Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Кумтөр» долбоору боюнча түзүлүүчү биргелешкен ишкананы уюштуруу документтеринин пакетин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 7-июлу № 254-б «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кумтөр» долбоорунун ишине байланышкан 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V токтомдорунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомун ишке ашыруу максатында, ошондой эле 2014-жылдын 18-январындагы «Кумтөр» долбоорун реструктуралаштыруунун шарттары жөнүндө макулдашууга ылайык «Кумтөр» долбоору боюнча укуктук жана корпоративдик маселелерди жөнгө салуу үчүн:
1. «Кумтөр» долбоору боюнча түзүлүүчү биргелешкен ишкананы уюштуруу документтеринин пакетин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ:
- төмөнкү маселелер боюнча документтердин пакетин иштеп чыксын:
биргелешкен ишкананын уюштуруу-укуктук формасын аныктоо, башкаруу органдарын түзүү тартибин, башкаруу органдарынын функцияларын, ыйгарым укуктарын жана башка укуктук жана корпоративдик маселелерди бекитүү; ишкананын уставдык капиталынын өлчөмүн жана аны түзүү тартибин, ошондой эле финансылык операцияларды алып барууну, акча агымдарынын кыймылын, аудитти, текшерүүлөрдү жүргүзүү, бухгалтердик отчёттуулук, салыктык жана бажылык төлөмдөрдү төлөө жана башка финансы-экономикалык багыттагы маселелерди аныктоо;
- биргелешкен ишкананын уюштуруу-укуктук формасын аныктоо, башкаруу органдарын түзүү тартибин, башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бекитүү маселелерин жана башка укуктук жана корпоративдик маселелерди чечүү үчүн «Центерра Голд Инк» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тийиштүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-октябрындагы № 418-б буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри В.И.Дилге жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-июлундагы № 254-б буйругуна тиркеме
«Кумтөр» долбоору боюнча түзүлүүчү биргелешкен ишкананын уюштуруу документтеринин пакетин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун
Курамы
Диль В.И
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Сариев Т.А.
- Кыргыз Республикасынын экономика министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Лаврова О.В.
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Абдылдаев Э.Б.
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Артыкбаев О.М.
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;
Мамбеталиева Ж.Ж.
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Тойчубеков Ю.Ж.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жонго салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Осмонов З.Б.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Жунусов А.О.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Аширов Б А.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Абулгазиев М.Д.
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;
Шаршеналиев Б.А.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;
Молдоканов Ш.И.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Алимбеков А.М.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Иманалиев Д.Ш.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти;
Казаков К.К.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Борбордук күрөө каттоочу конторасы, Мамлекеттик соттук экспертиза борбору жана юридикалык жактарды каттоо иштери боюнча башкармасынын начальниги;
Шакиров К.А.
- «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармасынын терагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-октябрындагы № 418-б (Жумушчу топтор түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 12.10.2013 · № 418-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралы № 3806-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V…Постановление · 06.02.2014 · № 3806-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана…Постановление · 21.02.2013 · № 2805-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты…Постановление · 05.06.2013 · № 3169-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013 жылдын 23 октябрындагы № 3508-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу…Постановление · 23.10.2013 · № 3508-V
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-октябрындагы № 418-б (Жумушчу топтор түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 12.10.2013 · № 418-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-январындагы № 32 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, “Кыргызалтын” ачык акционердик коому менен “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы “Кумтөр”…Постановление · 18.01.2014 · № 32 · Күчүн жоготкон