Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («АМЕС Earth & Environmental UK Ltd» компаниясы менен Кызмат көрсөтүү жөнүндө жаңы Макулдашууну түзүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 2-майы № 143-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V токтомдорунун Кыргыз Республикасынын Өкметү тарабынан аткарылышы жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кумтөр" долбоору боюнча "Центерра Голд Инк." компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча Консультациялык кеңештин 2014-жылдын 18-апрелиндеги чечимин көнүлгө алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- "Кыргызалтын" ачык акциокердик коомунун акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда төмөнкү маселелерди чечсин:
"Pricewaterhouse Coopers" компаниясы менен Кызмат көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун колдонулуу мөөнөтүн 2014-жылдын 31-декабрына чейин узартуу жөнүндө (сатып алынуучу кызмат көрсөтүүлөрдү ата мекендик компаниялар тийиштүү деңгээлде көрсөтө алышпастыгын эске алуу менен); "АМЕС Earth & Environmental UK Ltd" компаниясы менен Кызмат көрсөтүү жөнүндө жаңы Макулдашууну түзүү тууралуу.
2. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармасынын терагасынын орун басары Шакиров Кылычбек Абидиновичке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан "Pricewaterhouse Coopers" компаниясы менен кызмат көрсөтүү мөөнөтүн узартууну караган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргоого тиешелүү ишеним кат берилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр-жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу болүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралы № 3806-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V…Постановление · 06.02.2014 · № 3806-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана…Постановление · 21.02.2013 · № 2805-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты…Постановление · 05.06.2013 · № 3169-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013 жылдын 23 октябрындагы № 3508-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу…Постановление · 23.10.2013 · № 3508-V