3-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 05.08.2022 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 5 августа 2022 года № 87.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 мая 2015 года № 121
3-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 3-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Баалуу металлдар - ар кандай түрдөгү жана абалдагы: сырьедогу, эритмелердеги, жарым фабрикаттардагы, өнөр жай продуктуларындагы, химиялык кошулмалардагы, буюмдардагы, металл сыныктарындагы жана алардын калдыктарындагы алтын, күмүш, платина жана платина тобундагы металлдар (палладий , иридий, радий, рутений, осмий). Асыл таштар - сырьедогу жана (же) иштетилген түрдөгү табигый алмаздар, изумуруддар, рубиндер, сапфирлер, александридтер, ошондой эле чийки зат (табигый) жана иштетилген түрдөгү табигый бермет. Асыл таштарга кайталангыс янтардык заттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте теңештирилет. Баалуу металлдардын уютмасы - пайдалуу кен чыккан жерлердеги ошол эле баалуу металлдардын бөлүкчөлөрүнүн орточо өлчөмүнөн чондугу боюнча кыйла артыкчылык кылган баалуу металлдардын өзгөчөлөнгөн табигый ири бөлүгү. Баалуу металлдардын аффинажы - иргелип алынган баалуу металлдарды аралашмалардан жана кошулма компоненттерден тазалоо, баалуу металлдарды эл аралык стандарттардын же Кыргыз Республикасынын стандарттарына ылайык келгидей сапатка чейин жеткирүү процесси. Асыл таштарды экспертизалоо (идентификациялоо) - мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн колдонулуучу классификаторлорго жана прейскуранттарга ылайык жана дүйнөлүк рыноктогу бааларды эске алуу менен асыл таштардын сапаттык-түстүк, сандык жана нарктык мүнөздөмөсүн аныктоо. Баалуу металлдарды чыгаруу - кенден, концентраттардан жана башка өнөр жай продуктуларынан, металл сыныктарынан жана бул металлдарды камтыган калдыктардан баалуу металлдарды бөлүп алуу жана аларды аффинаждоо. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды пайдалануу - аларды өндүрүштүк, илимий жана социалдык-маданий максаттар үчүн жана валюталык активдер катары колдонуу. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар-төмөндөгүлөр:
- баалуу металлдарга жана асыл таштарга менчик укугунун же башка укуктардын өтүшү менен;
- баалуу металлдардын жана асыл таштардын сактоочу жайга, фонддорго жана корлорго келип түшүшү, ошондой эле баалуу металлдар менен асыл таштардын сакталышы жана чыгарылышы (берилиши) менен;
- өндүрүүдө жана пайдаланууда ар кандай заттарда жана материалдарда баалуу металлдардын жана асыл таштардын болушунун же физикалык абалынын өзгөрүшү менен;
- баалуу металлдарды, асыл таштарды Кыргыз Республикасына алып келүү жана аларды республикадан алып кетүү менен байланыштуу аракеттер.
Ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн таламдарына өкүлчүлүк кылууга жана Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар, асыл таштар менен операцияларга байланыштуу маселелерди жөнгө салууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик мекеме. Атайын эсепке алуу - көрсөтүлгөн жактарды реестрге киргизүү үчүн жыйым алуу болжолдонбогон баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин реестрин жүргүзүү. Баалуу металлдардын, асыл таштардын мамлекетгик фондусу -мамлекеттин активине эсептелген жана мамлекеттик өндүрүштүк, илимий жана социалдык-маданий керектөөлөрдү камсыз кылуу үчүн арналган баалуу металлдар жана асыл таштар. Мамлекеттик баалуулуктар сакталуучу жай (Мамбаалуулуктар жайы) - мамлекеттик фондунун баалуулуктарын сактоону, ошондой эле келишимдик негиздерде юридикалык жактарга таандык болгон баалуу металлдарды, асыл таштарды сактоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик ишкана. Текшерип көзөмөлдөөнүн мамлекеттик инспекциясы - Кыргыз Республикасынын аймагында текшерип көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган. Баалуу металлдардын жана асыл таштардын казынасы - менчик ээси мыйзамдын күчү менен укугун жоготкон же ээси ким экендиги аныкталбаган жерге көмүлгөн же башкача ыкма менен жашырылган баалуу металлдар, асыл таштар. (КР 2015-жылдын 28-майындагы № 121 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 05.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 токтомуПостановление · 27.06.2018 · № 303
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/69/st-3" title="3-статья - Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>