Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Салам-Алик айылдык Кеңешинин «Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 4- кварталынын жергиликтүү бюджетине жана атайын каражат эсебинин 2218 статьясына кошумча план киргизүү жөнүндө жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин 2017-жылдын жыйынтыгы менен аткарган жумуштарын баалоо боюнча жыйынтыгына кошумча план бекитүү жөнүндө» токтому
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги 16 сессиясы
2018-жылдын 15-ноябры № 84 Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 4- кварталынын жергиликтүү бюджетине жана атайын каражат эсебинин 2218 статьясына кошумча план киргизүү жөнүндө жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин 2017-жылдын жыйынтыгы менен аткарган жумуштарын баалоо боюнча жыйынтыгына кошумча план бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 78-79-беренелеринин жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренсине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-кварталынын жергиликтүү бюджетине жана атайын каражат эсебинин 2218 статьясына кошумча план киргизүү жөнүндө жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин 2017-жылдын жыйынтыгы менен аткарган жумуштарын баалоо боюнча кошумча план бекитүү жөнүндө Салам-Алик айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-кварталына Кызыл-Байрак айылындагы бала-бакча ачылгандыктан 2218 статьясына тамак-аш сатып алуу үчүн кошумча жергиликтүү бюджетке 17,0 сом план берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо тартиби жөнүндө” Жобонун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308-Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн муниципалдык административдик кызматчыларынын ишин баалоо боюнча комиссиясынын отурумунун 2018-жылдын 24-январындагы № 1 протоколуна ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн муниципалдык административдик кызматчыларына тиешелүү коффициенттеги кошумча эмгек акы жана кезектеги класстык чендер үчүн айыл өкмөтүнүн тиешелүү сметасына кошумча 253700 сомго план берилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А. Таштемиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 30.12.2016 · № 308
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон