Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын «»Тышкы кыйынчылыктардан арылуу үчүн каржылоо механизмдери менен колдоого алынган 2008-2009-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасын (ЕСФ)» ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылга иш-чаралар планы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июня 2022 года № 335 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2009-жылдын 8-апрели № 224 "Тышкы кыйынчылыктардан арылуу үчүн каржылоо механизмдери менен колдоого алынган 2008-2009-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасын (ЕСФ)" ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылга иш-чаралар планы жөнүндө 2008-2009-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасын ишке ашыруу боюнча 2009-жылга иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тышкы кыйынчылыктардан арылуу үчүн каржылоо механизмдери менен колдоого алынган 2008-2009-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасын (ЕСФ) ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылга тиркелген иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.
2. Аталган Пландын иш-чараларын аткаруу боюнча жооптуу аткаруучулар болуп эсептелген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Иш-чаралар планын сөзсүз аткарууну камсыз кылышсын;
- жогоруда аталган Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты ай сайын, айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берип турушсун;
- Иш-чаралар планын ишке ашырууда пайда болгон проблемалар жөнүндө өз убагында кабарлашсын жана аларды чечүү тууралуу тиешелүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине киргизишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө жалпы маалыматты квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Иш-чаралар планын сапатсыз жана өз убагынан кечиктирип аткаргандыгы үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине жеке жоопкерчилик белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жүктөлсүн.
Премьер-министр Улуттук банкынын төрагасы
И.Чудинов
М.Алапаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылдын 8-апрелиндеги № 224 токтому менен бекитилген
"Тышкы кыйынчылыктардан арылуу үчүн каржылоо механизмдери менен колдоого алынган 2008-2009-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасын (ЕСФ)" ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылга
ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
| № | Иш-чаралардын мазмуну | Ишке ашыруунун мөөнөтү жана формасы | Жооптуу аткаруучулар |
|---|---|---|---|
| Макроэкономикалык саясат | |||
| 1 | ИДПнын реалдуу өсүшүн 2009-жылы 1%тен төмөн эмес камсыз кылуу | 2009-жыл, практикалык иш-аракеттер | Экономсоодамин, министрликтер, мамкомитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
| 2 | Инфляциянын темпин 2009-жылы 15%тен төмөн деңгээлде кармоону камсыз кылуу | 2009-жыл, практикалык иш-аракеттер | Улуттук банк, Экономсоодамин, Финмин |
| Бюджеттик-салык саясаты | |||
| 3 | Мамлекеттик башкаруу секторунун жалпы дефицитин 2009-жылы 1,7%тен жогору эмес камсыз кылуу | 2009-жыл, практикалык иш-аракеттер | Финмин, Соцфонд (макулдашуу боюнча) |
| 4 | Салык-бюджет чөйрөсүндөгү иштердин абалын кыйла так талдоо үчүн мамлекеттик бюджеттин жана Социалдык фонддун бириктирген берүүсүн Жогорку Кеңешке жиберилүүчү республикалык бюджеттин долбооруна киргизүү | 2009-жыл, практикалык иш-аракеттер | Финмин, Соцфонд (макулдашуу боюнча) |
| 5 | 2008-2009-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасынын 1-таблицасына ылайык мамлекеттик бюджетке салыктардын жыйымынын сандык көрсөткүчүн акчалай формада камсыз кылуу (болжолдуу көрсөткүч) | 2009-жыл, практикалык иш-аракеттер | Салыкмамком, Мамбажыком, Финмин |
| 6 | Пландалган финансылык операциялар боюнча маалыматты Финмин менен КР Улуттук банкынын ортосунда эки жумада бир жолудан кем эмес алмашуусун жана мамлекеттик бюджеттин чыгашаларынын жана кирешелеринин божомолдорун жана баалуу кагаздарды чыгаруунун пландарын кошкондо, аларды талкуулоону камсыз кылуу (контролдук көрсөткүч) | Дайыма, Финминдин жана Улуттук банктын кеңешмелери | Финмин, Улуттук банк |
| 7 | Мамлекеттик каражаттарды "КР Өнүктүрүү фонду" ЖАКына жана Кыргыз-Казакстан инвестициялык фондуна берүүнү мамлекеттик бюджетте чагылдыруу (Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Казакстан Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-апрелиндеги биргелешкен билдирүүсүнүн 13-пункту). "КР Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун камсыз кылынбаган карыздарды алууну жана кепилдиктерди берүүнү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык токтотушу (контролдук көрсөткүч) | Дайыма, практикалык иш-аракет- тер, контролдоо | Финмин, "КР Өнүктүрүү фонду" ЖАК (макулдашуу боюнча) |
| 8 | Казыналык операцияларды өркүндөтүү жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттуулукту жакшыртуу Колдонуудагы нормативдик укуктук актыларга ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 28-майындагы № 1553-XII "Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу Бюджеттик мекемелерде эл аралык стандарттарга (СГФ 2001) ылайык эсептөөлөрдүн жаңы планын киргизүү | 2009-жылдын II кварталы, Финминдин буйругу 2009-жылдын июну 2009-жылдын 1-январынан баштап, Финминдин 2008-жылдын 24-ноябрын- дагы № 192-Б буйругу менен бекитилип, Юстминде 2008-жылдын 23-декабрын- да № 263 катталган Бухгалтердик эсеп боюнча жобону ишке ашыруу | Финмин Финмин Финмин, министрликтер, мамкомитеттер, административдик ведомстволор жана бюджеттик башка мекемелер |
| Акча-кредит саясаты | |||
| 9 | Эл аралык таза резервдер жана Улуттук банктын таза ички активдери боюнча сандык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылуу (2008-2009-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасынын 1-таблицасына ылайык) сандык көрсөткүчтөр) | 2009-жыл, Улуттук банктын жана Финминдин макулда- шылган иш-аракет- тери | Улуттук банк, Финмин |
| 10 | 2008-2009-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасынын 1-таблицасына ылайык акча базасын белгиленген деңгээлде кармап турууга өбөлгө түзүү (болжолдуу көрсөткүч) | Дайыма, ачык рынокто операция- ларды өткөрүү жана валюталык интервенция- лар | Улуттук банк |
| 11 | Алмашуу курсунун сезондук өзгөрүүлөрүн жымсалдоо жана валюталык алып-сатуулардын алдын алуу максатында валюталык рынокто операцияларды жүргүзүү | 2009-жыл, валюталык интервенция- лар (чет элдик валюталарды сатып алуу жана сатуу) | Улуттук банк |
| 12 | Мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу үчүн тооруктарды уюштуруучуну тандоого катыша турган соода аянттарынын жашырындуулук талаптарына ылайык келүүсүн, ачык-айкындыгын жана эл аралык практикадагы оптималдуулугун ЭВФтин катышуусу менен баалоону жүргүзүү (контролдук көрсөткүч) | 2009-жылдын мартынын аягы, Финминдин, Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын, Улуттук банктын жана ЭВФтин биргелешкен корутундусу | Финмин, Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы, Улуттук бан |
| 13 | Улуттук банктын капиталын анын уставдык минимумунан кем эмес деңгээлде кармоону камсыз кылуу (контролдук көрсөткүч) | 2009-жылдын декабрынын аягы, Улуттук банктын кирешесинин эсебинен капиталды көбөйтүү | Улуттук банк, Финмин |
| 14 | Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү маселелерин камтыган, аны кеңейтүүгө жана анын өтүмдүүлүгүн көбөйтүүгө багытталган Мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясын иштеп чыгуу | 2009-жылдын II кварталы, Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн токтом долбоору | Финмин |
| 15 | Эмгек акы төлөө фондунун өсүшүн андан ары ооздуктоо максатында мамлекеттик кызматты реформалоо, тактап айтканда эмгек акы төлөө жаатындагы саясатты (бюджеттик чөйрөнүн бардык кызматкерлерине карата) өркүндөтүү жана эмгек акыны төлөө боюнча борбордоштурулган маалымат базасын түзүүнү караган программаны иштеп чыгуу | 2009-жыл, Кыргыз Республика- сынын Өкмөтүнүн токтом долбоору | Мамкызматагенттиги (макулдашуу боюнча), Финмин, тиешелүү министрликтер жана ведомстволор |
| 16 | Банктык тобокелдиктерди баалоонун методологиясын жана практикасын, баштапкы алдын алуу системасын өркүндөтүүнү кошкондо, тобокелдикке багытталган көзөмөлдүн элементтерин киргизүү, бириктирилген көзөмөл системасын калыптандыруу жана Улуттук банкта өздүк көзөмөл муктаждыктары үчүн кредиттик каттоону түзүү боюнча өркүндөтүү | 2009-2010- жылдар, нормативдик укуктук актылардын долбоорлору, практикага киргизүү, киргизүүнүн натыйжаларын баалоо жана талдоо | Улуттук банк |
| 17 | 2010-жылдын аягынан баштап коммерциялык банктардын өздүк капиталын 200 млн. сомго көбөйтүү | 2010-жылдын аягы, Улуттук банктын Башкарма- сынын токтому | Улуттук банк, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) |
| 18 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төгүмдөрүн Депозитти коргоо фондуна киргизүү | 2009-жылдын биринчи жарым жылдыгы | Финмин, Депозиттерди коргоо боюнча агенттик (макулдашуу боюнча) |
| 19 | Аманаттарды милдеттүү камсыздандыруу системасын колдонууга киргизүүнү камсыз кылуу | 2009-жыл | Депозиттерди коргоо боюнча агенттик (макулдашуу боюнча), Улуттук банк |
| 20 | Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого жана банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын жана комиссиялык акынын өлчөмдөрү жөнүндө маалыматты таратууда банктардын рыноктук тартипти сактоосун камсыздоого багытталган чараларды көрүү | 2009-жыл, аталган талаптардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү | Улуттук банк |
| 21 | 1. "Түздөн түз дебеттөө" төлөм инструментин киргизүү жана колдонууну жайылтуу 2. Республиканын бардык аймагы боюнча банкоматтык жана терминалдык тармакты кеңейтүү 3. Мамлекеттик баалуу кагаздардын соода аянтынын операторун Улуттук банктын ири төлөмдөр системасы менен интеграциялоо 4. Төлөм системаларынын иштөөсүнүн натыйжалуулугун жакшыртуу боюнча нормативдик базаны иштеп чыгуу | 2009-2010- жылдар, практикалык иш-аракет- тер, нормативдик укуктук актылардын долбоорлору | Улуттук банк, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) |
| 22 | Улуттук банктын автоматташтырыл- ган соода системаларын сатып алуу боюнча долбоорду киргизүү иштерин улантуу | 2009-2010- жылдар, Улуттук банкта соода системасын киргизүү | Улуттук банк, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) |
| Мамлекеттик карызды башкаруу | |||
| 23 | Экономикалык өсүшкө жана жакырчылыкты азайтууга өбөлгө түзө турган абдан артыкчылыктуу программаларга жана долбоорлорго гана тышкы карыздарды Минфин тарабынан тартуу. Зайымдардын жеңилдетилишинин минималдуу деңгээли 35% болгон мамлекеттик тышкы жаңы карыздарды тартууну жана кепилдик берүүнү жүргүзүү | Дайыма, контролдоо | Финмин |
| 24 | Карызды жабуу мөөнөтү бир жылдан аз болгон жеңилдетилбеген тышкы жаңы зайымдарды тартууну же Өкмөт, Улуттук банк, же өкмөттүн атынан иштеген башка ведомстволор тарабынан кепилдик берүүнү токтотуу (туруктуу лимит, млн. АКШ доллары) (сандык көрсөткүч) | Дайына, контролдоо | Финмин, Улуттук банк |
| 25 | Карызды жабуу мөөнөтү 1 же андан көп жылды түзгөн жеңилдетилбеген тышкы жаңы зайымдарды тартууну же Өкмөт, Улуттук банк, же өкмөттүн атынан иштеген башка ведомстволор тарабынан кепилдик берүүнү токтотуу (туруктуу лимит, млн. АКШ доллары) (сандык көрсөткүч) | Дайыма, контролдоо | Финмин, Улуттук банк |
| 26 | Мөөнөтү өтүп кеткен тышкы жаңы карызга жол бербөө (туруктуу лимит, млн. АКШ доллары) (сандык көрсөткүч) | Дайыма, контролдоо | Финмин, Улуттук банк |
| Ишкердикти өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу | |||
| 27 | Салыктык тескөөнү салык төлөмдөрүн механизмин рационалдаштыруу жана коррупцияны ылдыйлатуу кызыкчылыгында бекемдөө. Декларацияларды электрондук түрдө берүү системасын киргизүү | 2009-жыл, нормативдик укуктук актылардын долбоорлору, практикалык иш-аракеттер | Салыкмамком, Экономсоодамин |
| 28 | Көмүскө экономиканы мыйзамдаштыруу жана ак ниет атаандаштыкты колдоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу | 2009-жылдын II кварталы, Кыргыз Республика- сынын Өкмөтүнүн токтом долбоору | Экономсоодамин, министрликтер, мамкомитеттер, административдик ведомстволор |
| 29 | Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун техникалык-экономи- калык негиздемесин даярдоо | 2009-жыл | Өнөржайэнермин |
| 30 | Либералдуу тышкы соода жана валюталык режимди сактоо, 2007-жылдын аягы - 2008-жылдын башында киргизилген экспорттук алымдарды бара-бара алып салуу | 2009-жыл, практикалык иш-аракет- тер, Өкмөттүн токтом долбоору | Экономсоодамин, Мамбажыком, Өнөржайэнермин, Айылсуучарбамин, Улуттук банк |
| Менчиктештирүү | |||
| 31 | "Айыл Банк"ААКын сатуу үчүн тендерди баштоо | 2009-жылдын декабры | Маммүлкком, Улуттук банк, "Айыл Банк" ААК (макулдашуу боюнча) |
| Социалдык саясат | |||
| 32 | Ай сайын төлөнүүчү бирдиктүү жөлөкпулду (АБЖ) дайындоодо муктаждыктын деңгээлин аныктоонун методикасын өркүндөтүү | 2009-2010- жылдар, нормативдик укуктук актыларга өзгөртүү- лөрдү киргизүү | Эмгексоцмин, Финмин |
| 33 | 2010-жылдын 1-январынан баштап жумуш берүүчүдөн жумушчу үчүн Соцфондго чегерүүлөрдү кайрадан бөлүштүрүүнү жана чегерүүлөрдүн бөлүштүрүлгөн бөлүгүн топтомо пенсиялык системага жөнөтүүнү караган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу | 2009-жыл, Кыргыз Республика- сынын 2004-жылдын 24-январын- дагы № 8 "Мамлекеттик социалдык камсыздан- дыруу боюнча камсыздан- дыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү- лөрдү киргизүү | Соцфонд (макулдашуу боюнча), Эмгексоцмин, Финмин, Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы |
| 34 | 2010-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтомо бөлүктү киргизүү | 2009-жыл, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу | Соцфонд (макулдашуу боюнча), Эмгексоцмин, Финмин, Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы |
Эмгексоцмин - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги. Финмин - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги. Өнөржайэнермин - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги. Айылсуучарбамин - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги. Экономсоодамин - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги. Салыкмамком - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети. Мамбажыком - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети. Маммүлкком - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети. Мамкызматагенттиги - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги. Улуттук банк - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы. Соцфонд - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду. ЭВФ - Эл аралык валюта фонду.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы №142 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 29.07.2010 · № 142
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндөЗакон · 21.09.2001 · № 83 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
- Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндөЗакон · 28.05.1994 · № 1553-XII · Күчүн жоготкон