Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 181 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы „Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 30 декабря 2016 года УП № 308 "О некоторых вопросах в сфере государственной и муниципальной службы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-12-30.
КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2015-жылдын 10-сентябры ПЖ № 181 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын окутуу системасын натыйжалуу өнүктүрүү жана андан ары өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-июлундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын өркүндөтүү маселелери жөнүндө" Жарлыгына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын аттестациялоонун тартиби жөнүндө жободо:
төмөнкү мазмундагы 30-1-пункт менен толукталсын: "30-1. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча комиссия, эгерде кызматчы акыркы үч жылда кайра даярдоо/квалификациясын жогорулатуу курстарын өтпөсө, кызматчыны төмөнкү тартипте окууга жиберүү чечимин милдеттүү түрдө чыгарат:
- биринчи жолу аттестациядан өткөн кызматчыны, эки жылдын ичинде окууга жиберүүгө;
- кезектеги аттестациядан өткөн кызматчыны, бир жылдын ичинде окууга жиберүүгө;
- "кызматтык иши боюнча аттестациялык комиссиянын сунуштарын аткарган шартта 6 айдан кийин кайталап аттестациялоо менен ээлеген мамлекеттик кызмат ордуна ылайык келет" деген баа чыгарылган кызматчыны 6 айдын ичинде окууга жиберүүгө.";
жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинде:
I бөлүмдүн 8-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Квалификациясын, анын ичинде акыркы үч жылда мамлекеттик заказдын алкагында, жогорулатуусу (окутуучу семинарларга, программаларга, курстарга, стажировкаларга ж.б. катышуусу) ____________.";
II бөлүмдүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Акыркы квалификациясын (кайра даярдыгын), анын ичинде акыркы үч жылда мамлекеттик заказдын алкагында, жогорулатуусунун түрү жана убактысы, кайра даярдоонун/квалификациясын жогорулатуунун курстарынын тематикасын көрсөтүү менен _______________.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 485 Жарлыгы менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын аттестациялоонун тартиби…Положение · 24.10.2005 · № 485
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 30.12.2016 · № 308
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 30.12.2016 · № 308
- КР Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 24.10.2005 · № 485 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2013-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 162 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын өркүндөтүү маселелери жөнүндө" жарлыгыУказ · 12.07.2013 · № 162 · Күчүн жоготкон