1-статья. Кыргыз Республикасынын Казыналыгы
Күчүн жоготкон · 16.05.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2016 года № 60.
1. Казыналык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Аны директор жетектейт. Казыналык Борбордук казыналыктан жана анын Бишкек шаарындагы, облустардагы жана райондордогу региондук бөлүмдөрдөн турат. Финансы министри Казыналыктын жайгашкан ордун, штаттык расписаниесин жана региондук бөлүмдөрүнүн санын аныктайт. Казыналыктын региондук бөлүмүн Казына башчысы жетектейт.
2. Казыналыктын директору, Борбордук казыналыктын бардык кызматкерлери жана региондук бөлүмдөрдүн бардык башчылары Кыргыз Республикасынын Финансы министри тарабынан дайындалат. Казыналыктын системасынын бардык чыгашалары республикалык бюджеттен финансыланат.
3. Казыналыктын региондук бөлүмдөрү Борбордук казыналыкка отчет берет жана Казыналыктын Борбордук Башкармасынын түздөн-түз көзөмөлүндө турат. Алар жергиликтүү коммерциялык банктар менен тыгыз байланышта болуп, Борбордук казыналыктын көрсөтмөсүнө ылайык жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана өзүн-өзү башкаруу органдары менен кызматташтыкта иштейт.
4. Борбордук казыналыктын жана анын региондук бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгы деген жазуусу бар мөөрү болот.
Берененин тексти 16.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/759/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>