Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин „Кумтөр“ долбоорунун ишине байланышкан 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V токтомдорунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 6-февралы № 3806-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V токтомдорунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V токтомдорунун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү тастыктайт. Сүйлөшүү процессинин жүрүшүндө төмөнкүдөй келишимдерге жетишилген:
- биргелешкен ишкана "Кыргызалтын" ААКсынын келечектеги дивиденддерин 100 миллион АКШ долларында корректировкалабай туруп артыкчылыктуу өкүлчүлүктөрдүн 50 пайыздык шарттарында түзүлөт;
- "Кумтөр" кенинде тоо-кен иштеринин планын 2026-жылга чейин ишке ашыруу аяктагандан кийин кыргыз тарабы биргелешкен ишканадагы өзүнүн үлүшүн коммерциялык баа боюнча 67 пайызга чейин көбөйтүү укугун алат;
- тараптардын үлүштөрүн баалоодогу айырма тизмеги тараптар тарабынан аныкталуучу "Кумтөр" кенинин керектөөлөрү үчүн 2009-жылдан кийин сатылып алынган кымбат баалуу мобилдик жабдуулардын эсебинен "Центерра Голд Инк" компаниясынын активдерин азайтуу жолу менен теңдештирилет. Көрсөтүлгөн мобилдик жабдуулар биргелешкен ишкананын лизингине 2026-жылга чейин өткөрүлүп берилет, андан кийин биргелешкен ишкананын менчигине өтөт.
Ошону менен эле катар төмөнкүлөрдү белгилөө керек: биргелешкен ишкананын үлүшүнүн 67 пайызын Кыргыз Республикасына берүү жөнүндө шартка жетишилбегендигин;
- "Центерра Голд Инк" компаниясы чыгымдарды оптималдаштыруу шылтоосу менен жер алдында иштеп чыгуу долбоорун токтотуп койгондугун жана жер алдындагы иштер үчүн гана колдонулган техникаларды сатуу жөнүндө чечим кабыл алгандыгын.
"Ата-Мекен" жана "Ар-Намыс" фракциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" ААКсынын жана "Центерра Голд Инк" компаниясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына жооп бербеген "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоонун шарттары жөнүндө Макулдашуунун жаңы долбоорун четке кагышты. "Республика" фракциясы болсо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" ААКсынын жана "Центерра Голд Инк" компаниясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына жооп бербеген Макулдашуунун жаңы долбоорун тааныды. КСДП фракциясы "Кумтор" долбоорун туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо жана кыргыз элинин кызыкчылыктары максатында өз сунуштарын киргизди. Ошондой эле "Ата-Журт" фракциясы 2013-жылдын октябрь айында эле "Кумтөр" долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумду Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына жооп бербеген катары тааныгандыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө "Кумтөр" долбоору боюнча баардык макулдашуулардан бир тараптуу тартипте чыгууну сунуштагандыгын белгилей кетүү зарыл. 2014-жылдын 18-январында "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоонун шарттары жөнүндө түзүлгөн Макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кумтөр" долбоорундагы Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртпагандыгын жана үлүшүн 27 пайызга чейин көбөйтө албагандыгын көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк процесстердин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча ченемдердин жана талаптардын "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКсы тарабынан сакталышын текшерүү жана иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк процесстердин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча ченемдердин жана талаптардын "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКсы тарабынан сакталышын текшерүү жана иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V жана 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V токтомдорун аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кумтөр" долбоорундагы Кыргыз Республикасынын үлүшүн 67 пайызга чейин көбөйтүү жаатындагы ишине жетишилген жок деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2014-жылдын 18-январындагы "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоонун шарттары жөнүндө Макулдашуудан келип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка документтерди даярдоодо төмөнкүлөрдү карасын:
- биргелешкен ишкананы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасында түзүүнү;
- "Центерра Голд Инк" компаниясына кийин башкаруучу компанияны эл аралык стандарттар боюнча сынактык тандоо жүргүзүү менен башкаруучу компаниянын иш милдеттерин үч жылдан ашпаган мөөнөткө жүктөөнү;
- биргелешкен ишкананын директорлор кеңешин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 3 жылга түзүүнү;
- биргелешкен ишкананы башкаруунун аткаруучу органынын мүчөлөрүн тандоону, жалдоону жана бошотууну директорлор кеңеши бекиткенден кийин жүргүзүүнү;
- "Кумтөр" кенин жер алдында иштетүү ыкмасы менен башка операторго өткөрүү, ошондой эле уулуу заттар сакталган жайлардагы алтынды бөлүп алуу мүмкүнчүлүгүн жана укугун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү мөөнөттөрүнүн кыскартылышын;
- "Кумтөр" кениндеги экологиялык жана тоо-кен техникалык маселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык комплекстүү чечүүнү;
- "Кумтөр" кенинде рекультивациялык иштерди эл аралык стандарттарга ылайык толук жана сапаттуу жүргүзүү үчүн рекультивациялоонун жетиштүү көлөмдөгү Трасттык фондун түзүүнү;
- жабдуулардын лизингинин өтө пайдалуу шарттарын (төмөндөтүлгөн пайыздык ставка менен) белгилөөнү;
- "Центерра Голд Инк" компаниясындагы "Кыргызалтын" ААКсынын акцияларынын пакетине ылайык 2013-жылдын жыйынтыктары боюнча "Центерра Голд Инк" компаниясынын кирешелеринен "Кыргызалтын" ААКсы тарабынан атайын дивиденддердин алынышын;
- "Кумтөр" долбоорунда "Центральный" участкасын гана иштетүүнү;
- рекультивациялык чала бүткөн иштерге карата колдонуудагы милдеттенмелерди "Центерра Голд Инк" компаниясына бекитип берүүнү.
3. Өлкөнүн экономикасына зыян келтирген "Кумтөр" долбоору боюнча макулдашууларды, келишимдерди жана башка документтерди даярдоого жана кол коюуга катышкан кызмат адамдарын жана башка адамдарды кылмыш ишине тартуу, анын ичинде "Кумтөр" кени боюнча баалуу металлдардын корлорун эсептөөнү атайлап төмөндөтүү фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматы эске алынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы өлкөнүн экономикасына зыян келтирген "Кумтөр" долбоору боюнча макулдашууларды, келишимдерди жана башка документтерди даярдоого жана кол коюуга катышкан кызмат адамдарын жана башка адамдарды кылмыш ишине тартуу, анын ичинде "Кумтөр" кени боюнча баалуу металлдардын корлорун эсептөөнү атайлап төмөндөтүү фактылары боюнча иштерди акыр-аягына чейин жеткирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мурдагы жылдары долбоорду ишке ашырууда кыргыз тарабынын кызыкчылыктарын жана укуктарын кемсинтүүгө байланыштуу "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо үчүн коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык шарттар жөнүндө "Центерра Голд Инк" компаниясынын акционерлерине маалымдасын;
- "Кумтөр Оперейтинг Компани" жана "Кумтөр Голд Компани" ЖАКларынын "Кумтөр" кениндеги өндүрүштүк-чарбалык иштерине финансылык-техникалык жана салык аудитин жүргүзүүнү демилгелесин;
- эксперттик коомдоштукту тартуу менен тиешелүү финансылык-экономикалык эсептерди жана юридикалык кесепеттерди аныктоону өткөрүү, окуялардын өнүгүшүнүн варианттарын иштеп чыгуу аркылуу "Кумтөр" долбооруна карата колдонула турган стратегиялык объектилерди улутташтыруунун эл аралык практикасын кошумча изилдөөнү жүргүзсүн. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна 3 айлык мөөнөттө киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
"Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоодо жана 2003-жылы "Центерра Голд Инк" компаниясын түзүүдө Кыргыз Республикасынын үлүшүн төмөндөтүү боюнча фактыларды териштирүүнүн жыйынтыктарынын негизинде мамлекетке келтирилген экономикалык жана экологиялык зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрсүн; Ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө 2014-жылдын 12-майына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча, Эл аралык иштер боюнча, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча, Бюджет жана финансы боюнча комитеттерине жүктөлсүн.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 125-б (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомунун 6-пунктун аткаруу боюнча иштерди уюштуруу…Распоряжение · 18.04.2014 · № 125-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 1038-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 494-VII токтому менен…Постановление · 16.03.2023 · № 1038-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 9-апрелиндеги № 4977-V "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013 жылдын 21-февралындагы № 2805-V…Постановление · 09.04.2015 · № 4977-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-февралындагы № 4841-V "Кумтөр" долбоорунун ишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V…Постановление · 26.02.2015 · № 4841-V
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-июлундагы № 254-б («Кумтөр» долбоору боюнча түзүлүүчү биргелешкен ишкананы уюштуруу документтеринин пакетин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык…Распоряжение · 07.07.2014 · № 254-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-майындагы № 143-б ("АМЕС Earth & Environmental UK Ltd" компаниясы менен Кызмат көрсөтүү жөнүндө жаңы Макулдашууну түзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 02.05.2014 · № 143-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 69-б ("Pricewaterhouse Coopers" компаниясы менен кызмат көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун колдонулуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 02.03.2015 · № 69-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 119-б ("Центерра Голд Инк." компаниясы менен "Кумтөр" долбоору боюнча экологиялык жана тоо-кен техникалык маселелерди чечүүчү…Распоряжение · 08.04.2014 · № 119-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-сентябрындагы № 4290-V "V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-2015-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 03.09.2014 · № 4290-V
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 578-б (Кырыгз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 125-б буйругуна өзгөртүлөрдүү киргизүү жөнүндө) буйругу.Распоряжение · 17.12.2014 · № 578-р
Шилтеме берет (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана…Постановление · 21.02.2013 · № 2805-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты…Постановление · 05.06.2013 · № 3169-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013 жылдын 23 октябрындагы № 3508-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу…Постановление · 23.10.2013 · № 3508-V
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-январындагы № 32 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, “Кыргызалтын” ачык акционердик коому менен “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы “Кумтөр”…Постановление · 18.01.2014 · № 32 · Күчүн жоготкон