24-берене. Шайлоочуларды мамлекеттик каттоо (эсепке алуу)
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
1. Активдүү шайлоо укугу бар Кыргыз Республикасынын бардык жаран-
дары катталат (эсепке алынат).
2. Кыргыз Республикасынын жаранынын тийиштүү аймакта туруктуу жа-
шашынын фактысы шайлоочуну каттоо (эсепке алуу) үчүн негиз болуп сана- лат, ал калкты каттоого алуу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын эркин жүрүү, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында болуу жана жашоо жерин тандап алуу укугун ишке ашыруу тартибин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жерлерде жашаган же
узак мезгил бою чет өлкөдө ишсапарда жүргөн шайлоочуларды каттоо (эсеп- ке алуу) үчүн алардын чет мамлекеттин аймагында туруктуу жашашынын же узак мөөнөттүү чет өлкөлүк ишсапарда болушунун Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери белгилеген фактысы негиз болуп саналат.
4. Шайлоочуларды мамлекеттик каттоого (эсепке) алууда "Шайлоо" ав-
томатташтырылган тутуму колдонулат. Шайлоочуларды мамлекеттик каттоого (эсепке) алуу үчүн "Шайлоо" автоматташтырылган тутумуна маалыматтарды киргизүү жергиликтүү аткаруу бийлик органдары, жарандарды эсепке алуу жана каттоо органдары, аскер бөлүктөрүнүн командирлери, Кыргыз Респуб- ликасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин же- текчилери тарабынан берилүүчү маалыматтардын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы бекитүүчү шайлоочуларды мамлекеттик каттоого (эсепке) алуу жөнүндө жободо белгиленген тартипте системалык администраторлор тарабы- нан ишке ашырылат.
5. Шайлоочу өзү жөнүндөгү документтелген маалыматтар (жекече маа-
лыматтар), анын ичинде - машинкага жазып коюлган маалыматтар менен эр- кин таанышууга, анын толуктугун жана аныктыгын камсыз кылуу максатында ага тактоо киргизүүгө укуктуу, ошондой эле ал маалыматтарды ким жана кандай максаттарда пайдаланып жатканын же пайдаланганын билүүгө укугу бар.
6. Жарандарды жашаган жери боюнча жана турган жери боюнча каттоого
алган, Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин тастыктаган доку- менттерди берүүнү жана алмаштырууну жүргүзгөн органдар өзү турган жер боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруу-тескөөчү органдарынын жетекчилерине, шаарлардын мэрлерине, райондук администрациялардын баш- чыларына Кыргыз Республикасынын жаранына паспорт бергендигинин жана ал- маштыргандыгынын фактысы, Кыргыз Республикасынын жаранын каттагандыгы жана жашаган жери боюнча каттоодон чыгаргандыгы жөнүндө паспорттук маа- лыматтарды көрсөтүү менен айына кеминде бир жолу маалымат берип турат.
7. Жеке жактардын жарандык абалынын актыларын каттоону жүргүзгөн
органдар өзү турган жер боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруунун атка- руу-тескөөчү органдарынын жетекчилерине, шаарлардын мэрлерине, райондук администрациялардын башчыларына Кыргыз Республикасынын жаранынын өлгөн- дүгүнүн фактысы жөнүндө маалыматтарды айына кеминде бир жолу берип ту- рат.
8. Аскердик каттоого алууну жүргүзгөн органдар, жазык-аткаруу сис-
темасынын органдары (мекемелери) тийиштүү түрдө аскердик кызматка чакы- рылган (контракт боюнча келген) (аскердик кызматтан бошонгон), соттун өкүмү менен эркиндигинен ажыратуу жерлеринде кармалган Кыргыз Республи- касынын жарандары жөнүндө Кыргыз Республикасынын жаранынын жашаган жери боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруу-тескөөчү органдарынын жетекчилерине, шаарлардын мэрлерине, райондук администрациялардын баш- чыларына үч айда кеминде бир жолу билдирип турат.
9. Ушул берененин алтынчы, жетинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маалы-
маттар айында кеминде бир жолу, ушул берененин сегизинчи бөлүгүндө көр- сөтүлгөн маалыматтар үч айда кеминде бир жолу жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруу-тескөөчү органдарынын жетекчилери, шаарлардын мэр- лери, райондук администрациялардын башчылары жана аскердик бөлүктөрдүн командирлери тарабынан шайлоочуларды каттоону калыптандыруу жана жүргү- зүү үчүн тиешелүү шайлоо комиссияларына берилет, алар тез арада буларды Борбордук шайлоо комиссиясына берет.
V глава Талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана алардын ишинин кепилдиги
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/7/st-24" title="24-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>