Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
23-берене. Шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 января 2009 года № 20
1. Шайлоочулардын негизги тизмелери жалпы таанышуу жана кошумча
тактоолор үчүн добуш берүү күнүнө чейин 25 календарлык күндөн кечиктир- бестен, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүндө тү- зүлгөн шайлоо участкалары боюнча добуш берүү күнүнө чейин 5 календарлык күн калганда райондук, шаардык округдук жана участкалык шайлоо комисси- ялары тарабынан берилет. Жарандарга тийиштүү шайлоо комиссияларынын имарат-жайында шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу, ошондой эле шайлоочу жөнүндө аларга киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.
2. Активдүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын ар бир
жараны аны шайлоочулардын негизги тизмесине киргизбей койгондук жөнүндө билдирүүгө акылуу. Участкалык, округдук шайлоо комиссиялары жазуу жү- зүндөгү арыздарды, ошондой эле сунуш кылынган документтерди алар түшкөн учурдан баштап 24 сааттын, ал эми добуш берүү күнү 2 сааттын ичинде, бирок добуш берүү аяктаганга чейин 2 сааттан кечиктирбей текшерүүгө же каталыктарды жана так эместиктерди жоюуга, болбосо арызды четке кагуу- нун жүйөөлөрүн көрсөтүү менен арыз ээсине жазуу жүзүндө жооп кайтарууга милдеттүү. Шайлоо комиссиясынын чечими тиешелүү жогору турган шайлоо комиссиясына, ал эми анын чечими Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн, алар даттанууну эки күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү - дароо кароого милдеттүү.
3. Жарандарды шайлоочулардын негизги тизмесинен чыгаруу шайлоочу-
ларды мамлекеттик каттоону (эсепке алууну) жүргүзгөн тийиштүү органдан же паспортто чагылдырылган маалыматтар менен ошол шайлоо участкасында добуш берүүгө укуксуз экендигин ырастаган шайлоочунун өзүнөн алынган жазуу жүзүндөгү маалыматтардын негизинде гана тийиштүү шайлоо комиссия- сы тарабынан жүргүзүлөт. Мында шайлоочулардын негизги тизмесинде жаран- ды негизги тизмеден чыгарган күн жана анын себеби көрсөтүлөт. Мындай жазуу шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу менен күбөлөндүрүлөт жана ал жогору турган шайлоо комиссиясына, ал эми анын чечими Борбордук шай- лоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн, алар даттанууну эки күн- дүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү - дароо кароого милдеттүү.
4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдары Кыргыз Респуб-
ликасынын жарандарын шайлоочулардын тизмелерине киргизүү же киргизбөө жөнүндөгү, шайлоочулардын тизмелериндеги каталар же так эместиктер жө- нүндөгү маселени чечүүдө шайлоо комиссияларына зарыл көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
5. Кыргыз Республикасынын активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жара-
ны, шайлоочулардын кошумча тизмесине анын шайлоочулардын негизги тизме- сине киргизилбей калгандыгы жөнүндө, шайлоочулардын негизги тизмесинде- ги ар кандай каталыктар же так эместиктер жөнүндө участкалык шайлоо ко- миссиясына берген жазуу жүзүндөгү жүйөлүү арызынын (паспорттук маалы- маттарын көрсөтүү менен) негизинде жана ошол шайлоо участкасынын айма- гында жашагандыгы жөнүндө каттоо белгиси (катталуусу) бар паспортун көрсөткөндө тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен кир- гизилет. Добуш берүү күнү тизмеден чыгуу күбөлүгү менен добуш берүүчү жарандар, шайлоочулардын кошумча тизмесине тизмеден чыгуу күбөлүгүнүн негизинде киргизилет. Жаранды шайлоочулардын кошумча тизмесине киргизүү жөнүндө жазуу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы та- рабынан, участкалык шайлоо комиссиянын мөөрүн коюу менен күбөлөндүрү- лөт, ошондой эле шайлоо комиссиясынын кењеш берүү добуш укугу бар ке- минде эки мүчөсүнүн, ал эми шайлоо комиссиясынын кењеш берүү добуш уку- гу бар мүчөлөрү болбой калган учурда талапкердин, саясый партиялардын башка өкүлдөрүнүн же байкоочулардын колтамгасы менен ырасталат.
6. Жарандын аны шайлоочулардын тизмесине киргизүү же киргизбөө жө-
нүндөгү жазуу жүзүндөгү арызы тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы тарабынан, шнур өткөрүлгөн, номер коюлган өзүнчө журналга кат- талып, тийиштүү шайлоо комиссиясынын мөөрү менен бекитилүүгө тийиш.
7. Добуш берүү аяктагандан жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө
башталгандан кийин шайлоочулардын тизмесине кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 января 2009 года № 20 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
23.01.2009 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тыюу салынат.
(КР 2009-жылдын 23-январындагы алынып салынды: N кошулду: № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай-
ык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 14-июнундагы № 90 "Референдум катышуучусун негизги тизмеден чыгаруунун Эрежеси жөнүндө" токтомуПостановление · 14.06.2010 · № 90
- Положение о Государственной системе регистрации (учете) избирателей, участников референдума Кыргызской Республики (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики…Положение · 01.07.1999 · № 372 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз…Закон · 23.01.2009 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/7/st-23" title="23-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>