл текшерүүдөн өткөргөндөн кийин, банк-агенттин төлөөлөрдү жүзөгө ашыруусу үчүн төлөө поручениесине (чекке) кол коет.
8-статья. Тике операциялар Топтолгон фондуга тиешеси бар, бирок Казыналыктын региондук бөлүмдөрү аркылуу өтпөгөн өзгөчө мүнөздөгү операциялар Финансы министрлигиндеги Казыналыктын Борбордук Башкармасы тарабынан түздөн-түз көзөмөлдөнүп турушу жана эске алынышы тийиш. Булар ички жана тышкы карызга, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө пайызга карата дооматына жана башка маселелерге тиешеси бар, көрсөткөн кызматы үчүн төлөө жана башка ушул өңдүү бүтүмдөр (операциялар). Казыналык Кыргызстандын Улуттук Банкы менен макулдашып ушундай операцияларды башкаруу үчүн жобо иштеп чыгат.
9-статья. Финансылык милдеттенмелер Казыналык бюджеттик мекемелерге, ошондой эле Казыналыктын региондук бөлүмдөрүнө финансылык милдеттенмелердин аткарылышын, ошондой эле бюджеттик мекемелердин мезгил-мезгили менен сөзсүз болуучу чыгымдарына тыкыйта көзөмөлдүк жүргүзүүнү камсыз кылуучу тийиштүү процедураларды иштеп чыгат. Эреже катары милдеттенмелер боюнча төлөөлөр пайда болгон учурда ал төлөөлөрдү жүргүзүү үчүн бюджеттик жана кассалык (накталай) каражаттар менен алдын ала камсыз кылмайын милдеттенмелер кабыл алынбайт.
10-статья. Мамлекеттик түшкөн каражаттарды көзөмөлдөө
1. Казыналык иштеп чыккан жободо каралгандардан башка учурларда, чынында эле мамлекетке тийиштүү улуттук жана чет өлкөлүк валютада түшкөн бардык кирешелер - салык, салык эмес, бюджеттик, бюджеттен тышкаркы, мезгилдүү же бир жолку, максаттуу фондуга чегерүү, трансферттер, кредиттик фондулар жана башка мамлекеттик ар кандай кирешелердин түрлөрү Топтолгон фондуга дароо жана толук бойдон жөнөтүлөт (кредиттелет). Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери тарабынан Топтолгон фондуга мамлекеттик кирешелердин түшүшүн атайлап кечиктирүүгө тыюу салынат.
2. Казыналыктын Жобосунда мамлекеттик кирешелердин Топтолгон фондуга түшүү жана түшкөн бардык каражаттардын эсебин алуу механизми бекитилет.
3. Казыналык республикалык бюджет жөнүндөгү жана ар кандай бюджеттердин ортосунда кирешелерди бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу башка мыйзамдарга ылайык республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда салыктык кирешелердин бөлүштүрүлүшүнө жоопкер.
4. Казыналык иштеп чыккан мыйзамдарда же жоболордо каралгандан башка учурларда мамлекеттик кызматкердин бирөө да чыгымдардын ар кандай түрлөрүн жүзөгө ашырууда мамлекеттик кирешени жумшоого акысыз.
V Глава Карызды жана активдерди башкаруу
11-статья. Мамлекеттик карызды жана күтүлбөгөн милдеттенмелерди башкаруу
1. Казыналык кредиттерге катыштыруунун жана берүүнүн бардык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министринин жетекчилиги менен чечим кабыл алуучу бирден-бир орган катары чыгат. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ички жана тышкы карыздарынын башкарылышына жооп берет, карыздык милдеттенмелер боюнча төлөөлөрдү жүзөгө ашырууну чечет жана төлөөлөрдү эсепке алат, ошондой эле мамлекеттик бардык гарантияларды жана күтүлбөгөн милдеттенмелерди башкарат.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине же ал ыйгарым укук берген органга заемдук каражаттарды алуу жана кредиттерди берүү боюнча контракттарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга укук берилет.
3. Казыналык бардык документтерди түп нускада жүргүзөт, заемдук каражаттарга катыштыруу, кредиттерди берүү боюнча бардык макулдашууларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күтүлбөгөн милдеттенмелерин кошо каттап турат.
4. Бир дагы уюмга же жеке адамга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан заемдук каражаттарды, кредиттерди алууга же кредит берүүгө Кыргыз Республикасынын Финансы министрилигинин (Казыналыктын) алдын ала өзгөчө жактыруусусуз ар кандай агенттин ортосунда ушундай операцияларды колдоо үчүн өкмөттүк гарантияны камсыз кылуу боюнча милдеттенме алуу укугу берилбейт.
5. Казыналык Кыргызстандын Улуттук Банкы менен тыгыз кызматташтыкта өкмөттүк баалуу кагаздардын эмиссиясын жөнгө салат.
12-статья. Мамлекеттик финансылык активдерди башкаруу Казыналык ишканаларга берилген кредиттер менен кошо мамлекеттин финансылык активдеринин башкарылышына жана алардын төлөнүшүнө жооп берет. Ал ошондой эле менчиктештирүү операцияларынан түшкөн каражаттарды кошо алганда, Мамлекеттик финансылык активдерди иштетүүдөн алынган мамлекеттик кирешелердин башкарылышына көзөмөлдүк кылат. VI Глава Казыналыктагы эсепке алуу жана отчеттуулук
13-статья. Счеттордун планы Казыналык төмөндөгү эсеп пландарын түзүүгө жана башкарууга жооп берет:
1) республикалык жана жергиликтүү бардык бюджеттик уюмдардын эсебин алуу;
2) Казыналыктын мамлекеттик бийлик жана өзүн-өзү башкаруу органдардын акча операцияларын чагылдыруучу жыйнакталган айлык жана жылдык баланстык отчетторун түзүү;
3) өкмөттүк финансылык активдердин жана пассивдердин эсебин жүргүзүү.
14-статья. Жылдык отчеттор Казыналык финансылык жыл бүткөндөн кийинки эки айдын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин топтоштурулган жылдык отчетун ылайыгына жараша Жогорку Кеңештин же жергиликтүү кеңештердин кароосуна берет.
15-статья. Башкаруу боюнча маалымдоо отчеттору Казыналык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн фискалдык позициясы жөнүндө, бюджеттин аткарылышынын абалы жөнүндө, мамлекеттик кирешелерди жыйноонун жүрүшү жөнүндө, максаттуу фондулардын финансылык иши жөнүндө, Өкмөттүк эсептердин баланстарынын абалы жөнүндө аналитикалык жыйынды отчетторду камтыган мамлекеттик финансылык операциялардыи абалы тууралу такай жана өз убагы менен маалымдама отчетторду түзөт. Ал мүмкүн болуучу кирешелердин түшүшү жана чыгашалар жөнүндө кыска мөөнөттүү болжолдоолорду, ошондой эле акчалай каражаттардын кыймылын болжолдоону даярдайт.
16-статья. Классификациялоо структурасы Финансылык көзөмөл системасы, ошондой эле өкмөттүк фискалдык операцияларды башкаруунун азыркы кездеги системасы үчүн натыйжалуу негиз түзүү максатында Казыналык бюджетти классификациялоо структурасын түп-тамырынан кайра карап чыгат жана аны ишке киргизүү үчүн көзөмөлдүк кылат. VII Глава Ички аудит
17-статья. Бюджеттик мекемелердин ички аудити Казыналык өкмөттүк фондулардын тийиштүү түрдө жана үнөмдүү пайдаланылышын камсыз кылуу жана башка финансылык инструкцияларды бузбоосу үчүн ички финансылык аудит системасын уюштурат жана башкарат. Ал ошондой эле бюджеттик уюмдардын финансылык башкаруу иштерине көзөмөлдүк кылат жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды берет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 32 · байланышкандар: 20
Цитата келтиргендер (32)
- Постановление Правительства КР от 2 февраля 2010 года №64 "Об итогах проведенного Счетной палатой Кыргызской Республики аудита исполнения республиканского бюджета Кыргызской…Постановление · 02.02.2010 · № 64
- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын төлөм карты жөнүндө" Убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын 2014-жылдын…Положение · 30.05.2014 · № 24/6
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 16.05.2016 · № 60
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 28 мая 1994 года № 1554-XII "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "Об основных положениях Казначейства Кыргызской Республики"Постановление · 28.05.1994 · № 1554-II
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин 2006-жылдын 14-ноябрындагы № 215-П буйругу менен бекитилген Бюджеттик мекемелердин эсептерин ачууга уруксат алуунун…Положение · 14.11.2006 · № 215 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын 2006-жыл үчүн республикалык бюджетин аткаруу аудитинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 29.01.2008 · № 27 · Күчүн жоготкон
- Инструкция о процедурах казначейства по ведению учета и отчетности (Утверждена приказом Министерства финансов Кыргызской Республики от 29 октября 2004 года № 311-П)Инструкция · 29.10.2004 · № 311 · Күчүн жоготкон
- Инструкция о порядке исполнения казначейством исполнительных документов (утверждена приказом Минэкономфина КР от 28 сентября 2006 года № 190-П)Инструкция · 28.09.2006 · № 190 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУПриказ · 26.10.2007 · № 190-П · Күчүн жоготкон
- Приказ Минфина КР от 29 октября 2004 года № 311-п29.10.2004 · № 311 · Күчүн жоготкон
- Инструкция о порядке ведения учета доходов государственного бюджета в системе казначейства Кыргызской Республики (Утверждена приказом Министерства финансов Кыргызской Республики…Инструкция · 18.10.2001 · № 293-п · Күчүн жоготкон
- Приказ Минфина от 5 ноября 2002 года № 301-пПриказ · 05.11.2002 · № 301 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №56 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана аларга караштуу мекемелердин ишинин натыйжасында мамлекеттик бюджеттин кирешесин…Инструкция · 02.02.2010 · № 56 · Күчүн жоготкон
- Приказ Минфина КР от 15 августа 2005 года № 202-П "Об утверждении инструкций "По учету изменений сметных назначений бюджетных учреждений, состоящих на республиканском бюджете" и…Приказ · 15.08.2005 · № 202 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 14-ноябрындагы № 215/П КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУПриказ · 14.11.2006 · № 215 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 20-декабрынын № 232/П КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУПриказ · 20.12.2006 · № 232 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2007-жылдын 26-октябрынын №190-П КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУПриказ · 26.10.2007 · № 190-П · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Казына системасында мамлекеттик бюджеттин кирешелерин эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү НУСКАМАИнструкция · 26.10.2007 · № 190-П · Күчүн жоготкон
- ПРИКАЗ МИНФИНА КР от 29 октября 2004 года N 311-П (Об утверждении Инструкции "О процедурах казначейства по ведению учета и отчетности")Приказ · 29.10.2004 · № 311-п · Күчүн жоготкон
- Инструкция о процедурах казначейства по ведению учета и отчетности (утверждена приказом Минфина КР от 29 октября 2004 года № 311-П)Инструкция · 29.10.2004 · № 311-п · Күчүн жоготкон
32 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 16.05.2016 · № 60
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 28 мая 1994 года № 1554-XII "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "Об основных положениях Казначейства Кыргызской Республики"Постановление · 28.05.1994 · № 1554-II
Байланышкан документтер (20)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы №520 "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетуна Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын…Постановление · 25.03.2011 · № 119
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 605 " Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу…Постановление · 04.09.2012 · № 605
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-декабрындагы № 831 "2005-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетко Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.12.2006 · № 831 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №768 "Бюджеттик классификация жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2009 · № 768 · Күчүн жоготкон
- Инструкция по переводу бюджетных учреждений по видам деятельности на полное бюджетное финансирование (Утверждена приказом Минфин КР от 13 июля 2005 года № 174-П)Инструкция · 13.07.2005 · № 174 · Күчүн жоготкон
- Инструкция о порядке открытия и ведения региональными отделениями Центрального казначейства Министерства финансов Кыргызской Республики казначейских счетов для учета операций по…Инструкция · 18.10.2001 · № 293-п · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун…Постановление · 17.10.2011 · № 640 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бюджеттик классификацияны бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.01.2012 · № 7 · Күчүн жоготкон
- Порядок исполнения республиканского бюджета по Министерству здравоохранения при финансировании в системе Единого плательщика на 2004 год (утвержден приказом Минфина КР от 17…Порядок · 17.02.2004 · № 42-п · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 18 октября 2010 года № 248 "О порядке регистрации контрактов и бюджетных обязательств учреждений, состоящих на республиканском бюджете…Постановление · 18.10.2010 · № 248 · Күчүн жоготкон
- Приказ Минэкономфина КР от 28 сентября 2006 года № 190-П (Об утверждении Инструкции "О порядке исполнения казначейством исполнительных документов")Приказ · 28.09.2006 · № 190 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин ресурстарын эсепке алууну жүргүзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө нускама ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Инструкция · 05.03.2011 · № 99 · Күчүн жоготкон
- КР Финансы министрлигинин 2016-жылдын 2-мартындагы № 32-п "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын колдонуу…Приказ · 02.03.2016 · № 32-п · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин 2006-жылдын 20-декабрындагы № 232-П буйругу менен бекитилген Республикалык бюджетте турган мекемелерди каржылоо тартиби…Инструкция · 20.12.2006 · № 232 · Күчүн жоготкон
- Приказ Минэкономфина КР от 27 декабря 2006 года №240-П ( Об утверждении прилагаемых: Классификации доходов; Ведомственной классификации; Экономической классификации расходов…Приказ · 27.12.2006 · № 240 · Күчүн жоготкон
- Приказ Минфина КР от 18 октября 2001 года № 293-п "Об утверждении Инструкции о порядке открытия и ведения региональными отделениями Центрального казначейства Министерства…Приказ · 18.10.2001 · № 293-п · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-мартындагы №99 "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин ресурстарын эсепке алууну жүргүзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө…Постановление · 05.03.2011 · № 99 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын 2009-жылдын 8-апрелиндеги №224 ""Тышкы кыйынчылыктардан арылуу үчүн каржылоо механизмдери менен колдоого алынган 2008-2009-жылдарга Кыргыз…Постановление · 08.04.2009 · № 224 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 22 июня 2004 года № 462 "О переводе внебюджетных счетов Государственного комитета по управлению государственным имуществом, Государственной…Постановление · 22.06.2004 · № 462 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 22 ноября 2002 года №795 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об основных…Постановление · 22.11.2002 · № 795 · Күчүн жоготкон