Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун 6-пунктун аткаруу боюнча иштерди уюштуруу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүшү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 18-апрели № 125-б (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 578-б буйругунун редакциясыны ылайык) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V токтомдорунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомунун 6-пунктун ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомунун 6-пунктун аткаруу боюнча иштерди уюштуруу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомунун 6-пунктунан келип чыккан чараларды көрсүн жана тийиштүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен аталган пунктту аткаруу боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштурсун.
3. Жумушчу топко зарыл болгон учурда керектүү маалыматтарды сурап алууга, ошондой эле министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методологиялык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
Премьер-министри
Дж.К. Оторбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 125-б буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомунун 6-пунктун аткаруу боюнча иштерди уюштуруу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 578-б буйругунун редакциясыны ылайык)
Маматалиев А.М.
-
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Касымалиев А.А.
-
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Зилалиев Д.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Сабиров М.Э.
-
"Республика" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Дооталиев У.Т.
-
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Азимова А.К.
-
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Калыев С.А.
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Кадыркулов М.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Абдыкаимов О.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Пирназаров М.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Муратбеков Ж.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) төрагасынын орун басары;
Осмоналиев А.Ш.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы;
Кадырбеков И.Д.
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ар-Намыс" парламенттик фракциясынан сунушталган эксперт (макулдашуу боюнча);
Абдрасилов Г.К.
-
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Мамбетов Б.Э.
-
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
Ирсалиев Д.И.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралы № 3806-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V…Постановление · 06.02.2014 · № 3806-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана…Постановление · 21.02.2013 · № 2805-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты…Постановление · 05.06.2013 · № 3169-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013 жылдын 23 октябрындагы № 3508-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу…Постановление · 23.10.2013 · № 3508-V
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.