Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Жаңы жемиштердин жана жашылчалардын коопсуздугу жөнүндө» технический регламент (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 13 августа 2019 года № 409 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О Плане мероприятий по применению технических регламентов Таможенного союза/Евразийского экономического союза в Кыргызской Республике" от 29 марта 2017 года № 184"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-08-13.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 409 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-январындагы № 26 токтому менен бекитилген "Жаңы жемиштердин жана жашылчалардын коопсуздугу жөнүндө" ТЕХНИКАЛЫК РЕГЛАМЕНТ
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Жаңы жемиштердин жана жашылчалардын коопсуздугу жөнүндө" ушул техникалык регламент (мындан ары - Техникалык регламент) жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, жаныбарларды жаиа өсүмдүктөрдү коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо, жаңы жемиштерди жана жашылчаларды керектөөчүлөрдү адаштырган аракеттердин алдын алуу максатында иштелип чыкты.
2. Техникалык регламент жаңы түрүндө керектелүүчү жемиштер менен жашылчалардын коопсуздугуна, аларды өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана жок кылуу процесстерине милдеттүү түрдө колдонулууга жана аткарылууга тийиш болгон талаптарды белгилейт.
Ушул Техникалык регламенттин талаптары Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүдө болгон жаңы жемиштер менен жашылчаларга жайылтылат.
3. Бул Техникалык регламенттин техникалык жөнгө салуу объекттери болуп төмөнкүдөй жаңы жемиштер менен жашылчалар саналат:
1) картошка:
2) томаттар;
3) тоголок пияз, порей пиязы жана башка пияз сымал жашылчалар, сарымсак;
4) тоголок капуста, түстүү капуста, жалбырактуу капуста жана ушуга окшогон жегенге жарактуу жашылчалар;
5) сабиз, шалгам, ашкана кызылчасы, сельдерей, чамгыр жана башка тамыры мөмө өсүмдүктөр;
6) алма, алмурут жана башка чемичкелүү өсүмдүктөр;
7) кабыгы сыйрылган жана сыйрылбаган буурчак жашылчалары;
8) бакча өсүмдүктөрү (дарбыз, коон ж.б.) жана бадыраң;
9) абрикос, алча, гиляс, шабдалы, кара өрүк жана башка данектүү өсүмдүктөр, жүзүм жана башка мөмөлүү өсүмдүктөр (дан куурай, карагат, бүлдүркөн, чычырканактын ашы ж.б.);
10) жашылча өсүмдүктөр (ашкөк, салат, петрушка ж.б.).
4. Бул Техникалык регламентте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
тамак-аш азыктарынын коопсуздугу - тамак-аш азыгы өзүнүн арналышына ылайык даярдалган жана (же) желген учурда бул азык керектөөчүгө зыян келтирбей тургандыгынын кепилдиги; корголгон жер кыртышы - жай-кышы жашылчаларды жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн өстүрүү үчүн имараттар (теплицалар, парниктер, жылууланган жер кыртышы); идентификациялоо - жаңы жемиштердин жана жашылчалардын органолептикалык жана физикалык-химиялык мүнөздөмөлөрүнө окшоштугун белгилөө; зыянсыздандыруу - жугуштуу ооруларды козгогучтарды жок кылууга багытталган үрөндү дарылоо боюнча иш-чаралар; өндүрүштүк контроль - бул санитардык эрежелерди жана гигиеналык ченемдерди сактоо боюнча жеке жана юридикалык жактар жүзөгө ашыруучу чаралардын комплекси, ошондой эле продукциянын коопсуздугун камсыздоого багытталган алдын алуучу иш-чараларды аткаруу жана өндүрүлүп жаткан продукциянын булгануу тобокелдигин азайтуу; таңгактоочу - бул жеке же юридикалык жак, ал товарды иреттеп салуу, маркалоо жана таңгактоо үчүн жоопкерчилик тартат; фумигациялоо (газациялоо) - зыянкечтерге каршы (курт-кумурскалар, жөргөмүштөр, кемирүүчүлөр жана башкалар) жылчыксыздоо шарттарында тамак-аш продуктуларын, чийки заттарды жана материалдарды дарылоо.
2-глава. Жаңы жемиштер менен жашылчаларды өндүрүү процесстерине карата коопсуздук талаптары
5. Импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жаңы жашылча менен жемиштер коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча ушул Техникалык регламенттин 1 жана 2-тиркемесинде белгиленген талаптарга шайкеш келген учурда жүгүртүүгө жол берилет.
6. Жаңы жемиштерди жана жашылчаларды өндүрүүдө "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары сакталууга тийиш.
7. Жаңы жемиштер менен жашылчаларды өндүрүү процессинде өндүрүүчү керектөөчүнүн ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында төмөнкүдөй учурларда мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жоюу боюнча чараларды көрүүгө тийиш:
1) үрөндү зыянсыздандырууда;
2) кыртышты себүүгө даярдоодо;
3) жер семирткичти пайдаланууда;
4) кыртышты сугарууда;
5) жайларды, жабдууларды жана шаймандарды санитардык тазалоодо;
6) түшүмдү жыйноодо жана аны сактоодо.
8. Өндүрүү учурунда жаңы жемиштер менен жашылчалардын коопсуздугун камсыздоо төмөнкүдөй принциптерге негизделген:
1) колдонулуп жаткан отургузулуучу материал жана үрөн жөнүндө маалыматтын милдеттүү түрдө болушу;
2) пестициддердин, биопрепараттардын, минералдык жер семирткичтердин ар бир партиясынын сапатын жана коопсуздугун билдире турган документтердин болушу;
3) которуштуруп айдоону же үрөндү которуштурууну ишке ашыруу;
4) айлана-чөйрөнүн булганышынын тобокелдиктерин кыскартуу.
9. Төмөнкүлөрдү пайдаланууга жол берилбейт:
1) кыртышты сугаруу үчүн тазаланбаган канализация суусун;
2) өсүмдүктөрдүн, ошондой эле үрөндүн жана башка отургузулуучу материалдын гендик модификацияланган сортторун жана гибриддерин.
10. Жер үстүндөгү жана жер астындагы булактардан чарбалык-ичүү муктаждыктарына суу берген суу менен жабдуу булактарынын жана суу түтүк курулуштарынын санитардык коргоо зоналары болууга жана алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш.
11. Жаңы жемиштер менен жашылчаларды ташууга жана сактоого арналган идиш кургак, таза, бөтөн жыты жок болууга тийиш.
12. Жаңы жемиштер менен жашылчалар айлана-чөйрөнү коргоону камсыздоо үчүн карантиндик объекттерден эркин болушу керек жана өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына жооп берүүгө тийиш.
13. Жашылча жана жемиштерди өндүрүүчү (сатуучу) "Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоого тийиш.
14. Жаңы жемиштер менен жашылчаларда патогендик микроорганизмдердин жана мите ооруларын козгогучтардын (гельминттердин жумурткалары, жөнөкөй патогендик ичеги-карын цистери жана башкалар), алардын жугуштуу же мите ооруларын пайда кылган, адамдын ден соолугуна коркунуч келтирген токсиндеринин болушуна жол берилбейт.
3-глава. Жаңы жемиштер менен жашылчаларды таңгактоого жана маркалоого карата талаптар
15. Таңгактоо учурунда чириктин жана көк басуунун белгилери бар жана (же) формасы бузулган жемиштер менен жашылчалардын болушуна жол берилбейт.
16. Идишке салынган жашылчалар жана жемиштер "Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык этикетка же маркаланган каттама-баракча менен жабдылууга тийиш.
17. Маркалоодо көрсөтүлгөн маалымат климаттык факторлордун таасирине туруктуу болууга тийиш жана керектөөчүлөрдүн жаңылып калуусуна алып келбеши керек, ал таңгактын курамдык бөлүгү болуп саналат.
18. Ушул Техникалык регламенттин жоболоруна шайкеш келген жаңы жемиштер менен жашылчалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине шайкештик белгисинин графикалык сүрөттөлүшүнүн эскизин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык Техникалык регламентке шайкештик белгиси менен маркаланат.
19. Шайкештик белгисинин сүрөттөлүшү коштогон документтерге киргизилет жана (же) транспорттук таңгакка түшүрүлөт.
20. Техникалык регламентке шайкештик белгисин түшүрүү ыкмасын жана ордун продукцияны жасап чыгаруучу өз алдынча аныктайт.
4-глава. Сактоо, ташуу жана сатуу учурунда жаңы жемиштер менен жашылчалардын коопсуздугуна карата талаптар
21. Жаңы жемиштер менен жашылчалардын сактоо жана ташуу шарттарын өндүрүүчү белгилейт.
22. Берүүчү (сатуучу) продукцияны сактоодо, ташууда жана сатууда өндүрүүчү белгилеген шарттарды камсыздоого тийиш.
23. Жаңы жемиштер менен жашылчаларды ташуу үчүн колдонулуучу транспорт ушул максаттарга арналуусу жана продукциянын сакталышын жана коопсуздугун камсыздоосу керек.
24. Сыноолорду (өлчөөлөрдү) жүргүзүү учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте метрологиялык аттестациядан жана текшерүүдөн өткөн бекитилген типтеги өлчөө каражаттары колдонулууга тийиш.
25. Ушул Техникалык регламенттин жоболоруна шайкеш келбеген жаңы жемиштер менен жашылчалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июлундагы № 407 "Сатууга жараксыз деп табылган продуктуларды (товарлар) жок кылуунун (кайра иштетүүнүн) тартиби тууралуу" токтомуна ылайык жок кылынат.
5-глава. Идентификациялоо
26. Жаңы жемиштер менен жашылчаларды идентификациялоо төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:
1) керектөөчүлөрдүн жаңы жемиштер менен жашылчаларды алар жөнүндө ишенимдүү маалыматын эске алуу менен негиздүү тандоо укуктарын камсыздоо;
2) керектөөчүнү ак ниет эмес өндүрүүчүдөн (сатуучудан) коргоо;
3) ушул Техникалык регламенттин талаптарына продукциянын шайкештигин белгилөө;
4) өндүрүүчү (сатуучу) билдирген маалыматтарга продукциянын шайкештигин баалоо.
27. Жаңы жемиштер менен жашылчаларды идентификациялоону төмөнкүдөй учурларда жүргүзөт:
1) жаңы жемиштер менен жашылчалар техникалык жөнгө салуу объекттеринин катарына таандык экенин белгилөө. Идентификациялоо керектөө таңгагында же коштоо документтеринде көрсөтүлгөн маалыматтарды көз менен көрүп, салыштыруу аркылуу жүргүзүлөт, ушул көрсөтүлгөн Техникалык регламенттин 3-пунктунда жана ушул техникалык регламентке далил катары колдонулган стандарттарда камтылган аныктамаларда сүрөттөлгөн белгилер эске алынат;
2) продукцияны идентификациялоо үчүн маалыматтын жетишсиздиги же ишенимсиздиги.
6-глава. Жаңы жемиштер менен жашылчалардын шайкештигин баалоо
28. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана жүгүртүүдө болгон жаңы жемиштер менен жашылчалар ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келген учурда аларды ички рынокко жайгаштырууга жол берилет.
29. Продукциянын шайкештигин баалоо төмөнкүдөй формаларда жүргүзүлөт:
1) өндүрүштүк контролдоо;
2) шайкештигин декларациялоо;
3) мамлекеттик көзөмөл.
30. Өндүрүштүк контролду продукцияны өндүрүүчү өндүрүштүк-технологиялык процесстин ар бир этабында ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоо менен коркунучтуу тобокелдиктерди жана опурталдуу контролдук чекиттерди талдоо тутумдарынын же продукциянын сапатын жана (же) коопсуздугун камсыздоочу менеджмент тутумдарынын негизинде жүргүзөт.
31. Өндүрүштүк контролдоо ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоо менен өндүрүүчү иштеп чыккан жана бекиткен өндүрүштүк контролдоо программасына ылайык жүргүзүлөт.
32. Өндүрүштүк контролдоо программасы төмөнкүдөрдү камтууга тийиш:
1) продукцияны өндүрүүнүн, сактоонун жана сатуунун бардык этаптарында өндүрүштүк контролдоо боюнча иш-чаралардын тизмесин жана аткаруу мөөнөтүн;
2) продукциянын, тышкы чөйрө объекттеринин жана даяр продүкциянын белгиленген мезгилдүү лабораториялык контролун;
3) өндүрүү процесстеринин контролдонуучу этаптарын;
4) технологиялык жабдууну техникалык тейлөөнүн графиктерин жана режимдерин;
5) жетекчилик тарабынан өндүрүштүк контролдун ички аудитин;
6) өндүрүү процесстерин жүзөгө ашырууда эреже бузууларды табуу жана алдын алуу боюнча оңдоочу иш-чараларды жүргүзүү графигин;
7) жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүнү четтетүү боюнча иш-чараларды (анын ичинде санитардык тазалоо, газациялоо, дегазациялоо, дезинфекциялоо, дератизациялоо жана дезинсекциялоо боюнча иш-чараларды) жүргүзүү тартибин;
8) өндүрүштүк контролдоо схемасын аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тарткан кызмат адамдарынын тизмесин.
33. Өндүрүштүк контролдоо программасына өзгөртүүлөрдү ишкананын жетекчиси, жеке ишкер же анын ыйгарым укуктуу адамы өкдүрүштүн технологиялык процессинде инженердик жана техникалык өзгөртүүлөр жүргүзүлгөн учурларда киргизет.
34. Өндүрүштүк контролдоо сыноо жүргүзүү менен коштолот. Ушул Техкикалык регламенттин талаптарына шайкештиги жагынан табыштамачы тиешелүү түрдө идентификациялаган продукцияны сыноо менчигинин түрүнө карабастан, аккредитацияланган сыноо лабораториясында (борборунда) жүргүзүлөт.
35. Продукциянын шайкештигин декларациялоону табыштамачы өз далилдеринин жана (же) үчүнчү тараптын катышуусу менен алынган далилдердин негизинде декларацияны кабыл алуу аркылуу жүзөгө ашырат.
36. Табыштамачы продукциянын белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештигин ырастаган документтердин негизинде шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алат.
Табыштамачы декларациялоону төмөнкүдөй схемалардын бири боюнча жүзөгө ашырууга укуктуу:
1) Д1 схемасы - өз далилдеринин негизинде азыктардын шайкештиги жөнүндө декларацияны кабыл алууда колдонуу сунуш кылынат. Мында декларацияны кабыл алып жаткан табыштамачы продукциянын ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин ырастоо максатында далилдик базаны өз алдынча түзөт;
2) Д2 схемасы - Д1 схемасындай эле шарттарда колдонуу сунуш кылынат, бирок өз далилдерине кошумча, табыштамачы техникалык документтердин комплектине аккредитацияланган сыноо лабораторияларында үчүнчү тарап жүргүзгөн декларацияланган продукцияны сыноонун протоколдорун кошот;
3) Д2а схемасын - Д2 схемасы сыяктуу эле шарттарда колдонуу сунуш кылынат, бирок өз далилдерине кошумча түрдө, табыштамачы өзүнүн өндүрүшүнөн чыккан продукциянын же анын курамдык бөлүктөрүнүн сапат жана (же) коопсуздук менеджментинин тутумуна тастыктаманы көрсөтөт.
37. Продукциянын сапат жана (же) коопсуздук менеджменти тутумунун тастыктамасы продукциянын шайкештигин декларациялоонун бардык схемасына карата далил базасынын курамында колдонулушу мүмкүн.
38. Далил базасы ушул Техникалык регламенттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууну ырастаган сыноонун натыйжаларын камтууга тийиш. Изилдөөлөр (сыноолор) менчигинин түрүнө карабастан аккредитацияланган сыноо лабораториясында (борборунда) жүргүзүлүшү мүмкүн.
39. Далил базасы катары төмөнкүлөр да колдонулушу мүмкүн:
1) техникалык документтер;
2) жеке сыноолордун жана өлчөөлөрдүн натыйжалары;
3) шайкештик тастыктамасы же сыноолордун протоколдору;
4) ченемдик укуктук актыларда каралган жана саламаттык сактоо жана фитосанитария жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар менен уюмдар берген документтер (гигиеналык корутундулар, ж.б.);
5) декларацияланып жаткан продукциянын ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкештиги жөнүндө билдирүү үчүн негиз болгон башка документтер.
40. Шайкештик жөнүндө декларация продукцияны чыгаруунун пландаштырылган мезгилине же аларды сатуу мөөнөтүнө негизделүү менен табыштамачы тарабынан белгиленген мезгилге, бирок бир жылдан көп эмес мөөнөткө кабыл алынат.
41. Шайкештик жөнүндө декларация бир даярдоочу чыгарган жана ушул Техникалык регламенттин коопсуздук талаптары боюнча декларациялануучу конкреттүү продукцияга карата кабыл алынат. Мында бир түрдүү топтогу продукцияга шайкештик жөнүндө декларацияга тиркеме таризделет, ал анын күчү жайылтылган продукциянын тизмесин жана (же) шайкештик жөнүндө декларацияга кирбеген кошумча маалыматтарды камтыйт.
42. Продукциянын ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкештиги жөнүндө кабыл алынган декларацияны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик көзөмөл боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган үч күндүн ичинде каттоого тийиш.
43. Продукцияны өндүрүүдө (сатууда) анын сапаты жана (же) коопсуздук менеджмент тутумун киргизүүнү продукцияны өндүрүүнү (сатууну) ишке ашырган өндүрүүчү (сатуучу) камсыздайт. Өндүрүүчү продукциянын коопсуздук менеджментинин натыйжалуу тутумун түзүүгө, документтөөгө, киргизүүгө жана иштеген абалда кармоого, ошондой эле өндүрүштүк-технологиялык процесстин ар бир этабында өндүрүштүк контролду (жаңы жемиштер менен жашылчалардын коркунучтуу тобокелдиктерин жана кыйчалыш контролдук чекиттерди же коопсуздук менеджмент тутумун талдоонун негизинде) жүзөгө ашырууга милдеттүү.
44. Ушул Техникалык регламенттин жоболорунун сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү баскычында жүргүзүлөт.
45. Ушул Техникалык регламенттин талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик көзөмөл боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.
46. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактан алынган шайкештикти баалоо жөнүндө документтер, шайкештик белгилери, продукцияны сыноонун протоколдору Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык таанылат.
47. Ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкештиги ырасталган продукция Техникалык регламентке шайкештик белгиси менен маркаланат.
48. Сыноолордун (өлчөөлөрдүн) эрежелери жана ыкмалары, анын ичинде жаңы жемиштер менен жашылчалардын коопсуздук шайкештигин баалоо жол-жоболорунда колдонулуучу сынакты тандоо ыкмалары Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган улуттук, эл аралык, региондук стандарттардын, уюмдардын стандарттарынын, технологиялык жана башка документациянын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
49. Сынакты тандоо ыкмалары, сыноолордун (өлчөөлөрдүн) эрежелери жана ыкмалары боюнча улуттук, эл аралык, региондук стандарттардын, уюмдардын стандарттарынын, технологиялык жана башка документациянын жоболору ушул Техникалык регламенттин жоболоруна карама-каршы келүүгө тийиш эмес.
7-глава. Ушул Техникалык регламенттин талаптарынын бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик
50. Ушул Техникалык регламенттин жоболорун бузгандыгы үчүн өндүрүүчү (берүүчү, сатуучу) Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине ылайык администрациялык жоопкерчилик тартат.
51. Зыяндын ордун толтуруу боюнча өндүрүүчүнүн (берүүчүнүн, сатуучунун) милдети ордун толтуруу үчүн негиздер келип чыкканга чейин түзүлгөн келишим же бир тараптуу билдирүү менен чектелиши мүмкүн эмес. Ордун толтурууга укугу пайда болгонго чейин түзүлгөн жоопкерчиликти чектөө жөнүндө макулдашуулар же билдирүүлөр жокко эсе.
"Жаңы жемиштердин жана жашылчалардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин 1-тиркемеси
Жаңы жемиштердин жана жашылчалардын коопсуздук көрсөткүчтөрүнүн ТИЗМЕСИ
Көрсөткүчтөр
Жол берилген деңгээлдер, мг/кг ашык эмес
Эскертүү
Токсиндүү элементтер:
Коргошун
0,5
Жашылча, картошка жана бакча өсүмдүктөрү
0,4
Жемиштер, мөмөлөр
Мышьяк
0,2
Жашылча, картошка, бакча өсүмдүктөрү, жемиштер, мөмөлөр
Кадмий
0,03
Жашылча, картошка, бакча өсүмдүктөрү, жемиштер, мөмөлөр
Сымап
0,02
Жашылча, картошка, бакча өсүмдүктөрү, жемиштер, мөмөлөр
Нитраттар
250
Картошка
900
Эрте (1-сентябрга чейин) бышуучу башы ак капуста
500
Кеч бышуучу башы ак капуста
400
Эрте (1-сентябрга чейин) бышуучу сабиз
250
Кеч бышуучу сабиз
150
Томаттар
300
Корголгон жер кыртышында өстүрүлгөн томаттар
150
Бадыраң
400
Корголгон жер кыртышында өстүрүлгөн бадыраң жана кабачки
1400
Ашкана кызылчасы
80
Тоголок баш пияз
600
Сүйрү пияз
800
Корголгон жер кыртышында өстүрүлгөн сүйрү пияз
2000
Жашылча өсүмдүктөр (салат, шпинат, козу кулак, салат сортундагы капуста, петрушка, сельдерей, кинза, ашкөк ж.б.)
200
Таттуу калемпир
400
Корголгон жер кыртышында өстүрүлгөн таттуу калемпир
60
Дарбыз
90
Коон
4500
1-октябрдан 31-мартка чейин корголгон жер кыртышында өстүрүлгөн жаңы латук салаты
4000
1-октябрдан 31-мартка чейин корголбогон жер кыртышында өстүрүлгөн жаңы латук салаты
3500
1-апрелден 30-сентябрга чейин корголгон жер кыртышында өстүрүлгөн жаңы латук салаты
2500
1-апрелден 30-сентябрга чейин корголбогон жер кыртышында өстүрүлгөн жаңы латук салаты
2000
корголгон жер кыртышында өстүрүлгөн айсберг тибиндеги латук салаты
2500
корголбогон жер кыртышында өстүрүлгөн айсберг тибиндеги латук салаты
Пестициддер(*):
Гексахлорциклогексан (a, b, g-изомерлер)(*)
0,1
Картошка, жашыл буурчак, кант кызылчасы
0,5
Жашылчалар, бакча өсүмдүктөрү
0,05
Жемиш, мөмө, жүзүм
ДДТ жана анын метаболиттери(*)
0,1
Жашылча, картошка, бакча өсүмдүктөрү, жемиштер, мөмөлөр
Радионуклиддер:
цезий-137
80 Бк/кг
Картошка
стронций-90
40 Бк/кг
цезий-137
80 Бк/кг
Жашылчалар, бакча өсүмдүктөрү
стронций-90
40 Бк/кг
цезий-137
Ченемделбейт
Жемиш, мөмө, жүзүм
стронций-90
цезий-137
160 Бк/кг
Жапайы өскөн мөмө
стронций-90
Ченемделбейт
Микотоксины:
патулин
0,05
Алмалар, томаттар, чычырканактын ашы жана калина
Эскертүү:
1. (*) – ушул Техникалык регламент техникалык жөнгө салган объекттерде диоксиндин, радионуклиддердин курамы (буга цезий менен стронций кирбейт) кырсыктар, техногендик жана табигый апааттар менен байланышкан, ушундай заттардын пайда болушуна жана айлана-чөйрөгө келип түшүшүнө алып келген экологиялык кырдаал начарлаган учурларда; алар техникалык жөнгө салуу объекттеринде бар болушу мүмкүн экендиги жөнүндө негиздүү болжолдун учурунда аныкталат.
2. ДДТ (Дихлор дифеннил трихлорэтан) - экологиялык жактан коркунучтуу инсектициддердин бири.
"Жаңы жемиштердин жана жашылчалардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин 2-тиркемеси
Жаңы жемиштердин жана жашылчалардын микробиологиялык коопсуздук көрсөткүчтөрү
Продуктулардын индекси, тобу
КМАФАнМ КОЕ/г, ашык эмес
Продуктунун салмагы (г, см3), анда төмөнкүлөргө жол берилбейт
Ачыткы, КОЕ/г, ашык эмес
Көгөрүп кетүү, КОЕ/г ашык эмес
Эскертүү
БГКП (колиформалар)
Патогендик, анын ичинде сальмонеллдер
Жаңы жемиштер менен жашылчалар:
Жаңы жашылча мөмө жемиштер
1,0
25
L. mo№ocytoge№es 25 г. жол берилбейт
Жашылчалар жана жалбырактар
0,01
25
L. mo№ocytoge№es 25 г. жол берилбейт
Эскертүү:
1. КМАФАнМ КОЕ/г - мезофилдик аэробдук жана факультативдик анаэробдук микроорганиздердин саны же жалпы бактериялык урук чачуу.
2. БГКП (колиформалар) - ичеги таякчасы тобундагы бактериялар.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (8)
- Постановление Правительства КР от 9 июля 1997 года N 407 "О порядке уничтожения (переработки) продукции (товаров), признанной непригодной к реализации"Постановление · 09.07.1997 · № 407
- Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламентЗакон · 08.05.2009 · № 151
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 2992-V "Тамак-аш азыктарын маркировкалоо жөнүндө" техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 18.04.2013 · № 2992-V
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар…Постановление · 06.11.2007 · № 533 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-январындагы № 26 "Жаңы жемиштердин жана жашылчалардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2014 · № 26 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №88 "Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине шайкештик белгисинин графикалык сүрөттөлүшүнүн эскизин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.02.2009 · № 88 · Күчүн жоготкон
- Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентЗакон · 16.11.2013 · № 202 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасында Бажы союзунун/Евразия экономикалык…Постановление · 13.08.2019 · № 409 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасында Бажы союзунун техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралардын планы жѳнγндѳ" токтомуПостановление · 20.01.2015 · № 15 · Күчүн жоготкон
- Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламентЗакон · 01.06.2013 · № 88 · Күчүн жоготкон
- Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламентЗакон · 30.05.2013 · № 86 · Күчүн жоготкон