Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 308 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2016-жылдын 30-декабры ПЖ № 308 Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө
(КР Президентинин 2017-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 109, 2018-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 141, 2020-жылдын 28-августундагы ПЖ № 165, 2021-жылдын 10-декабрындагы ПЖ № 558, 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 43, 2023-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 333, 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52, 2024-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 187, 2025-жылдын 26-мартындагы ПЖ № 104 , 2025-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 296, 2026-жылдын 31-янвапындагы № 26 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, класстык чендерди ыйгаруу маселелерин укуктук жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам: (КР Президентинин 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссия тууралуу жобо 3-тиркемеге ылайык;
- Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби 4-тиркемеге ылайык.
- мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттамасы 5-тиркемеге ылайык;
- муниципалдык кызматтын муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттамасы 6-тиркемеге ылайык.
(КР Президентинин 2020-жылдын 28-августундагы ПЖ № 165, 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 43, 2023-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 333 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонулган "мамлекеттик кызматтын кенже инспектору, мамлекеттик кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору, мамлекеттик кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" деген класстык чендердин түшүнүгү "мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" деген түшүнүккө окшош экендиги;
- (абзац КР Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 26 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 26 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. (КР Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ №43 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктунун экинчи, төртүнчү абзацтары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-сентябрындагы № 409 "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 25-октябрындагы № 257 "2005-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 18-октябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 24-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 17-июнундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгынын 1-пунктунун 3, 5-пунктчалары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 24-июнундагы № 144 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 10-сентябрындагы № 181 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ N 43 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 6-январында № 1 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын КУРАМЫ (КР Президентинин 2024-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 187, 2025-жылдын 26-мартындагы ПЖ № 104 , 2025-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 296 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары; Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын канцеляриясынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Комиссиянын катчысы.
5-тиркеме
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттамасы (КР Президентинин 2023-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 333 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Мукабасы күрөң түстөгү булгаарыдан жасалган. Бүктөлгөн түрүндөгү форматы - 145x105 мм. Алдынкы бетинде - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана күбөлүктүн мамлекеттик тилдеги аталышынын тексти коло түстөгү фольгага басылган: "МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАНДЫК КЫЗМАТТЫН ___-КЛАССТАГЫ МАМЛЕКЕТТИК КЕҢЕШЧИСИ" (тиешелүү классты көрсөтүү менен). Арткы бетинде - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана күбөлүктүн расмий тилдеги аталышынын тексти коло түстөгү фольгага басылган: "ГОСУДАРСТВЕННЫЙ СОВЕТНИК ГОСУДАРСТВЕННОЙ ГРАЖДАНСКОЙ СЛУЖБЫ __ КЛАССА" (тиешелүү классты көрсөтүү менен). Кошумча баракча калыңдыгы 200 гр/м2 жылтырак кагазга басылган. Бүктөлгөн түрдөгү форматы - 140x100 мм. Ачылганда эки тарабында кыргыз оймолорунун элементтери бар татаал тангир торчосунда мөөр, ортосунда Кыргыз Республикасынын түстүү Мамлекеттик герби жайгаштырылган. Ар бир тараптын жогору жагында өз-өзүнчө мамлекеттик жана расмий тилдерде ал чыккан датаны жана каттоо номерин көрсөтүү менен - "Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы", төмөнкү бөлүгүндө - "Кыргыз Республикасынын Президенти", мамлекет башчынын фамилиясы, аты, атасынын аты басылган. Төмөнкү бурчунун сол жагында тигинен документтин сериясы жана каттоо номери жайгаштырылат. Кошумча баракчанын биринчи бетинде мамлекеттик тилде Ф.А.А. барыш жөндөмөдө жана төмөнкүдөй редакцияда текст басылат: "МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАНДЫК КЫЗМАТТЫН ___-КЛАССТАГЫ МАМЛЕКЕТТИК КЕҢЕШЧИСИ класстык чени ыйгарылды". Кошумча баракчанын экинчи бетинде расмий тилде Ф.А.А. барыш жөндөмөдө жана төмөнкүдөй редакцияда текст басылат: "ПРИСВОЕН КЛАССНЫЙ ЧИН ГОСУДАРСТВЕННЫЙ СОВЕТНИК ГОСУДАРСТВЕННОЙ ГРАЖДАНСКОЙ СЛУЖБЫ ___ КЛАССА".
6-тиркеме
Муниципалдык кызматтын муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттамасы (КР Президентинин 2023-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 333 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Мукабасы күрөң түстөгү булгаарыдан жасалган. Бүктөлгөн түрүндөгү форматы - 145x105 мм. Алдынкы бетинде - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана күбөлүктүн мамлекеттик тилдеги аталышынын тексти коло түстөгү фольгага басылган: "МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТЫН ___-КЛАССТАГЫ МУНИЦИПАЛДЫК КЕҢЕШЧИСИ" (тиешелүү классты көрсөтүү менен). Арткы бетинде - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана күбөлүктүн расмий тилдеги аталышынын тексти коло түстөгү фольгага басылган: "МУНИЦИПАЛЬНЫЙ СОВЕТНИК МУНИЦИПАЛЬНОЙ СЛУЖБЫ ___ КЛАССА" (тиешелүү классты көрсөтүү менен). Кошумча баракча калыңдыгы 200 гр/м2 жылтырак кагазга басылган. Бүктөлгөн түрдөгү форматы - 140x100 мм. Ачылганда эки тарабында кыргыз оймолорунун элементтери бар татаал тангир торчосунда мөөр, ортосунда Кыргыз Республикасынын түстүү Мамлекеттик герби жайгаштырылган. Ар бир тараптын жогору жагында өз-өзүнчө мамлекеттик жана расмий тилдерде ал чыккан датаны жана каттоо номерин көрсөтүү менен - "Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы", төмөнкү бөлүгүндө - "Кыргыз Республикасынын Президенти", мамлекет башчынын фамилиясы, аты, атасынын аты басылган. Төмөнкү бурчунун сол жагында тигинен документтин сериясы жана каттоо номери жайгаштырылат. Кошумча баракчанын биринчи бетинде мамлекеттик тилде Ф.А.А. барыш жөндөмөдө жана төмөнкүдөй редакцияда текст басылат: "МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТЫН ___-КЛАССТАГЫ МУНИЦИПАЛДЫК КЕҢЕШЧИСИ класстык чени ыйгарылды". Кошумча баракчанын экинчи бетинде мамлекеттик тилинде Ф.А.А. барыш жөндөмөдө жана төмөнкүдөй редакцияда текст басылат: "ПРИСВОЕН КЛАССНЫЙ ЧИН МУНИЦИПАЛЬНЫЙ СОВЕТНИК МУНИЦИПАЛЬНОЙ СЛУЖБЫ ___ КЛАССА".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 21 · цитата келтиргендер: 37 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (37)
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө" Тартиби…Порядок · 30.12.2016 · № 308
- Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн…Порядок · 30.12.2016 · № 308
- (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгы менен бекитилген) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку…Положение · 30.12.2016 · № 308
- Салам-Алик айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 15-ноябрындагы № 84 "Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 4- кварталынын жергиликтүү бюджетине жана атайын каражат эсебинин 2218…Постановление · 15.11.2018 · № 84
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 187 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Мамлекеттик жарандык…Указ · 12.07.2024 · № 187
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 296 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 “Мамлекеттик жарандык…Указ · 24.10.2025 · № 296
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 43 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…Указ · 03.03.2023 · № 43
- КР Президентинин 2021-жылдын 10-декабрындагы ПЖ № 558 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык…Указ · 10.12.2021 · № 558
- КР Президентинин 2022-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 65 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык…Указ · 28.02.2022 · № 65
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат өтөө чөйрөсүндөгү айрым…Указ · 01.08.2025 · № 227
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 16-декабры № 365 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 16.12.2025 · № 365
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 7-июну ПЖ № 109 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 07.06.2017 · № 109
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 333 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына…Указ · 07.12.2023 · № УП 333
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына…Указ · 01.03.2024 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-январы № 26 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым…Указ · 31.01.2026 · № 26
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 28-августундагы ПЖ № 165 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…Указ · 28.08.2020 · № 165
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-мартындагы ПЖ № 104 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" ЖарлыгыУказ · 26.03.2025 · № 104
- КР Президентинин 2019-жылдын 2-августундагы ПЖ № 101 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына…Указ · 02.08.2019 · № 101
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-майындагы № 163 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым…Указ · 13.05.2026 · № 163
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 244 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун…Указ · 08.09.2023 · № 227
37 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (21)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-январы № 26 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым…Указ · 31.01.2026 · № 26
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 187 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Мамлекеттик жарандык…Указ · 12.07.2024 · № 187
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 43 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…Указ · 03.03.2023 · № 43
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 28-августундагы ПЖ № 165 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…Указ · 28.08.2020 · № 165
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө"…Указ · 28.06.2006 · № 327 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 24.10.2005 · № 485 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2013-жылдын 24-январындагы ПЖ №17 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 24.01.2013 · № 17 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2013-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 142 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун…Указ · 17.06.2013 · № 142 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2013-жылдын 24-июну ПЖ N 144 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир…Указ · 24.06.2013 · № 144 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-сентябры № 409 ЖарлыгыУказ · 18.09.2007 · № 409 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2011-жылдын 18-октябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун…Указ · 18.10.2011 · № 257 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2015-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 181 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун…Указ · 10.09.2015 · № 181 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 25-октябрындагы № 257 "2005-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Кыргыз…Указ · 25.10.2010 · № 257 · Күчүн жоготкон
21 ичинен 14 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.