Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 28-июлу № 85
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу
КыргызРеспубликасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө эл аралык шайлоо стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук ылайыктуулукта демократиялык башталыштарды чыңдоо, шайлоо тутумуна жана шайлоо институтуна карата коомдук ишенимди жогорулатуу, шайлоочулардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүн камсыз кылуу максаттарында жана шайлоо алдындагы үгүттөөнү бирдей шарттарда жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын регламенттөөнүн зарылчылыгын жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5-главасына ылайык “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жөнүндө” Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
- 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 241 “Саясий партияларга мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз обо убакытысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда басма аянттарын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө”;
- 2007-жылдын 2-ноябрындагы № 101 “Кыргыз Республикасындагы шайлоону маалыматтык камсыз кылууну” түшүндүрүү жөнүндө”;
- 2000-жылдын 11-январындагы № 203 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарын шайлоодо “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кодекстин 30-статьясынын 9-пунктуна туура келген жалпыга маалымдоо каражаттарында акысыз обо убактысын жана басылма аянтын бөлүштүрүү боюнча катталган талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоо блокторунун ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө”.
3. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Н.А. Ашимовго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жөнүндө” Жобо (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча…Положение · 28.07.2015 · № 85
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 241 "Саясий партияларга мамлекеттик телерадио берүү уюмдарынын каналдарында акысыз…Постановление · 12.09.2010 · № 241 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 241 "Саясий партияларга мамлекеттик телерадио берүү уюмдарынын каналдарында акысыз…Постановление · 12.09.2010 · № 241 · Күчүн жоготкон