Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Зергердик тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 29-июлу № 403 "Зергердик тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев, Э.Дж.Байбакпаев, М.А.Маматалиев, Т.К.Конушбаев, Н.К.Алимбеков, А.Б.Баатырбеков, Г.К.Асылбаева, Д.А.Джумабеков, Т.А.Масабиров, А.Т.Мамашева, Т.Т.Мамытов, Д.Д.Бекешев, Ж.К.Акаев, Р.Н.Чойбеков, Ж.С.Исаев тарабынан демилгеленген "Зергердик тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
К.А. Боронов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июлундагы № 403 токтому менен жактырылган
"Зергердик тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев, Э.Дж.Байбакпаев, М.А.Маматалиев, Т.К.Конушбаев, Н.К.Алимбеков, А.Б.Баатырбеков, Г.К.Асылбаева, Д.А.Джумабеков, Т.А.Масабиров, А.Т.Мамашева, Т.Т.Мамытов, Д.Д.Бекешев, Ж.К.Акаев, Р.Н.Чойбеков, Ж.С.Исаев тарабынан демилгеленген "Зергердик тармагындагы айрым мыйзам актыларына ("Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) өзгөртүүлөрдү киргизүүгө карата.
1) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары - Улуттук банк), ошондой эле зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөргө аффинаждалган баалуу металлдарды артыкчылыктуу сатып алуу укугун берүү боюнча Мыйзамдын 7-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
Зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөр сырье менен камсыздоо максатында аффинаждалган баалуу металлдарды сатып алууда Өкмөт жана Улуттук банк менен бирдей эле артыкчылыктуу укукка ээ болууга тийиш экендиги болжолдонот. Мында Өкмөт менен Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мамлекеттик фондун жана мамлекеттик запасын толтуруу зарылчылыгы пайда болгон учурда гана аларды артыкчылыктуу сатып алуу укугуна ээ болушат. Башка учурларда Өкмөт менен Улуттук банк сатып алуу укугуна ээ болгон субъекттердин ортосунда квоталоо (бөлүштүрүү) аркылуу аффинаждоочу комбинаттан аффинаждалган баалуу металлдарды сатып алууга катыша алышат. Мамлекет өз милдеттерин ишке ашыруу үчүн толук бийликке ээ укуктук мамилелердин өзгөчө субъекти болуп эсептелерин жана андан башка бир да субъект ээ боло албаган укуктарга ээ экендигин белгилеп кетебиз. Мындай укуктарды бардык чарба жүргүзүүчү субъекттерге өткөрүп берген учурда бул укуктук мамилелердин маңызы жоголот. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине ылайык Өкмөт Конституция жана мыйзамдар менен анын тескөөсүнө кирген ыйгарым укуктарды камсыздоочу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 105-беренесине ылайык Улуттук банк Кыргыз Республикасындагы акча-кредит саясатын аныктоо жана жүргүзүү боюнча өзгөчө ыйгарым укуктарга ээ. Ушуга байланыштуу Өкмөт менен Улуттук банктын артыкчылыктуу сатып алуу укугу Кыргыз Республикасынын экономикалык жана башка кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдар менен жүктөлгөн милдеттерди аткаруу менен шартталган. Ошентип сырье менен камсыздоо максатында зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөргө аффинаждалган баалуу металлдарды Өкмөт жана Улуттук банк менен бирдей артыкчылыктуу сатып алуу укугу боюнча ыйгарым укуктарды бекитүү тууралуу мыйзамдын долбоорунун ченеми алгылыксыз болуп эсептелет. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Өкмөт менен Улуттук банктын ыйгарым укуктарын чектейт, ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүн алып салууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
2) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүндө Мыйзамдын 11-статьясына баалуу металлдарды өндүрүү, пайдалануу жана алардан зергердик жана башка буюмдарды даярдоо боюнча мыйзамдардын, бекитилген стандарттардын аткарылышын көзөмөлдөө (контролдоо) функцияларын жокко чыгаруу тууралуу өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда.
Мамлекеттик контроль (көзөмөл) катары мыйзам менен корголуучу баалулуктарга зыян (залал) келтирүү кооптуулугунун алдын алуу, мыйзамдар менен каралган милдеттүү түрдөгү талаптардын жарандар менен ишканалар тарабынан сакталышына баа берүү жана бузууларын аныктоо, аныкталган бузууларга бөгөт коюу, алардын кесепеттерин жоюу жана милдеттүү түрдө сакталуучу талаптардын бузулушуна чейинки укуктук абалды кайра калыбына келтирүү боюнча мыйзамдарда каралган чараларды көрүү жолу менен мыйзам ченемдерин бузуунун себептеринин, зыян келтирүүлөрдүн (залалдын) алдын алууга жана аларга бөгөт коюуга багытталган контролдоо-көзөмөлдөөчү органдардын ишин түшүнүүгө болорун белгилеп кетебиз. Мониторинг катары болуп жаткан процесстерди жана аларды фиксациялоону үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү системасын түшүнүүгө болот, анын жыйынтыгы башкаруу чечимдерин негиздөө үчүн колдонулат. Ушуга ылайык бул беренеге киргизилип жаткан өзгөртүүлөр анын түзүлүшүн жана мазмунун бурмалоого алып келет. Мыйзамдын 11-статьясына ылайык текшерип көзөмөлдөөнүн милдети - бул менчигинин түрлөрүнө карабастан, баалуу металлдардын, асыл таштардын жана алардан жасалган буюмдардын бардык пайдалануучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, баалуу металлдарды, асыл таштарды чыгаруу, кайра иштетүү, пайдалануу жана алардан зергердик жана башка буюмдарды жасоо боюнча бекитилген стандарттарды сактоосун камсыз кылуу болуп саналат. Текшерип көзөмөлдөө баалуу металлдардын, асыл таштардын жана алардан жасалган буюмдарды чыгаруу, пайдалануу жана жүгүртүү, баалуу металлдар менен асыл таштар колдонулуучу технологиялык процесстердин үстүнөн контроль жүргүзүү, ошондой эле баалуу металлдар жана асыл таштар, алардан жасалган зергер буюмдар (жана мындай буюмдардын сыныктары) менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу жактар тарабынан терроризмди каржылоого каршы аракеттер жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу болуп саналат. Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунда Мыйзамдын 11-статьясына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр текшерип көзөмөлдөөнүн милдеттерине дал келбегендиктен, аталган статьядагы жөнгө салуунун предметине туура келбейт. Мыйзамдын 11-статьясынын ченемдери текшерип көзөмөлдөө маселелерин жөнгө салат. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр ушул беренедеги маселелер менен байланышы жок предметтерди жөнгө салат. Текшерип көзөмөлдөө-контролдоо функциясы болуп саналат. Баалуу металлдарды өндүрүштө пайдаланууга мониторинг жүргүзүү контролдук функция болуп эсептелбейт, ал талдоо, изилдөө жана башка болуп саналат, бул текшерип көзөмөлдөөнүн милдеттерине кирбейт. Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүн алып салуу зарыл деп эсептейбиз.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси) өзгөртүүлөрдү киргизүүгө карата.
Мыйзамдын долбоорунда Салык кодексине төмөнкүлөр боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат:
- зергердик өндүрүштү жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон өндүрүш ишинин преференциялык түрлөрүнүн тизмесине киргизүү;
- концентраттардан, эритмелерден жана аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдарды жеткирүүдө жана экспорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу;
- зергердик буюмдардын өндүрүшүнө багытталган импорттолуучу концентраттарды, эритмелерди жана аффинаждалган баалуу металлдарды кошумча нарк салыгынан бошотуу.
Салык кодексинин ченемдерине ылайык өндүрүш ишинин преференциялык түрлөрүнө кирүүчү ишканалардын пайдасына салык ставкасы "0" пайыз өлчөмүндө белгиленген. Мындан тышкары бул ишканалар сатуудан алынган салыкты төлөөдөн бошотулган, жергиликтүү кеңештер аларды мүлккө жана жер салыгына салык төлөөдөн бошотууга укуктуу. Мында жогоруда аталган ишканаларга салыктык жеңилдетүүлөр Кыргыз Республикасынын дотациялык калктуу конуштарында ачылуучу өндүрүштүк жана инновациялык ишканалардын инвестициялык ишин стимулдаштыруу максатында берилген. Бул мыйзамдын долбоорун ишке ашырууда зергердик буюмдарды жеткирүүдө жана экспорттоодо зергердик буюмдардын ошол концентраттардан, эритмелерден жана аффинаждалган баалуу металлдардан даярдалгандыгынын ишенимдүүлүгүн, ошондой эле зергердик буюмдарды өндүрүү максатында концентраттарды, эритмелерди жана аффинаждалган баалуу металлдарды ташып кирүү фактыларын аныктоо менен байланышкан кооптуулуктардын келип чыгышы мүмкүн. Зергердик тармакты өнүктүрүү үчүн ата мекендик зергерлерге көмөк көрсөтүүгө багытталган абдан таасирдүү чараларды караштыруу зарыл, мисалы өндүрүүчүлөргө Кыргыз Республикасында кыйла төмөн баада казып алынуучу сырьелук ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү. Өлкөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн кырдаалды жана анын кесепетинен келип чыккан экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнүн мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө тийгизген терс таасирин эске алуу менен салыктык жеңилдиктерди берүү боюнча кандай гана болбосун демилгелердин максатка ылайыксыз экендигин белгилейбиз. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 2-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
3. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Улуттук банк жөнүндө мыйзам) өзгөртүүлөрдү киргизүүгө карата.
Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинде Улуттук банк жөнүндө Мыйзамдын 111-беренесине банктык операциялар боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Аталган берененин 9-бөлүгүндө банктык операцияларды, башка иштерди жана бүтүмдөрдү жүргүзүүнүн талаптары, шарттары жана өзгөчөлүктөрү Улуттук банк тарабынан белгилөө аныкталган. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын башкармасы тарабынан 2017-жылдын 8-июнунда № 2017-П-12/23-1 "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом кабыл алынган, ага ылайык банктык лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп уруксат берилген банк операцияларынын тизмеси саналат. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксат берилген банк операцияларынын тизмесин аныктайт. Мындан сырткары, Улуттук банктын башкармасынын 2009-жылдын 26-августундагы № 35/3 токтому менен бекитилген Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө жобого ылайык Улуттук банк жөнүндө мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралган. Ушуга байланыштуу Улуттук банк жөнүндө Мыйзамдын 111-беренесинин банк операцияларын, башка иштерди жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруунун талаптары, шарттары жана өзгөчөлүктөрү Улуттук банк тарабынан белгилениши тууралуу талаптарын, ошондой эле мыйзамдын долбоорунда сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралгандыгын эске алып, мыйзамдын долбоорунун 3-беренесин алып салууну зарыл деп эсептейбиз. Мыйзамдын долбоорунда сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор Мыйзамдын колдонуудагы редакциясына киргизилерин белгилеп кетүү зарыл. Бирок бүгүнкү күндө Өкмөт тарабынан Жөнгө салуу реформасы боюнча кеңештин сунуштарын аткаруунун алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдардагы карама-каршылыктар (коллизиялар) жана боштуктар боюнча ченемдик укуктук жөнгө салуудагы жетишсиздиктерге, ченемдик укуктук актылардын бирин-бири кайталоосуна байланыштуу, ошондой эле баалуу металлдар жана асыл таштар рыногун жөнгө салуу системасын өзгөртүп түзүү максатында жаңы редакциядагы "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Учурда "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциядагы долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосунда турат, ал бардык кызыкдар болгон тараптар, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашылып, республиканын баалуу металлдарды казып алууга жана кайра иштетүүгө тартылган өнөр жайчылары, Эл аралык ишкерлер кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин өкүлдөрү менен талкууланган. Жаңы мыйзамдын долбоорунун ченемдери Кыргыз Республикасында баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салууга багытталган өлкөнүн баалуу металлдар рыногунун бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарына жооп берүүчү бирдиктүү мыйзамдар негизин түзүүгө мүмкүндүк берет, анын ичинде баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүдөгү мамлекеттик жөнгө салууну жана контролду камсыздайт. "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциядагы долбоорунан айырмаланып, сунушталып жаткан мыйзамдын долбоорунда Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында чыгарылган алтын менен операция жүргүзүүнү тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" 1996-жылдын 10-июлундагы № 235 Жарлыгында каралган баалуу металлдар рыногунун башка катышуучуларынын кызыкчылыктарын жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын Өкмөт жана Улуттук банк аркылуу коргоого багытталган ченемдер камтылган эмес. Ошол эле учурда мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкаты, ошондой эле мыйзамдын долбоорунун жөнгө салуучулук таасирин талдоо негизинен сырье түрүндөгү аффинаждалган алтындын жетишсиздигине, ошондой эле зергердик тармактын өнүгүшүн басаңдатуучу негизги факторлор катары улуттук мыйзамдардагы аларды сатып алуудагы тыюулардын болушуна негизделген маселеге алып келет. Зергердик өндүрүштүн өнүгүшүн басаңдатуучу фактор болуп сырьенун жетишсиздиги эмес, сырьего жетүүдөгү чектөөлөр саналат. "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда аффинаждалган баалуу металлдарды сатууну жөнгө салуучу мыйзам алдындагы актыларды (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин) иштеп чыгуу каралган. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзамдын долбоорунун кабыл алынышын максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (8)
- "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтому менен бекитилген)Положение · 08.06.2017 · № 2017-П-12/23-1-(НПА)
- КР Улуттук Банкынын 2009-жылдын 26-августу N 35/3 "Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 26.08.2009 · № 35/3
- Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндөЗакон · 14.05.1998 · № 61 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 10 июля 1996 годаУП №235 "О мерах по упорядочению операций с золотом, производимым в Кыргызской Республике"Указ · 10.07.1996 · № 235 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 08.06.2017 · № 2017-П-12/23-1-(НПА)
- "Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө" жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2009 жылдын 26-августундагы № 35\3 токтому менен…Положение · 26.08.2009 · № 35/3
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон