Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «2005-жылдын 24-октябрындагы „Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 30 декабря 2016 года УП № 308 "О некоторых вопросах в сфере государственной и муниципальной службы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-12-30.
КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 25-октябры ПЖ № 257 2005-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
Коррупциялык көрүнүштөрдү туудуруучу шарттардын алдын алууга багытталган мамлекеттик кадр саясатын өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2005-жылдын 24-октябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтын уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобого төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги", "агенттиги" деген сөздөр "Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген тиешелүү жөндөмөлөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункттагы "(мындан ары - Агенттик)" деген сөз алып салынсын;
- 24-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"24. Аттестация өткөрүүдө төмөнкүлөр пайдаланылат:
- аларды ээлөө үчүн коррупциялык көрүнүштөргө туруктуулуктун жүйөсүнө жана мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен белгиленген талаптарга жана чектөөлөргө ылайык тест жүргүзүүнүн бул түрүнөн өтүү талап кылынган администрациялык мамлекеттик кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматчыларга карата мыйзамдар менен белгиленген тартипте полиграфта тесттен өткөрүү;
- улук, башкы жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматчыларга карата инсандык сапаттарды (башкаруу көндүмдөрү, көрө билүү стратегиясы, командада иштей билүү, чатактуулуктун даражасы, лидерлик сапаттар, талдоо жөндөмдүүлүгү жана башкалар) аныктоо үчүн Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин чечими боюнча тесттен өткөрүү.
Полиграфта тесттен өткөрүүнүн жана инсандык сапаттарды аныктоо үчүн тесттен өткөрүүнүн натыйжалары аттестациялык-сынактык комиссия тарабынан чечим кабыл алууда эске алынат.".
2. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент Кыргызской Республики
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 485 Жарлыгы менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын аттестациялоонун тартиби…Положение · 24.10.2005 · № 485
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 30.12.2016 · № 308
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 30.12.2016 · № 308
- КР Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 24.10.2005 · № 485 · Күчүн жоготкон