Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин буйругу менен бекитилген Бюджеттик мекемелердин эсептерин ачууга уруксат алуунун тартиби жөнүндө Жобо
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-11-14.
КР 2009-жылдын 20-июлундагы N 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык КҮЧҮН ТОКТОТТУ Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 15-декабрында
каттоодон өткөн. Каттоо номери 127-06.
Кыргыз Республикасынын Экономика
жана каржы министрлигинин
2006-жылдын 14-ноябрындагы
№ 215-П буйругу менен
бекитилген
Бюджеттик мекемелердин эсептерин ачууга
уруксат алуунун тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жобо
2. Бюджеттик уюмдардын эсептеринин классификациясы
3. Бюджеттик мекемелердин эсептерин ачуунун тартиби
N 1 Тиркеме. Уруксат берүү
N 2 Тиркеме. Уруксат берүү
N 3 Тиркеме. Казыналык эсептердин реестри
I. Жалпы жобо
1.1. Ушул Нускама "Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги
жоболору жөнүндө Кыргыз Республикасынын 28.05.1994-ж. № 1553- XII мый-
замына ылайык иштелип чыккан жана бюджеттик мекемелердин эсептерин ачууга уруксат алуунун тартибин аныктайт.
1.2. Бюджеттик мекеме - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик
органы тарабынан башкаруучу, социалдык-маданий, илимий-техникалык же
коммерциялык мүнөздө болбогон башка функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн тү-
зүлгөн уюм, анын негизги иши толугу менен же жарым-жартылай кирешелер
менен чыгашалардын бекитилген сметасынын негизинде мамлекеттик бюджет-
тин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
1.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28.08. 2000-ж. N 531 токтому
менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган
мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Жо-
бого ылайык ар бир бюджеттик мекеменин атайын каражаттардын бардык түр-
лөрү үчүн бир гана казыналык атайын эсеби болууга тийиш. Максаттуу чы-
гашалар үчүн бюджеттик мекемелер максаттуу программалар жана чыгашалар
(гуманитардык, демөөрчүлүк жардам, гранттар жана башкалар) тарабынан
аныкталган каражаттардын жүгүртүлүшүнө контролдукту камсыз кылуу үчүн
атайын эсепте кошумча эсептерди ачышы мүмкүн.
1.4. Казыналык администрациялык бийликтер менен макулдашуу боюнча
ар бир бюджеттик мекеме үчүн Казыналыктын жакынкы филиалын аныктайт, ал
ушул мекеменин бюджетинин аткарылышына контролдукту жүзөгө ашырат.
2. Бюджеттик уюмдардын эсептеринин классификациясы
2.1. Бюджеттик уюмдар үчүн эсептер 2 топко бөлүнөт:
- Казыналыктын системасында колдонулган эсептер (казыналык эсеп-
тер);
- Казыналыктын системасынан тышкары колдонулган эсептер (коммерци-
ялык банктарда ачылган эсептер).
Өз кезегинде Казыналык эсептер:
а) каражаттардын түзүлүшүнүн булактары боюнча:
- бюджеттик эсептер;
- атайын эсептер;
- депозиттик эсептер;
- Мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча эсептер (МИП);
- эсептешүү эсептери болуп бөлүнөт.
б) бюджеттердин дењгээлдери боюнча:
- республикалык эсептер (республикалык бюджеттен каржылануучу ме-
кемелердин эсептери);
- жергиликтүү эсептер (жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу меке-
мелердин эсептери).
3. Бюджеттик мекемелердин эсептерин ачуунун тартиби
3.1. Республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдарга эсеп-
терди ачуу үчүн уруксат Борбордук Казыналык жана анын региондук бөлүм-
дөрү тарабынан берилет:
- Министрликтерге, комитеттерге, агентстволорго жана департамент-
терге (Борбордук Аппаратка) эсептер Борбордук Казыналыктын жазуу жүзүн-
дөгү уруксаты менен ачылат;
- аларга караштуу региондук уюмдарга ал уюм жайгашкан жердеги ка-
зыналыктын облустук, райондук бөлүмдөрүнүн уруксаты менен берилет(
уруксат берүүнүн формасы нускамага карата N 1 Тиркеме).
Жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу бюджеттик уюмдардын эсептери
тиешелүү каржылоо органынын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен региондук
бөлүмдөр тарабынан ачылат.
3.2. Казыналык аймактык белгиси жана бюджеттик мекеменин макулда-
шуу боюнча ал үчүн аталган мекеме тарабынан бюджеттин аткарылышына кон-
тролдукту жүзөгө ашыра турган казыналыктын региондук бөлүмүн аныктайт.
3.3.Республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдардын казыналык эсеп-
терин (бюджеттик, атайын жана депозиттик) ачуу үчүн уруксат алуу үчүн
төмөндөгү документтерди берет:
1) арыз жазылган кат;
2) Бюджеттик уюмдун борбордук аппаратынын бюджеттик жана атайын
каражаттар боюнча кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасын (каржылоо-
нун өлчөмдөрүн өзгөртүү жөнүндө кабарлаган справканы) берет, ал Кыргыз
Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин Борбордук Казыналы-
гынын кредиттерди башкы тескөөчүсү тарабынан бекитилет жана макулдашы-
лат, ал эми казыналыктын региондук бөлүмдөрүндө казыналыктын региондук
бөлүмү, ага караштуу уюмдар жана областтык, райондук, аймактык, струк-
туралык бөлүмдөр тарабынан бекитилген, кредиттерди башкы тескөөчү тара-
бынан бекитилген кирешелердин жана чыгашалардын сметасын берет.
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун, Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентинин Жарлыктарынын, буйруктарынын, министрликтердин
жана ведомстволордун жана бюджеттик уюмдун түзүлүшү жөнүндө ( жањыдан
түзүлгөн уюмдар үчүн) буйруктардын көчүрмөлөрүн;
4) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелердин карамагына убак-
тылуу тескөө үчүн (депозиттик эсепти ачуу үчүн ) түшкөн каражаттар ме-
нен операцияларды (депозиттик эсепти ачуу үчүн) операцияларды жүзөгө
ашырууга уруксат берген нормативдик укуктук актылардын көчүрмөсүн бе-
рүүгө укуктуу.
3.4. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу уюмдар казыналык эсептерди
ачуу үчүн уруксат алуу үчүн документтердин жогоруда аталган тизмелерин
облустук, шаардык, райондук каржы органдарына беришет.
3.5. Борбордук Казыналыктын уруксаты 2 нускада даярдалат, анын
экөөнө тењ директордун же анын орун басарынын колу коюлат. Кол коюлган
нускалардын бири аткаруу үчүн Казыналыктын региондук бөлүмүнө жибери-
лет.
Мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын функциялык классификациялоого
ылайык бюджеттик уюмдардын чыгашаларынын өзүнчө эсебин жүргүзүү зарыл
болгондо Казыналыктын региондук бөлүмү кошумча түрдө бюджеттик эсеп
ачат.
Казыналыктын региондук бөлүмдөрүндө мамлекеттик инвестициялардын
долбоорлору боюнча эсептерди ачуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана
каржы министрлигинин Инвестициялык саясат башкармасы менен макулдашуу
боюнча жүргүзүлөт.
3.6. Казыналыктын региондук бөлүмдөрү бюджеттик уюмдардын казына-
лык эсептерин 18.10. 2001-жылдагы N 293-б буйрук менен бекитилген
(2002-жылдын 5-ноябрындагы N 301-Б, 2003-жылдын 4-июнундагы N 158-Б жа-
на 2004-жылдын 29-октябрындагы N 311-б буйруктарынын редакциясында)
мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын аткаруу боюнча операциялар үчүн Кыр-
гыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыналыгынын ре-
гиондук бөлүмдөрү тарабынан эсептерди ачуунун жана жүргүзүүнүн тартиби
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Нускамасына
ылайык ачат.
3.7. Бюджеттик уюмдардын эсептерин башка казыналыктын тейлөөсүнө
которуу эсепти ачууга уруксат берген тиешелүү органдын жазуу жүзүндөгү
макулдугу менен жүзөгө ашырылат ( Жобого карата N 2 Тиркеме)
3.8. "Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүн-
дө" мыйзамдын 5-статьясына ылайык Борбордук Казыналыктын атайы уруксаты
болмоюнча бир дагы бюджеттик мекеме коммерциялык банкта эсеп ачууга ый-
гарым укуктуу болбойт.
Борбордук Казыналык төмөндөгү учурларда Казыналыктын системасында-
гы коммерциялык агент банктарда бюджеттик мекемелерге эсеп ачууга урук-
сат берет;
а) Бюджеттик мекеме чет өлкөлүк инвесторлордон гранттарды, демөөр-
чүлүк жана гуманитардык жардамды алса жана грант берүүчүнүн талаптары-
нын бири коммерциялык банктардагы өзүнчө (валюталык) эсептин болушу
болсо;
б) Бюджеттик мекеме эл аралык каржылоо институттары же башка чет
өлкөлүк инвесторлор тарабынан акысыз каржылануучу биргелешкен илим
изилдөө программасынын катышуучусу болсо;
в) бюджеттик уюмдун айрым операцияларын эсепке алууну жүргүзүү өтө
эле оор болсо (Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, ИИМдин МАИБ
ж.б.);
г) Бюджеттик мекеме жарым жартылай түрдө мамлекеттик инвестиция-
лардын долбоорлорунун алкагында эл аралык уюм тарабынан каржыланса жана
бир эле мезгилде ушул программаны ишке ашыруу үчүн республикалык бюд-
жеттен кош каржылоо алып турса;
Борбордук Казыналык мамлекеттин таламдарында эсептерди ачуу үчүн
мурда берилген ыйгарым укуктарды кайра алып коюуга же ушул банктык
эсептердин бардыгын же ар кандайын жаап салууга укуктуу.
3.9. Казыналыктын системасынан тышкаркы коммерциялык агент банк-
тарда бюджеттик мекемеге эсептерди ачуу үчүн Борбордук Казыналыкка тө-
мөндөгү документтерди берүү зарыл:
1) Жазуу жүзүндөгү арыз;
2) Бюджеттик уюмга гранттарды, каржылык жардамды жана башкаларды
берүү жөнүндө Эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк инвесторлор менен келишим-
дердин, макулдашуулардын көчүрмөлөрүн;
3) Долбоорлорду жана башкаларды ишке ашыруу жөнүндө эл аралык кар-
жылоо институттары менен Макулдашууларды берүүгө тийиш.
Агент банктарда эсеп ачылгандан кийин уюм аларды коммерциялык бан-
ктарда ачылган бюджеттик уюмдардын эсептеринин реестринде эсепке алуу
үчүн эсептешүү эсебинин реквизиттерин жазуу жүзүндө Борбордук Казына-
лыкка билдирет.
3.10. Казыналыктын региондук бөлүмдөрү эсептерди санактан өткөрүү-
нүн жыйынтыгы боюнча жыл сайын Борбордук Казыналыкка 1-январга карата
алынган абал боюнча бюджеттик уюмдардын аталышын көрсөтүү менен "Казы-
налык эсептердин реестрин" берет (Жобого карата N 3 Тиркеме реестр).
N 1 Тиркеме
Уруксат беремин
(Борбордук Казыналыктын директору,
(казыналыктын регионалдык
бөлүмүнүн башчысы)
УРУКСАТ БЕРҮҮ N _______
_________________
(күнү, айы, жылы)
Ачуу үчүн ________________________________________________________
(казыналыктын бөлүмүнүн аталышы)
Уюмдун каты үчүн _________________________________________________
(бюджеттик уюмдардын аталышы)
__________________________________________________________________
(каттын N жана датасы)
казыналык ___________________________________________________ эсеп
(эсептин аталышы)
Борбордук Казыналыктын
Ыйгарым укуктуу кызматкери
(казыналыктын бөлүмү) ________
(колу)
Эскертүү: Эсеп ачуу үчүн уруксат берүүдө:
- Борбордук Казыналыкка "Уруксатка" Директор кол коет;
- Казыналыктын бөлүмү тарабынан "Уруксатка" башчы кол коет.
N 2 Тиркеме
Уруксат беремин
(Борбордук Казыналыктын директору,
(казыналыктын регионалдык
бөлүмүнүн башчысы)
УРУКСАТ БЕРҮҮ N _____
_________________
(күнү, айы, жылы)
Эсептерди которуу үчүн ___________________________________________
(бюджеттик уюмдун аталышы)
__________________________________________________________________
(казыналыктын которгон бөлүмүнүн аталышы)
__________________________________________________________________
(казыналыктын алган бөлүмүнүн аталышы)
Кайсыл мезгилден тартып _________________________________________
Бюджеттик уюмдун каты ____________________________________________
(каттын N жана датасы)
Борбордук Казыналыктын
Ыйгарым укуктуу кызматкери
(казыналыктын бөлүмү) ___________
(колу)
Эскертүү: Эсепти которууга уруксат берилгенде:
- Борбордук Казыналыкка "Уруксатка" Директор кол коет;
- Казыналыктын бөлүмү тарабынан "Уруксатка" башчы кол коет.
N 3 Тиркеме
Казыналык эсептердин
РЕЕСТРИ
_____________________________________________
(казыналыктын региондук бөлүмдөрүнүн аталышы)
| катар | Бюджеттик | Казыналык эсептин номерлери | Эскертүү | |||
| N | мекемелердин | бюджеттик | Атайын | Депозиттик | ж.б. | |
| толук аталышы |
Борбордук Казыналыктын
Ыйгарым укуктуу кызматкеринин колу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндөЗакон · 28.05.1994 · № 1553-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 14-ноябрындагы № 215/П КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУПриказ · 14.11.2006 · № 215 · Күчүн жоготкон
- Приказ Минфина КР от 18 октября 2001 года № 293-п "Об утверждении Инструкции о порядке открытия и ведения региональными отделениями Центрального казначейства Министерства…Приказ · 18.10.2001 · № 293-п · Күчүн жоготкон
- Приказ Минфина от 5 ноября 2002 года № 301-пПриказ · 05.11.2002 · № 301 · Күчүн жоготкон
- Приказ Министерства финансов КР от 4 июня 2003 года № 158-П (О внесении изменений и дополнений в Инструкцию "О порядке открытия и ведения региональными отделениями Центрального…Приказ · 04.06.2003 · № 158-П · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о специальных средствах и депозитных суммах учреждений, состоящих на государственном бюджете Кыргызской Республики" (Постановление Правительства КР от 28 августа 2000…Положение · 28.08.2000 · № 531
- Постановление Правительства КР от 28 августа 2000 года №531 "О специальных средствах и депозитных суммах учреждений, состоящих на государственном бюджете Кыргызской Республики"Постановление · 28.08.2000 · № 531 · Күчүн жоготкон